ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (1-апрелден 7-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө ийгиликти качырбаңыз. Сапаттуу буюм сатып алууга мүмкүнчүлүк болот. Шаршембиде талаш маселелерди түшкө чейин чечсе жеңил. Бейшембиде жакындардын жардамысыз көксөгөн максатка жетүү кыйын экенин түшүнүп, таасирдүү адамга кайрыласыз. Ишембиде туура эмес маалымат келип түшөт, ага баш оорутуунун кереги жок.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жеке жашоо боюнча чечим кабыл алууну артка жылдыруу керек.Сүйүүнү билдирүү же баш кошууга сунуш киргизүүгө ылайыктуу мезгил эмес. Жогорку кызматтагылар менен тил табышуу оңой болот. Шейшембиде өжөрлүгүңүз менен душманыңызды таң калтыра аласыз. Ишембиде үй-жайга кам көрүп, чарба иштери менен алектенесиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жеке жашооңузга ыраазы болбосоңуз, өзгөртүү киргизүүгө киришиңиз. Бул апта каржы маселесине байланыштуу иштерди ийгилик коштобойт. Акча алмаштырбаңыз, банкка акча салбаңыз. Бейшембиде сүйүктүү адам менен жолугушуу өзгөчө кумарданууну тартуулайт. Апта аягында бүтпөгөн иштерди аягына чыгаруу кажет. Аларды болжолдогондон эрте бүтүрө аларыңызга ишене бериңиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашоодон батыраак өзгөрүүнү күтө бербеңиз. Андан көрө жакшылап иштесеңиз, жыйынтыгы киреше алып келет. Дүйшөмбүдө иште, бизнесте ийгиликтер жылмаят. Шаршембиде таарынышкан достор элдешүүгө кол сунушат. Бейшемби кабыл алууда болуу, жолугушууларга баруу менен убактыңызды алат. Апта аягында башталган жаңы иш көп убаракерчиликти талап кыларын эске алыңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Өзгөрүүлөр баарын өз ордуна коё баштайт. Бирок ойлоруңуз чачыранды болуп, чөйрөдөгүлөр менен мамиле түзүү татаалдашат. Каржылык абал туруктуу болбойт. Кирешелер менен чыгашалар бирге жүрөт. Шаршембиде тамак-аштан ууланып калуу коркунучу бар. Жума күнү ичке толгон бугуңузду досуңузга айтып, кеңеш алууңуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Талапты өзүңүзгө анчалык катуу коё бербеңиз. Баарын сырттан карап, талдап, анан чечим чыгаруу абзел. Диета кармоону пландагандар ишке кирише берсе болот. Мезгил ылайыктуу. Шейшембиде сүйүүдөн жана акчадан жолдуу болуу сүйлөгөнүңүз менен өзүңүздү алып жүрүүңүздөн көз каранды. Бейшембиде башка адамдардын айткан сынын кулак сыртынан кетирүүгө аракет кылыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жашоодон эмне күтөрүңүздү талдап, ошого жараша максатка умтулуу керек. Баамчыл жана так болсоңуз, өз каалооңузду ишке ашыра аласыз. Дүйшөмбүдө иштерди бүткөрүүгө жетишпей, сырттан жардам сурайсыз. Жума күнү күтүүсүз кырдаал үй-бүлө мүчөлөрүн араздашууга жеткириши ыктымал. Жекшембиде маданий жайлардын бирине баш багууңуз күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Апта башында компромисске баруу кажет. Коюлган максатка оңой жетүүнүн жолун табууңуз да керектелет. Шейшембиде каржылык ийгилик сиздин туура ойлонууңуздан көз каранды. Ишемби акыл менен да, кара күч менен иштөөгө да ийгиликтүү. Жекшембиде үйдөн сырткары эс алыңыз. Мүмкүн, табият койнуна барасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Дүйшөмбүдө иште чыр салуудан качыңыз. Мындай абал эмнеликтен келип чыккандыгын анализдеп, сиздики туура же туура эмес экендиги боюнча жыйынтык чыгарыңыз. Шейшембиде азгырыктуу сунуштарга жетеленбөө керек. Бейшембиде көптөн күткөн жаңылыкты, кабарды угасыз. Дем алыш күндөрү кайсы бир окуядан улам жашоо образын өзгөртүү керек экендигин түшүнөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жагымсыз адамдар сизди тең салмактан чыгарууга аракет кылышат. Алардан алыс болуңуз, провокация чыгарууга даяр. Жетекчиликтин каарына калбоо үчүн жумуштарды кийинкиге калтырбай, убагында бүтүрүү кажет. Аптада жакындарыңыздын таасири менен жашооңузга өзгөрүүлөр кириши мүмкүн. Жекшембиде шашып жатып, бир буюмдарды бүлдүрүп алуудан абайлоо зарыл.

Суу куяр (21.01-19.02)
Аптада күтүлбөгөн жагымсыз кырдаалга туш болосуз. Анчалык кейип-кепчибей, батыраак унутууга тырышуу кажет. Дүйшөмбүдө үй, мурас иштерине аралашууңуз мүмкүн. Бейшембиде канча чуркасаңыз да иштин жыйынтыгы болбойт, андыктан бул күндү өзүңүзгө арнаганыңыз оң. Жума чоң буюм сатып алууга ылайыктуу. Дем алыш күндөрү кумар оюндарына аралашпоо зарыл.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Ийгилик кайсы ишке киришсеңиз да жылоолойт. Туура жолдо баратканыңызга апта ичинде көзүңүз жетип, кубанасыз. Күмөн санаткан сунуштардан баш тартыңыз. Ошондо апта акырында туура кылганыңызга ыраазы болосуз. Бейшемби салык, төлөм дегендер капчыгыңызды жукартмакчы. Ишембиде баарын жыйыштырып, эс алууну пландаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан