Дэвид Тетте, Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу: «КЫРГЫЗ КЫЗЫН СҮЙГӨНГӨ НЕГЕ БОЛБОСУН?»

Футболчу Дэвид Тетте Кыргызстанда экинчи ирет атактуулук Олимпине чыгып отурат. Буга чейин 2010-жылы Тажикстанга качып кетип талкуу жаратса, бул жолу Кыргызстандын курамынын командасына алынды. Болгондо да Макао (1:0), Пакистан (1:0) жана Тажикстан (1:0) командаларына бардык голдорду ушул жигит киргизип, команданы АФКнын чакырык кубогунун финалдык баскычына алып чыкты. Азыраак сүйлөп, көп күлгөн Дэвид учурда «Дордойдо» ойноп келет.

ТЕТТЕ ДЭВИД БРЮС
Лакап аты
– Дэвид ТТ
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 10-август
Туулган жери – Аккра шаары, Гана
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Амплуасы – Чабуулчу
Учурдагы клубу – «Дордой»
(Бишкек)
Жетишкендиктери – «Дордойдун» курамында Кыргызстандын 5 жолку чемпиону, АФКнын президентинин кубогунун жеңүүчүсү
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт

– Дэвид, Кыргызстан мелдеште 3 командага бирден гол киргизди. Бул 3 голдун тең автору сизсиз. Ошол учурда кандай сезим болду?
– Мен гол киргизгенде трибуна толкуп жатты. Биринчи жолу Кыргызстандын курамында мелдешке чыгып жатсам да, мени бир топ киши таанып калыптыр. Стадиондо көп кишинин алакан чабуусу менен кетип жаттым. Улуттук курама командада ойногон мага жакты. Интервью берип, көчөдө көп кишинин көңүл борборунда болуп жатам.

– Балким, Кыргызстандын курамында мыкты дебют жасаганыңыз үчүн сүйүнгөндүрсүз...
– Сүйүнүү эмес, сыймыктануу болду. Мен эми кыргыз паспортун алып, Кыргызстандын жараны болдум.

– Кандайча Кыргызстандын жарандыгын алып калдыңыз?
– Биринчи өлкөнүн мыйзамындагы «мынча жыл жашагандан кийин берилет» деген мөөнөттү толтурдум. 7 жылдан бери Кыргызстанда жүрөм да. Кайсы бир өлкөнүн жарандыгын алган соң ФИФАнын (Бүткүл дүйнөлүк футбол федерацияларынын ассоциациясы) жобосу боюнча ошол өлкөнүн формасын кие берсең болот.

– Кайсы командага каршы ойноо кыйынчылык туудурду?
– Тажикстан. Оюндун алдында бул команда менен катуу оюн болорун билгенбиз. Мен билем, Тажикстанда футбол кандай өнүккөнүн. Команда күчтүү. Көрсөңүздөр, 2 команда тең бири-биринин дарбазасына көптөгөн чабуулдарды жасады. Оюндун тагдырын бир гана гол чечип койду. Тажикстандын командасында менин жердештерим, досторум ойношот.

– Кыргызстан үчүн ойноп жатканыңызды Ганадагы жакындарыңыз, дос-туугандар кандай кабыл алышты?
– Жакшы. «Дэвид, азаматсың!» деген гана сөздөрүн айтышты. Кыргызстанда өзүмдү эркин сезип калганымды алар жакшы билишет. Кыргызстанда өткөргөн 7 жыл ичинде көп нерсени көрдүм, билдим. Бирок мен үйрөнчү дагы көп нерсе бар.

– Учурда «Дордойдо» ойноп жатасыз. Буга чейин кайсы клубдарда ойнодуңуз эле?
– Мен, негизи, карьерамды ганалык «Гана Старс» командасынан баштагам. Анан 2004-жылы Орусиянын Биринчи Лигасында ойногон «КамАЗ» футболдук клубунда ойнодум. Ал жерде 2 сезон ойноп, анан «Дордойго» келип калгам. «Дордойдун» футболдук агенттери мени менен кошо Даниэл Тэгону да чакырышкан, экөөбүз тең ушул жердебиз. «Дордой» бизге жакшы шарттарды түзүп, мыкты деңгээлге көтөрүлүүгө көмөк көрсөтүп жатат.

– Кыргыз футболунун өсүшү боюнча кандай ой айта аласыз?
– Кыргызстан – футболду сүйгөндөрдүн өлкөсү. Бирок улуттук курамдын оюндарынын жана ички клубдук мелдештердин деңгээлинин жайыраак өсүп жатканы оюн тажрыйбасынын жоктугунан улам. Лигада көбүрөөк команда ойносо, футбол Кыргызстанда да батыраак жолго коюлмак.

– Футбол менен кантип таанышып калгансыз? Үй-бүлөдө канча киши бар жана алардан кимдер футболго кызыгат?
– Футболго кичинекей кезимден тарта аралашкам. Бардык африкалык үй-бүлөдө чоңойгон балдар сыяктуу эле көчөдө жылаңаяк футбол ойночубуз. Биздин үй-бүлөдө мени менен катар эле агам да футбол ойнойт. Ата-энем да футболду жакшы түшүнүп көрүшөт. Мен Кыргызстан үчүн жеңиш голдорун киргизгенимди ошол агам көрсө жакшы болмок.

– Өзүңүз футбол боюнча өткөн ири мелдештерди көрөсүзбү?
– Албетте. Мен Германия курама командасынын оюнун баалап көрөм. Команда футболдун жогорку чеберчилик менен аткарылган ыкмаларын көбүрөөк колдонот. Ал эми клубдардан мадриддик «Реалга» күйөрмандык кылам.

– Жеке жашооңузга баш бага кетели. Качан үйлөнөсүз? Кыргыз кызын сүйүп калсаңыз эмне кылат элеңиз?
– Хе-хе. Кыргыз кызын сүйгөнгө неге болбосун? Мен эми Кыргыз Республикасынын толук кандуу жаранымын да. Кыргыз кызын сүйүп калсам, кандай чечим чыгарарымды билем. Бирок азырынча айтпай эле коёюн. Негизи, жакындарым билишет, жакында үйлөнөм.

«ТЕТТЕ – МЫКТЫ БОМБАРДИР»
КАНАТ АСЕНОВ, КРнын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы:
– Дэвид Тетте буга чейин 2009-жылы Кыргызстандын Лигасында «Мыкты бомбардир» аталган. «Дордойдо» көп убакыттан бери ойноп келет. Аны курамга алгандар туура чечим чыгарышкан. Мына, ал 3 оюнда тең гол киргизип, өзүнүн гол киргизүүгө жөндөмдүү экенин далилдеди.

СЕРГЕЙ ДВОРЯНКОВ, Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу:
– Биринчиден, бул жеңиш менен куттуктайм. Оюндар боюнча дээрлик футболчуларга нааразычылык жок. Дэвид Теттеге Кыргызстандын жарандыгын бергендерге алкыш айткым келет!

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дэвид Тетте: "Кыргыз кызын сүйгөнгө неге болбосун?"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
altinim
2013-04-02 11:49:53
иие айланайын десе, кыргыз кызына бирле сен жетишпей аттынле кытай турк башкасы бутуп
+1
senchi
2013-04-02 12:06:39
ийгилик кара кырыз, бирок озуно окшогон эле кара кызга уйлонсо жакшы болот эле
+1
Baichechekei2011
2013-04-04 22:59:34
senchi, birok Afrikalyktar menen aktardyn ortosunan chykkan baldar abdan suluu bolushat!
0
antivir
2013-04-02 19:23:04
нигер молодец!
0
Baichechekei2011
2013-04-04 22:55:17
antivir, antip diskriminazia kylyp kempsintpe! Al dagy Kudaidyn pendesi! Kara kyrgys ele!KG uchun ijgilik alyp kelip jatsa sen any kemsintpe! Ujat bolot!
0
kuba.kg
2013-04-03 01:59:22
азаматты корсотпойтко
0
maksimus
2013-04-03 17:49:28
kuba.kg, al kaida
0
OMG
2013-04-03 09:56:07
Zato bul uje Kyrgyz
0
_xXx_
2013-04-06 12:42:11
OMG, ушу сен соо эмессин!
0
_xXx_
2013-04-03 19:33:47
жакшы дечи, бирок кыргы кызына тийишпей эле кой, башкалар эле жакшы жетишип ашып да баратышатго!
0
_xXx_
2013-04-03 19:38:52
окей нигер! Тушунбосо которуп берип койгула! Озунун эле кара кыздарынан алсын!
0
best-life
2013-04-04 09:42:29
Ой кебетен менен, бирок биздин кыкендердин кыздары ушул маймылдын счетунда коооп миллиондогон долларлар бар десе маймылды деле суйуп калдым деп тийип алуудан кайра тартышпайт )))
+3
aziret_voin
2013-04-04 13:44:55
best-life, Сен биринчи озуно кара анан башканы сына, кыргыздын кыздарын эмне деп ойлоп жатасын? Же сени бир кыргыз кызы карабай койдубу?...
-1
Baichechekei2011
2013-04-04 22:57:13
best-life, erkektin suluusu keregi jok kysdarga. Suluu erkek menin kuoom emes deshet. Andan koro jakshy adam bolup ele ancha myncha ele maimyldan suluu bolso jara beret. Suluulugun chaiga koshup ichmek belen erkektin.
0
altinim
2013-04-05 22:39:13
best-life, кыргыздын кыздарын жпга чыгарып койдунго акча учун баарына даяр деп , ойноп суйлосон да ойлонуп суйло , анчалык эле катуу озубузду озубуз жерге чаппайлы туугандар
0
OMG
2013-04-06 06:00:01
Мен например тиймекмин анын эмнеси бар экен ооба мен кыргызмын бул деле Кыргыз кара экен ну и что :) зато балдарым сулуу не обычный митись болмок :)
0
OMG
2013-04-06 06:06:38
Кыргыз кыздарына тийбе дейсин го бул кыргыз болуп эмнеге тийбесин сен деле кыргызсын сен деле тийбе анда кыргыз кыздарына!!! Ар кимдин жашоосу озунун колунда, мен суйундум кыргыз болгонуна башкалар мекенин сатып кетип атышат ко а бул келип и еще футболдун мыкты оюнчусу болуп атат :)
0
_xXx_
2013-04-06 12:40:56
OMG, кандай кыргыз бул? Сен кызыксынго,
0
OMG
2013-04-08 03:10:47
_xXx_, сен жаман болунот экенсин наоборот кошкондун оордуна болосун го :( негатив кообурок экен сенде позитивттерди да кошуу керек.
0
maestro123
2013-04-07 18:47:02
Девид азаматсың.! Оюндарыңды көрдүм браво!!! Алга кыргыз футболу!!!
0
maestro123
2013-04-07 18:49:23
Өзүбүздүн да жергиликтүү оюнчулар бар экен мыкты ойногон аларга да алкыштар болсун!!!
0
OMG
2013-04-08 03:08:16
Кыргыз жараны болгондон кийин кыргыз да.
0
ulushka
2013-04-10 17:46:27
kyrgyz kyzyna tiyishpe kara brat
0
admin_media
2013-04-20 01:38:12
YMYT - эскертүү!
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз жашырылды.
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан