ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

Чынында, бул маалыматты министрге Исман кайдан алып жеткирди? Кантип эле бир адамдын жашоосундагы быкы-чыкылар, ички, сырткы сүйлөшүүлөр сыртка чыксын? Ушуну ойлонуп көргөн жан барбы? Баарынан кызыгы, балким, бул окуяга «досуңмун» деп жанында жүргөн адамдын саткындыгы себеп болуп жүрбөсүн? Бул баянды башынан эстесек, анда биздин каармандын мектеп кезинен баштап дайыма коштоп жүргөн курбусу бар. Бермет, ооба, баарын кылган ошол. Асманды алдап ала качтырган да ошол, мына минтип анын турмушундагы чындыкты, маалыматты башкага жеткирген да ошол.
Жаштайынан чогуу өсүп, дайыма жанында жүрдү, эмнегедир ийгилик Асманга гана жылмая берчү болду. Бермет курбусунун жанында өзүн пас сезчү, «эмнеге бул жетишкенге мен жетишпейм? Мындан эмнем кем? Бул тартынбай баарын тарс айтып салат, мен үн катпай калып калам» деп ичтен сызып жүрө берчү. Ал оюнан жогорку окуу жайга тапшырганда кутулган сыяктуу болгон. «Ал окубай базарлап жүрөт, мен окуп жатпаймбы» деп ошого каниет кылган. Бирок, бирок... Асман окубай туруп деле машина алды, жигит жандады, кийимден кийим тандады. А Берметте мунун баары жок. Ичинде ич күптүсү барлар, котур ташы койнунда жүргөндөр, дос деп туруп далыңдан таптап, кайра артыңдан байкатпай келип бычак урган адамдын эки жүздүүлүгү эң жаман эмей эмне?
Толмочунан келген кара кызга бир күнү Исман жолукту. Жымыйып, күлгөнү башкача. Көргөн кызды имерип алчу жүзүндөгү уячасы бар сулуу сымак жигит Бермет менен таанышты, ар кайсыны айтып ага жолукчу адат таап алды. Мына сага, «мени эч ким карабайт» деп жүргөн кезде Берметти сарсанаага салбай кыялындагы жигит кезигип отурат. Мындайда Исмандын олжосу жолунан чыкпадыбы. Асман тууралуу бүт баарын билип, анан шефине саймедиреп берди.
Асман артист болууга абдан тырыша баштады, бар күчүн жумшап шоу чөйрөдөгүлөргө жакын болгусу келди. Ушундай учурда ага кино тартып жүрчү бир режиссёр кеңеш айтып калды.
– Азыр жылдыз болуш оңой, мына көрдүңбү, Темир деген жигитти. Таланты бар, жүзү да келишкен. Кыздын баары аны сүйүп турган чак! Сени да жигиттер сүйүп, фанаттарың болушун каалайсыңбы?
– Албетте, атактуу болуш кимге жакпасын? Анан калса бала кезимден берки кыялым – ырчы болуу.
– Ал үчүн клип тартышың керек, ырды эмне угуп коё беришет, тем более сеники сүйүү тууралуу. Сүйүүнү кимдер гана ырдабаган, ырың элге жагыш үчүн сөздөрү бат жаттап
калчудай болуш керек же, тескерисинче, маңыздуу.
– Менин ырымды эл жаттап калбайт деген турасызбы?
– Клип тартып берейинби, каалайсыңбы?
Мына, Асманга эми режиссёрдун көзү түштү, бекер тартып бермек болду, кыз көндү. Биздин каарман да куу, режиссёрдун эмнени каалап, көздөп жатканын билип, «клибиме
жигитимди тартам
» деди дароо. Режиссёр макулдугун берди, эми Асмандын баш оорусу – кайсы жигитти тартат?
Квартирасынан чыгып, машинасынын чийилгенин көрүп нерви кайнап кетти кыздын.
– Сволочь десе, кайсы көзү сокур чийип кетти?!
Ачууланып, дагы кай жери эмне болду экен деп айланып жүрөт темир тулпарын. Аңгыча кыздын маңдайында Исман пайда боло калды.
– Ой!..- деди Асман жүзүн карабай туруп.
– Кечирчи, мен чийип алдым, төлөп берем, оңдоп берем!
– Көзүңө карап айдабайсыңбы, төлөп берем деп коёт!
– Кой эми ачууланба, темир эле го, эң биринчи көңүл керек, темирден да.
– Биз ушу сен үчүн темир болгон затты табыш үчүн кантип, кандайча мээнет кылып алганыбызды билесиңби? А сен кайдан билмек элең...
– Урушчаак кыз окшойсуң, төлөп берем дебедимби! Анын үстүнө сендей сулууга мындай арзан машина жарашпайт.
Машинасын чийгенин чийип алып, эми анын намысына тийчү сөздү айтканы кыздын ачуусун келтирди, чыдабады. Айлананы карап, арыраакта токтоп турган килтейген Жипти көздөй
басты.
– Могу машина сеникиби?
– Ооба, эмне түшөсүңбү, жактыбы? Кааласаң шаарды айландырып келем.
Асман колундагы машинанын ачкычы менен туура эле кара Жипти чийгилеп кирди. Исман кыздын жанына кантип жетип барганын билбей калды.
– Өй, өй, бул машина меники эмес, башканыкы дейм.
– Коё бер колумду!
– Чийбейм десең коё берем.
– Макул.
Ушинтип министрдин машинасын чийип салды. Исман кыздан муну күтпөсө керек, «муну көрсө шеф эмне дейт эми?» деп баш катырып турат.
– Бир-бир болду, бар эми кет!
– Кайда, кылгылыкты кылып коюп качкың барбы? Шефке өзүң жооп бересиң!
– Башың барбы, бар өзүң жооп бер. Мен эмес, сен биринчи менин мүлкүмдү чийдиң, анан мен сеникин!
Көпкө талашышты, акыры Исман «бул үчүн жооп бересиң» деп колун кезеп жөнөп калды. Асман болсо ачуусу тарабай, колдору калтырай машинада отурду көпкө. Магнитофонду
иштетип өзүнүн ырын угуп, анан бир ой кылт этти селкиге. «Жанакы жинди бала жылдыздуу экен, ошону тартсамчы клипке! Бирок эми аны кантип табам?» деп кайра өзүнө суроо
берип, жооп таба албай убара. Кыз бекер эле кыжалат болууда, анткени Исман аны аңдып жүргөнүнөн кабардар эмес... Кечинде үйүнүн жанынан жолуктуруп каларын билген жок.
– Ачуусу мурдунун учунда кыз, кандай?
– Жакшы! Тирүү экенсиң, «шефим соёт, жеп-жутат» деп жатканыңдан өлдү го дегем.
– Ушундай сулуу кыздын тили ушунчалык ачуу экенин билбептирмин. Капа кылдың агаңды, карындаш.
– Кечир, бирок мен оңойлук менен кечирим сурабаган жанмын, кечиресиңби?
– Килтейген машинанын куну бир ооз кечирим суроо менен бат бүтсө кана? Бир шартым бар, ошону аткарсаң...
– Мынча эмне догурунасың?! Эми мени ук, менин да бир суранычым бар, бул сунуш сага деле жагат деп ойлойм.
– Мен сенин сунушуңду кабыл алсам, сен мен айтканды аткара аласыңбы?
Бул экөө мурдагы тааныштардай сүйлөшүп, тамашалашып, бири-бирине таш ыргыта чымчып сүйлөп көпкө баарлашышты. Акыры Асмандын клибине Исман тартылмакчы болду, ал
эми кыз «сенин сунушуңду көрө жатарбыз» деп кутулду. Күлсө жылмаюусу өзүнө жарашкан, дене-мүчөсү келишкен сулуу бийкеч жигитти өзүнө тартып турду. «Ушундай ак кууну
бир чаначтын коюнуна кантип салып берем? Кантип кара көздү башкага кыям?
» деген ойдо Исмандын жан дүйнөсүнө ушул күндөн баштап бүлүк түштү.
Көп жигиттер менен сырдашып, сүйлөшкөнү менен, кыздын жүрөгүнө жылуулукту ушул Исман алып келгенсиди. Аны көргүсү келип, кез-кезде куса тартып баратты. «Жок, мен
сүйбөшүм керек, сүйгөнүм Мелиспи, булар алдамчы келишет»
деп азырынча акылына баш ийип туруп берди...
Ошентип күндөр өтүп, клип тартуучу топ шаар четиндеги эс алуучу жайлардын биринде отурушат. Режиссёрдун уламдан улам кызга көз салып отурганын көргөн Исман
кызганычтан күйүп барат. Ушундай учурда режиссёр «эми жигит экөөңдү тартабыз» деди.
Ыр сүйүү тууралуу болгондуктан, клиптин идеясында кыз-жигиттин бактылуу көз ирмемдерин беришмек. Айтылган сценарий боюнча Исман кызды жалооруп, сүйүп караш керек
болчу. «Мотор, камера, баштадык» деген сөздү укканда эле Исман кызды белинен имере тартып кучактап, чачынан сылап калды. Мындайды баары күтпөгөн, режиссёрдун
жардамчысы «бул эмне кылып жатат, эй?!» деди эле, камерадан көзүн албаган режиссёр аны тим кой дегенсип токтотуп койду. Асман менен Исмандын көз карашын азыр айтып
берүү кыйын. Мына, анык сүйүшкөндөр... Көздөр көзгө чагылышып, кыздын жүзү албырып, жигиттин курч каректери кызга тигилип турат... Экөөнүн сүйүүсү ушинтип башталды.
Шефинен «Асмандын клибин тартам» деп алган акчасынын баарын режиссёрдун колуна карматып, «рахмат, дагы иштешебиз, мен сүйгөн адамым үчүн эч нерсени аябайм» деп
Асманга көз салган бир эркектен куткарып кетти.
Бир күн көрүшпөй калса сагынышып кетишет, жигит кызга сюрприздерди жасай көңүлүн алат. Ошондой күндөрдүн биринде министр жардамчысына чалды.
– Исман, бүгүн бир кечеге барабыз, достор менен, ырчы кызың даярбы?
– Бүгүнбү, Ардак Рахимович, мен ага сиз тууралуу айта элек болчумун да!
– Мен сага эртең деп айтпай элемин, кулакты тазала, бала, кулакты. Айтпасаң азыр айт, ал мени уже тааныйт. И таанышы да керек, клибиңер бүттүбү?
Мукактанып эмне дешин билбеген жигит алапайын таппай далбастады...

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
angelo4ka_96
2013-04-01 09:48:29
kyzyk jerine kelgende..
0
aliya-leyla
2013-04-01 10:05:22
мына кызык эми эмне болор экен
0
patma.mahmud-kyzy
2013-04-01 10:51:43
кийинки санында билебиз эмне болорун
0
Ak-akak
2013-04-01 13:12:43
уфф... дагы бир жума...
0
Begimkyz
2013-04-01 16:39:01
Ии десе...
0
asel86
2013-04-01 19:22:59
Темир деген жигит деп Темир Назаровду айтып жатат го ээ
0
kuzulalay
2013-04-01 20:09:49
достор чын эле Бадыева окшойт э?кызык экен
0
aikera1992
2013-04-03 10:31:32
иии башталдыыыыы...Бадыевабы же башкабы,кыскасы Жаныл эжебиз азамат,бир ырчынынын арты менен эркектердин кандай экенин корсотуптур...озгочо жаш,сулууларды коргондо.....
0
Gulichka.milichka
2013-04-05 01:34:09
Ой соонун жерине келгенде
0
Jamalym
2013-04-05 04:09:41
Бактыгулдун биринчи клиби «Арзуунун таппай айласын,
тартамын куйут азабын
Ошондо бир соз айталбай,
Калганым арманым» деген ыры жонундо соз болуп жатат окшойт деп ойлоп койдум
0
asylzat_meka
2013-04-05 22:18:32
баарынан кызыктуу сериал "Айдай" болчу...........
0
mahabat.
2013-04-06 21:12:54
asylzat_meka, мен да ушинтип ойлойм.башкалар жон эле женил ойлуу кыздын жашоосун чагылдырган
0
eraly_kg
2013-04-07 02:52:53
asylzat_meka, Толук окуй албай калдым эле. Кантип тапсам болот?
0
admin_superstan
2013-04-08 11:53:43
eraly_kg, төмөнкү шилтеме менен өтсөңүз, сиз издеген макаланы таба аласыз.
http://www.super.kg/article/?article=11123
0
_xXx_
2013-04-06 02:07:05
ммм да!
0
Kyrkkazyk_Rinat
2013-04-06 11:25:44
Асман озу ачык айткан,жылдыздуу кыз экен(элестетип кеттим)) !)
0
sem111
2013-04-07 20:27:21
уландысы качан чыгат?
0
admin_superstan
2013-04-08 11:22:16
sem111, эмки санда.
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан