МЕЧИТКЕ МУКТАЖБЫЗБЫ ЖЕ МЕКТЕПКЕБИ?

Совет доору ыдырап, эгемендүүлүккө эгедер болгондон тарта өлкөбүздө дин эркиндиги пайда болду. Анын жыйынтыгында мечит жана медреселер жети дубанга көп салынып баштады. Албетте, мечиттер көбөйүп, мекендештерибиздин ыйман жолуна түшүп жаткандыгы көңүл кубантарлык көрүнүш. Бирок көптөгөн ата-энелер уул-кыздарын жалаң гана дин боюнча сабаттуу кылгылары келип, орто билим берүүчү мектептерге окутуудан баш тартып жаткандыгы өкүнүчтүү.

КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН...
1981-1982-жылдары Кыргызстанда 1734 орто мектепте 909 миң 600 окуучу билим алган. Ал эми 2001-жылы 1975 мектепте 1 миллион 111 миң
окуучу окуган. Бүгүнкү күндө республикада 2205 мектеп бар жана анда 1 миллион 15 миң
окуучу окуп, аларга 74 миң мугалим билим берет.
Ал эми 1990-жылдары Кыргызстанда 34 гана мечит бар болсо, 20 жыл аралыгында бул көрсөткүч бир топ өсүп, учурда өлкөдө каттоодон өткөн 1900дөн ашуун мечит, 67 медресе (окуучулардын так саны жок) бар.

СООП ҮЧҮНБҮ ЖЕ КАДЫР-БАРК ҮЧҮНБҮ?
Акыркы учурларда аткаминерлер менен колунда барлар арасында атаандашып өз айылдарына мечит салдыруу модага айланып бараткандай. Ошонун жыйынтыгында, жогоруда көрсөтүлгөндөй, мечиттин саны күн санап өстү. Мечит салдырсаң, бул –
сооп иш кылгандык. Ошол эле учурда мектептин жоктугуна байланыштуу кээ бир айылдарда окуучулар «Дүйшөндүн мектеби» сымал чатырларда, эски сарайларда окуп жатышат. Албетте, мектеп салуу – өкмөттүн милдети деңизчи, бирок ушундайда заңгыраган мечит салууга акчасын аябаган азаматтарыбыз кайда кетет?! Же мектеп салуу сооп иш эмеспи? Балким, мечит салуунун артында кандайдыр бир саясат бар болуп жүрбөсүн? Кээ бири чындап эле «мусулмандык парзымдан кутулуп, сооп табайын» деп мечит салдырат. Кээ бирлери өзүнүн саясаттагы кызыкчылыгы үчүн, тагыраагы, шайлоо алдында мечит салуу менен элдин добушуна ээ болууну, ал аймакта таасирин сактап турууну көздөп жүрбөсүн?
Эми кептин нугун мектепке буралы. Өлкөдө ислам дининин кеңири кулач жайышы менен мектептерде анча-мынча көйгөйлөр жаралды. Себеби динге берилген айрым ата-энелер балдарынын да дин жолуна түшүшүн каалап, мектепке окутуудан баш тартышууда. Мектептеги окуучулардын бирдиктүү формасы боюнча (мектепке хиджаб кийип келүү жана башка) түшүнбөстүктөр жаралган фактылар бар.
Ислам дининде Алла Таала пайгамбарыбызга эң биринчи «оку!» деп буйрук бергендиги айтылат. Ар бир мусулман баласы ислам дини менен катар башка да илимдерди окуп, сабаттуу болууга умтулуусу керек.

«ЗАМАНБАП МЕКТЕПКЕ МУКТАЖБЫЗ»
Азыркы тапта мектептердин абалы кандай? Жалпы билим берүү тармагы менен диний билим берүүнүн айырмачылыктары тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын катчысы КЕРЕЗ ЖУКЕЕВАдан жооп алдык:

-Конституцияда белгиленгендей, биз светтик мамлекетпиз. Албетте, диний өлкө менен светтик мамлекетте иштеп жаткан мектептердеги жалпы билим берүү окшош эмес. Жалпы билим берүү тармагына мыйзам чегинде кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилсе деген ойдомун. Себеби мектептерде жоолук салынуу, хиджаб кийүү тууралуу маселелер менен арыз жазгандар акыркы 2 жылда көбөйүүдө. «Мектеп окуучулары асты кара, үстү ак форма кийсин» деген атайын устав бар. Бул социалдык теңчиликти камсыздаган эреже болуп эсептелет. Ошол эле учурда биздин министрликтин «мектепке окуучулар жоолук, хиджаб кийбесин» деген так кесе буйругу да жок. Биз андай маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылабыз.
Ал эми балдарына «жалаң дин жолун үйрөтөм» деп мектепке жибербей койгон ата-энелерге жеке жаран катары айтарым, мыйзамдагы нормаларга ылайык, сиздин балаңыз сөзсүз түрдө жалпы билим берүүчү мектептерде окушу зарыл. Жок дегенде «9-классты бүттү» деген күбөлүк алып чыгышы керек. Ар бир бала өзүнүн жашоосун өзү чечкидей, башкача айтканда, акыл-эси толук, «окуйм» же «иштейм» деген ажырымды биле алганга чейин мектепте окуусу абзел.
Мечиттердин же медреселердин билим берүү системин көзөмөлдөөгө биздин акыбыз жок. Азыр колунда бар адамдар мечит салып жатышат. Албетте, мечит салууга каршы эмесмин, бирок ошол эле кезде балдарыбыздын да келечегин ойлошубуз керек. Бүгүнкү күндө заманбап үлгүдөгү мектептерге, техникалык жабдууларга муктажбыз. Колунда бар адамдарыбыз мектеп салууга жардам бербесе да, окуучуларга окуу куралдары, заманбап техника жагынан жардам көрсөтүшсө жакшы болмок.

«МЕЧИТТИ ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН САЛСА – КҮНӨӨ»
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мечит-медреселер бөлүмүнүн жетекчиси ЮСУП БАЛТАБАЕВге бул маселе боюнча кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
-Калк арасында балдарын «мектепке окутпастан, медреседе окутам» деген ата-энелердин жоругу азыр көйгөйлүү маселеге айланып баратат. Биз ага каршыбыз. Ислам дини боюнча сабак алууда дагы өзүнүн эрежелери, тартиптери болот. Шарият боюнча деле жалпы дүйнөлүк билим алуу – парз. Эмне үчүн медреселерге биз 9-класска чейинки билими бар балдарды гана алабыз? Себеби бала светтик билимге ээ болбосо, динди таратууга ылайыктуу кадр болбой калат. Эгер мектептеги билим берүү программасына ыйман сабагы 1-класстан тарта киргизилсе, окуучу ыйман, дин тууралуу билим алып, бул көйгөй өзүнөн-өзү чечилмек деп ойлойм.
Мечиттер тууралуу айтсам, азыр көп эле адамдар мечит салып жатышат. Мындан тышкары муфтият ортомчу болуп, сырттан келген инвестициялар аркылуу да мечиттер курулууда. Негизи, мечитти сырттан келген уюмдар эмес, өзүбүздүн уулдарыбыз, муфтият өзү же мамлекет салганы жакшы. Себеби сырттан келгендер мечит тургузуп бергени үчүн кандайдыр бир шарттарды коюшу мүмкүн.
Шарият боюнча мечит, мектеп, көпүрө сыяктуу элге жардамы тийген нерселерди салса, сообу чоң. Биз мектепке да, мечитке да муктажбыз. «Беш кол тең эмес» дегендей, мечит салгандардын арасында өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөндөрү да бар. Бул жакшы эмес. Эгер мечитти өзүнүн кызыкчылыгы үчүн салса, анда ал адам Кудай алдында күнөөкөр болот. Бирок муфтияттын өзүнүн саясаты боюнча ошол салынган мечитте муфтиятта иштебеген же сырттан келген адамдарга микрофон берилбейт. Ар кандай саясатты жүргүзгөнгө тыюу салынат.

«САНЫНА ЭМЕС, САПАТЫНА КАРАЙЛЫ»
Философия илимдеринин доктору АБДИРАШИТ БАБАТАЕВ:
-Чынын айтканда, мектеп менен мечиттерди бири-бири менен салыштыра тургандай карама-каршылыктуу жагдай болбош керек. Анткени мечиттердин санынын көбөйүүсү – мектептердин санынын азаюусуна алып келбейт. Мечиттердин курулуусуна салым кошкон айрым адамдар, мектептердин, ар кандай социалдык объектилердин да курулуусуна колдоо көрсөтүп жүрүшөт. Мечитти куруу бул – ар бир жарандын милдети эмес. Бирок мектепти куруу – мамлекеттин түздөн-түз милдети. Саны жактан мектептер менен мечиттерди салыштырып кароодон көрө, сапаттык жактан мечиттер менен мектептер өздөрүнүн милдетин канчалык деңгээлде так аткарып жатканын кароо көбүрөөк мааниге ээ.

«МОДА ЭМЕС, ЭЛДИН ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН МЕЧИТ КУРГАНБЫЗ»
Ал эми мечит салган депутаттар эмне дейт?

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ,ЖКнын депутаты:
-Мечит менен мектепти бири-бирине каршы койбошубуз керек. Бирок муктаждык жагынан карай турган болсок, албетте, 1-орунда мектепке муктажбыз. Акыркы кездерде мечит салуу да саясаттын чордонуна айланып кетти. Колунда бар мекендештерибиз бир гана мечит эмес, социалдык жакка да жардам беришсе. Мындан тышкары мечитти салуунун да эрежелери болсо, мектептин же дүкөндүн жанына салынбаса жакшы болмок. Мен да элдин өтүнүчү менен 3 айылга мечит салдырдым. Экөө жакшы иштеп жатат, бирок бирөөсүнө сабаттуу, ылайыктуу имам таба албай койгонбуз. Ошол себептен имамдарды даярдоо жагына да көңүл бурсак.

КУРМАНБЕК ДЫЙКАНБАЕВ, ЖКнын депутаты:
-Биринчиден, мектеп салганга муктажбыз. Себеби балдарга билим берип, андан соң гана мечит салып, ыйманга үйрөтсөк. Мечит салган соң санына эмес, анын сапатына да көңүл бурулса. Мечиттерде тазалык менен тартип болуш керек. Кээ бир мечиттерде жадакалса кар күрөлбөйт. Ал жакта жакшы аура болуп, адамдар ичип алып же кир кийимчен барбаш керек. Мен да 1997-жылы Түп районуна караштуу Орто-Өрүк айылына мечит салууга жардам бергем. Кийин да башка айылдарга 2 мечит, бир мектеп салууга жардам көрсөттүм. Бирок ал кездерде мечит салуу мода эмес болчу, соопчулук үчүн салгам. Азыр ал мечиттер ыйман жолундагы адамдар үчүн 24 саат бою ачык.
Ал эми «дин жолуна окутам» деп балдарын мектепке жибербей койгон ата-энелерге каршымын. Себеби балдарга мектептен сөзсүз түрдө эне тилин, чет тилдерин, өз тарыхын жана заманга ылайык, компьютерди үйрөтүш керек. Андан соң 13 жаштан кийин дин боюнча окуса жакшы болмок. Ошондо гана ал баланын дүйнө таанымы кенен болот.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мечитке муктажбызбы же мектепкеби?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
PROS
2013-04-01 17:21:41
Союз тараган учурда 34 гана мечит бар экенине ишене албай турам. Себеби биздин Чон-Алай районунда ар бир айылда бирден мечит бар эле го 1990-жылдары, же алар каттоодо жок беле? Мечит же башка нерсе салуу ар бир жарандын оз эрки, ал эми мектеп салуу мамлекеттин милдети. Ата-энем окуп жургон кезде, биздин айылга жаны мектеп тушот деп айтышчы экен, ата-энем эмес, менин окууну бутконумо 13 жыл болду, дагеле жаны мектеп салынат деп жыл сайын айтышат.
0
Mir83
2013-04-02 00:18:28
Биздин алтын ордого да мектеп куруп бергилечи балдарыбыз кыйналды
0
future_kg
2013-04-02 08:47:53
Жаны мектепти не кылат, биринчи ошол эски мектептерге чын дили мн иштеген мугалидердин айлыгын берип толуктап алсынчы! Институтта иштегенимде 1 курстун балдары нол эч теке билишбейт. мектепте окудунар беле десем, мугалим жок окуган эмесбиз дешет. мектепти барып териштирсем чындап эле мугалим жок экен, бирок эжейлер ошол сабакты жон эле алып алышат экенда, айлык ала беришет экен, а окуучуларга бул теманы окугула деп коюп чыгып озунун жумушун кыла берет экен!ушул биздин мектептин корунушу! ал эми
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан