КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова:«ЭКИ КЫЗЫМ БИРДЕН БАЛДАРЫН БЕРСЕ,ЖАЛГЫЗ КАЛБАЙМ»

Уккулуктуу ырлары менен угармандарын сугарып келаткан КРнын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова дале жаш бойдон. Өзүнүн «фирменный» жылмаюусунан жазбаган ырчы айым кызыктуу маек куруп берди.

– Кандайсыз, Динара эже, акыркы мезгилде фестиваль, кароо-сынактарга байма-бай каттап калдыңыз да...
– Жакшы. Бизде «Атың чыкпаса жер өрттө» деген сөз бар эмеспи, өлкөбүздө тез-тез болуп турчу митингдерденби, спорт өкүлдөрүнүн артынанбы же ырчыларыбыз тааныттыбы, айтор, дүйнө эли бизди жакшы эле билип калыптыр. Менимче, ызы-чуу болуп отуруп таанылдык окшойт (күлүп). Үстүбүздөгү жылы Түркиянын Стамбул шаарында, андан ары Трабзон шаарында болгон сынак-фестивалдарга катышып келдим. Артисттер үчүн мындай нерсе абдан керек. Анткени аталган эл аралык масштабдагы фестивалдарда гана артист өзүнүн талантын баалаганга мүмкүнчүлүк алат. Уюштуруучулар бир гана аткаруучуну чакырышкандыктан, 3 фестивалга жалгыз бардым. Эми мамлекетке кайрылайын деп жатам «жок дегенде жаныма бир жардамчы кошуп бергилечи» деп. Антпесем, башка өлкөлөрдөн барган катышуучуларды продюсери же үн режиссёру коштоп барышат экен.

– Башка өлкөлөрдүн аткаруучуларын биздики менен салыштырып көргөн чыгарсыз?
– Чет өлкөлөрдө шарт жакшы түзүлгөн, үн жаздыруучу студиялары күчтүү, сахна жасалгасы көз жоосун алат. А бизде ырдап чыкчу сахналар саналуу эле, филармония, Спорт Ордосу. Айланып беш-алты кафе, ресторанда ырдамай. Анан «эмнеге бизде андай студиялар жок, жандуу концерттер аз болот?» деген толгон-токой суроолор туулат. Биздин искусствонун деңгээлин көтөрө турган азыркы жаштар. Ошолорго колдоо көрсөтүп, көбүрөөк чет өлкөгө кароо-сынактарга жиберишибиз керек. Биз жаш кезде андай мүмкүнчүлүк жок болуп, мына эми барып жатпайбызбы.

– Акыркы жолку концертиңизде нааразы болгон күйөрмандарыңыз чыкты эле. Концертиңиз кандай болду?
– Акыркы туулган күнүмө карата өткөргөн жеке концертимде 30 жылдан бери ырдап жүргөн ырларымды жаш аткаруучулар аткарышкан. Негизи эле концерт уюштуруу канча моралдык, физикалык эмгекти талап кыларын ырчылар, силер да жакшы билесиңер. Сахна жасалгасына эле 1 айдай кетти. Ошончо эмгек кылып концерт бердим, мен ойлойм, жакшы эле болду деп. Бирок силердин
www.super.kg порталыңардагы сурамжылоодо бир эженин жообу көңүлүмдү суутту. «Концерт такыр жаккан жок!» деп басып кетип жатат. Мен бирөөнү мажбурлап алып келген жокмун да, туурабы? Анан да «өзү аз ырдап койду» деп айтышыптыр. Мен ар бир чыкканымда 4төн ыр ырдап жаттым. Сахнага чыккан ырчылардын баары менин аткаруумдагы ырларды ырдап жатышты, ошол азбы?

– 30 жыл сахнада жүрүп эмнеге жетиштиңиз да, эмнеге жетишпей арманда калдыңыз?
– Чыгармачыл адамдар дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөбүз. Менин жетишпей калган нерселерим өтө көп. Биринчиден, турмуштан көп кыйналдым.Өзүм жалгыз кичинекей 3 кызымды көтөрүп эмизип, гастролдоп жүрүп чоңойттум. Аларга ата да, апа да болуп тарбия бердим, окуттум-чокуттум.
Улуу кызым Мэри Дина турмушка чыгып, 2 неберелүү кылды, жакында үчүнчүсүн төрөгөнү турат. Азыр жолдошу экөө беш маал намаз окуп, өзүнчө очор-бачар болуп калган кез.
Маликам быйыл жогорку окуу жайга өттү. Бала кезимден бийге кызыкчу элем, ошого мен кыла албай калган нерселерди кылсын деп Маликаны 5 жашынан бийге бердим. Кызым учурда Стамбулда, жаштар арасында чыгыш бийи боюнча сынакта жүрөт.

– Бир жылдары «эркек бала багып алсам жакшы болмок» деп айтып калдыңыз эле...
– Ажырашкандан кийин апам «турмушка чыгып, балалуу болуп ал» деп айтып жүрдү. Бирок негедир кыздарым кичинекей деген коркуу сезими болуп кетенчиктедимби, айтор, убакытты текке кетирип жүрө берипмин. Кыздарым чоңоюп, Гүлмира абдан көңүлүмдү оорутуп кетти. Ошол кызды 11 жыл бактым, бала багуу кандай кыйын экенин ар бир эне билет. Багып чоңойтуп, сахнага алып чыгып койсом, жүзүн буруп апасы менен басып кетти. Андан бери көп жыл өтсө да, «апа, кандайсыз?» деп кайрылып келген жок.
Азыр Малика да мени алдап жүрөт «апа мен турмушка чыкпайм, сизди багам» деп (күлүп). Чын, кыз баары бир башкага бүлө болуп кетет экен деп балдар үйүнө барып, уул багып алайын дегем. Бирок энем «эмне кыласың бөтөндү, эртең небере багасың» деп жубатып койду. Бирок азыр «ошондо эле көк беттенип бала багып алсам болмок экен» деп кейип калам.

– Жалгыздыктан коркпойсузбу?
– Ошо жакындап келатат окшойт, ха-ха. Мен баары бир жалгыз эмесмин, эл бар, журт бар. Эки кызым бирден балдарын берсе жалгыз калбайм (күлүп).

– Мурунку жолдошуңуз Абдымалик Шерматов бизге берген интервьюсунда сизди сыр ката албаган айымдардын катарына кошту эле. Таарынган жоксузбу?
– Абдымалик экөөбүз тууралуу баары жазылып бүткөн. Ажырашканыбызга көп жыл болду. Экөөбүздөн жаралган кызды чырактай кылып өстүрүп койдум. Абдымалик жалган эле бир нерселерди ойлоп таап айтыптыр. Эркек кишиге мындай сөздөрдү айткан туура эмес. Мен ал киши жөнүндө бир дагы жаман кеп айткан эмесмин, азыр да айтпайм, буга эл тараза.
Орусиядагы концерт боюнча: Абдымалик уюштурган концертке Малика экөөбүз барганбыз. Ошондо сахнадан мен ага «Малика төрөлгөндө бир көрдүңүз эле. Кызыңыз чоңоюп, ушул даражага жеткенде бир көрүп жатасыз. Кызыңыз менен сыймыктанасызбы?» десем, «албетте, сыймыктанам» деген. «Малика ата мээримин көрбөй чоңойду, мындан ары кызыңызга көз салып, батаңызды берип коюңуз» дегенде өзү эл менен кошулуп сахнадан батасын берген. Анан берген маегинде анча-мынча туура эмес сөздөрүн айтып аша чаап кетиптир. Бул окуяга эл да күбө. Шайырды да жамандаптыр. Шайырдын жакшылыгынан азыр Абдымаликтин кыздары Мээрим менен Малика жакшы мамиледе, чалышып-сурашып бир тууган катары сүйлөшүп турушат.

– Малика менен атасын катташтырбайсызбы?
– Мен Маликага эч качан «атаң менен жолукпа» деп бут тоскон эмесмин, бул нерсени Маликанын өз чечимине койдум. Ал деле кичинекей кыз эмес, атасынан бөлөк өскөн кыз болсо, анын колдоосун көрбөсө, апасын жамандап ушинтип маек берип жатса кантип катташсын?!

– Жашооңуздагы бут тосууларды, тоскоолдуктарды, ээрчиген ушак кептерди кантип жеңип келесиз?
– Жаман сөздөр, ушак кептерди мен аябай көңүлүмө жакын алам. Бизде муну «депрессия» деп коёт эмеспи. Ичиме катып жүрүп-жүрүп, анан унчукпай калат экенмин, сүйлөбөй. Анан акырындан өзү өтүп кетет. Мен эзели ушак айткандарга каяша айтып, беттен алып жетип барган эмесмин. Энем айтчу «балам, унчукпасаң баарынан кутуласың» деп. «Ал сени жамандаган жок, өзүн-өзү жамандап жатат» деп айтчу. Мен эң күчтүү адаммын, мен бир гана ишим менен ким экенимди көрсөтө алам. Калганын Кудайга койдум.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жалгыз калуудан коркпойм" дейт Динара Акулова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
gulia90
2013-04-01 13:38:59
Москвада концертинде мен болгом, Динара эженин создору туура. Аялды жамандаган эркекти эркек катары санабайм , жакшы болсо бир адам менен калмак да.
0
tea23
2013-04-03 20:18:02
gulia90, туура кошулам. Абдымалик бир нече жолу ажырашыптыр демек мунозу татаал болсо керек эч кимиси менен тил табыша албай
0
Yamur
2013-04-01 13:52:56
биз сизди дайыма колдойбуз,дайыма шайыр журунуз сизди коро албагандар учун да!
+1
Talantchyngyz
2013-04-01 15:01:32
мен да Абдымаликтин интервьюсун окуганда эсим ооп калган эркек башы менен ушу создорду кантип айты деп, Шайыр эжени да Динара эжени да жамандап ой тобо, учунчусун мактап жазыптыр эле эмнегедир ишенген жокмун, аны деле бир куну жамандап баса берет да балтайган эки элге таанылгындырды уялбай жамандап аткандан кийин, мага Динара Аклованын ырдап жаткандагы келбети жагат, жашоодогу журум турумун коп жактыра албайм (высокомерная) деп ойлойм
+1
asan91
2013-04-01 15:01:44
Азаматсыз сиздин адамдык сапатынызды баалайм
0
aika2009
2013-04-01 21:09:17
меридина деген кызы да аябай сулуу дешеттер,бир суротун корсотуп койбойсунарбы?
0
Apsi
2013-04-01 21:47:20
bilbeim,Abdymaliktin eki kyzy ten abdan suluu bolup chonoidu!antkeni chyn suiuudon jaralgan baldar abdan chyrailuu boluwat!!!!baw kowkondon kiyin ech kimdi ajyrata korbo jaratkan!!!!
+1
Kg.lady
2013-04-01 22:54:45
Ар кимдин оз жашоосу бар,аны сындаганга акыбыз жок.Бирок,бул жашоодо тугойунон ажырап,балдарын канаттууга кактырбай оз кучу менен эрезеге жеткизип,тууруна кондуруп койгон аялдарды эн кучтуу аял деп билем
+1
aykowa
2013-04-02 00:28:54
iygilik sizge
0
zamko
2013-04-02 03:52:08
Azamat tatinakai suluu ayal Abdimalik alladhty emne kilat Aman bol baktyluu bol Dinara eje
0
Bahar
2013-04-02 04:07:14
Dina ejekebiz suluu jana akilduu ayalzati desem janilishbaym,kichinekeyimden beri kumir tutam ejeni.Yrlari da ukkuluktuu , bargan sayin dagi da suluu bolup baratasiz goz tiybesin tuf,tuf, tuf.Ishinizge iygilik.Kizdariniz aman bolsun
0
Leili
2013-04-02 14:46:10
мага динара эже абдан жагат малика да жагат силерге ийгилик калайм ар дайым бар болгула чыгармачылык ийгилик каалайм
0
senchi
2013-04-02 15:48:32
Динара эжеге рахмат айткым келет, чыгармачылыкта эле ийгиликтуу аял эмес, Аялзаты катарында да ийгиликтуу экенсиз, себеби 2 кызды багып остуруп, жана да жан дуйнонун тазалыгын, аялдын аялдыгын сактап келесиз
0
Pearl.06
2013-04-03 12:26:42
Динара мен сизди ичинде кири жок адам деп баалайм,сыйлайм.эл кубо Гулмираны кандай адам кылдыныз.Кудай тараза.
0
chyna_kg
2013-04-03 12:39:18
Динара эже Абдумалике салыштырмалуу эркек муноз экен. Ийгилик каалайм эжеге.
+1
jibeka_foreve.live
2013-04-03 17:53:42
Динара эже иштеринизге ийгилик сиздей аял заты дуйнодо кобойо берсин. Абдумалик болсо уялбаст Шайыргул эже менен Динара эжени жамандап азыркы аялын мактап интервью берип журот бул кылганы эркектин иштеп эмес ошондон коро кыздарынын турмушун ойлосо болмок эртен эле кыздары да куйоого тиет бироону жамандаганча ошолордун бактысын ойлобойбу.Динара эже сиз эч качан конулунузду тушурбон биз ар дайым сизди колдойбуз
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан