УРМАТ УСЕНОВ: «БАКТЫЛУУ ЭКИ КӨРҮҮЧҮ ТҮРКИЯГА ЖОЛДОМО АЛЫШАТ»

– Урмат, азыр бир эле ырынын популярдуу болгонунан пайдаланып концерт коюу­га шашкандар көп. Сен болсо эмнегедир же­ке концертиңди эми берип жатасың...
– Мен биринчи альбомумдун даяр болушун күтүп жүргөм. Буюрса, өзүмдүн он төрт ырымдан турган альбомум жарыкка чыгуу алдында турат. Ошондуктан, жеке концертим да ушул күнгө келип такалды. Экинчиден, элдин алдындагы жоопкерчилигим үч-төрт ырым менен концерт коюуга жол берген эмес. Азыр менин бул концерттен кандайдыр бир пайда табайын деген оюм жок. Жөн гана элдин алдында бир жылдык отчётумду берейин деп жатам.
– Жарыкка чыгуу алдында турган альбомуң эмне деп аталат?
– Атын азырынча коё элекпиз. Бир ырымдын атынан аталат го. Анда жалаң сүйүү жөнүн­дөгү ырлар камтылган.
– Концертиңе чейин жарыкка чыгабы?
– Ошого үлгүрбөй калат окшойбуз. Себеби, бул альбомум Москвадан чыгат. Ошол жактан келбей жатат.
– Эмне үчүн Москвадан чыгардың?
– Ал жактан чыккан альбомду пираттык жол менен көчүрүп алууга болбойт. Мунун эң жакшы жери ушунда болду.
– Концерт уюштуруу түйшүгүн сездиңби?
– Албетте. Бирок, концертти уюштуруу түйшүгүнүн баары менин моюнумда эмес. Башка уюштуруучулар бар. Мага болсо күн сайын үч-төрттөн жумуш тапшырышат. Ошолорду бүтүргөнчө эле кеч кирет. Ошентсе да өзүңдүн концертиң болгону жатса кантип ойлонбой коё аласың? Башкалардын концертине чакырылганда кээде унутуп калып, түштөн кийин эстеген убактарым болчу эле. Азыр болсо бир нерсеге өтө эле алаксып кеткенде көп болсо он мүнөткө ойлобой турам. Калган убактарда жатсам да, турсам да мээмден чыкпайт.
– Концертте күйөрмандарыңа кандай жаңылык тартуулайын деп турасың?
– Күйөрмандарымды нааразы кылбаш үчүн колубуздан келишинче эле даярданып жатабыз. Жаңы дуэттерди жаздырдым, жаңы формалар тигилүүдө. Ырларыма жараша формаларым да ар түрдүү болот. «Жазгы жамгыр» ырыма шайкеш келген формам эми тигилип жатат. Буюрса, ошол өзгөчө болот окшойт.
– Демөөрчүлөрүң барбы?
– Бир түрк фирмасы демөөрчүлүк кылып жатат. Булардын демөөрчүлүгү менен концерт убагында лотерея түрүндө билет аркылуу оюн ойнотулат. Бактылуу эки көрүүчү Түркияга он күндүк жолдомого ээ болот.
– Урмат, сени ушул концертиңден соң сахнадан кетип, үйлөнөт экен деп уктук. Ушул чынбы?
– Мен сахнадан кете турган оюм азырынча жок. Ал эми үйлөнүү маселесине келсек, үйлөнө турган убак келип калды. Бирок... аны азырынча айтпай турайынчы?! Концерт бүтө берсин, анан көрөбүз.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 203, 22-28-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан