Бул мырза шоу чөйрөсүнө аралашкандан бери бүт жааттан өзүн сынап көрдү. Ди-джей, ырчы, актёр, телеалпаруучу, тамада... Мына, ошол кара тору сөзмөр жигит Чыңгыз Мырзаев былтыр үйлөнсө, быйыл кырк жылкылуу болуп, кубанычы койнуна батпай турат.
– Чыңгыз, бир жыл мурун үйлөнгөнүңүздө маек бердиңиз эле. Эми ата болуп отурасыз. Кызыңыздын бешик боосу бек болсун!
– Рахмат. Кудайга тобо, ушул күнгө жеткиргенине. Сен айткандай, бир жыл мурун 25-мартта үйлөндүм эле, эми бир жылдын урматына кыздуу болуп отурам. Үйлөнгөндө бир сүйүнсөк, кыздуу болуп дагы сүйүнүп жатабыз. Кызыбыз ата-энем, таята-таенесинин да биринчи тун небереси болгондуктан, алардын да кубанычтарында чек жок. Келинчегим Надира кызыбыздын кыркылыгын чыгарып төркүнүндө жүрөт. Тиш доктурлукка 2-курста окуп жаткандыктан, окуусуна бир чуркап, ортодо такси менен «учуп» жетип келип, эмизип жетишип жатат.
– Ата болгон кандай экен? Сезимдериңиз толкуп-ташып жатканы көзүңүздөн көрүнүп турат.
– Ата болуу олуттуу кадам экен. Учурда кубаныч сезимдерине курчалып жүргөн кезим. Адамдан адам жаралыш кыйын да, аман-эсен көз жарып алса экен деп коркуп жаттык. Ал күнү, 5-мартта эртең менен эфирим бар болчу, апам менен Надираны салып, төрөтканага таштап, «мен эфирден чыкканча баштабай жөн тургула» деп кеткем. Айткандай эле жумуштан келгенимде көз жарды. Кызыбыз өтө деле ыйлаак эмес, жакшы жагын байкасам, дароо «ий, мени тартыптыр» деп калам. Күндөн-күнгө кыялдары чыгып, үндү таанып баштады.
– Надира келин болуп барганда жакшы эле кыйналса керек?
– Ар бир үй-бүлөдө башкача жүрүм-турум, кыймыл-аракет, таалим-тарбия болот да. Надира да башында көнө албай кыйналып жүргөндүр. Үйүнө төркүндөп кетсе да «ох, Асанбайдын жыты» деп калчу эле. Азыр Манас айылына качып калды.
– Эгер таарыныша кетсеңиздер ким биринчи кадамга барат?
– «Турмуштун муштумуна туруштук бер» деп айтып калышат го, ошого жакшылык-жамандыкка чыдай билиш керек. Кээде анын айтканы мага жакпай, меники ага жакпай калган учур болот. «Андай эмес, мындай болот» деп кеңешип, чечишип алабыз. Баары бир мен чоңдук кылып коюп жатам (күлүп). Эгер мен туура эмес кылсам, кечирим сурашты билем. Келинчегим туура эмес кылса, кабакты бүркөймбү, катуу сүйлөймбү, оюмду толугу менен айтам. «Сен бир-эки күн таарынып, мага чыкпай коё турган убакыттан өтүп кеткенбиз. Менин айткандарымды эске алып, кийин кайталабай турган бол. Биз мурункудай кыз-жигит эмеспиз, биз үй-бүлөбүз. Болду, ушул жерден токтоттук» деп кайра күлүп-жайнап кете беребиз.
– Түштүктүн келини болбодубу. Салтка ылайык кайын журтун тергейби?
– Мен башында эле «өзүңдөн улуу баланы кантип сен демек элең?» дегем. Ошого мени сиз дейт. Ал эми карындаштарымды өзүнүн сиңдилериндей көрүп, тергебей, атынан айтат. «Кээде урушканда сиз деп кантип урушасыңар?» деп да сурагандар болгон. Кудайга шүгүр, анчалыкка барган жокпуз.
– Таанышканыңыздарга да токтоло кетсеңиз...
– Радиодо иштеп жүргөн кезим эле. Азыр жакшы элестей албайм, кайнатам келген экен, «тойго тамадалык кылып бер» деп. Анан макулдашып, тыйынын да алып койгом. Надираны ошол тоюнда бийлеп жүргөнүн көрүп, «жакшы кыз экен» деп көзүм түшкөн. Бирок «жаш экен, ал чоңойгуча мен 2 балалуу болуп калам го» деген элем. Көрсө, ошондо тойдо эле периштелер экөөбүзгө «оомийин» деп жиберсе керек. Азыр ошол тойдогу сүрөттөрдү карасак, экөөбүз жанаша туруп сүрөткө түшө бериптирбиз. Ага мен күлүп, тамашалап калам, «мага өзүң эле жабыша берген экенсиң да» деп.
– Кайын журтка кандай күйөө бала болуп жатасыз?
– Жакшы күйөө бала болгонго аракет кылып жатам. Аалымдардын сөзү бар экен, «жардам бере албасаң да, тоскоол болбо» деген. Анын сыңарындай, оорчулугумду салбай, өзүмдүн арабамды өзүм тартып жүрөм.
– Жубайыңызды кайсы сапатына карап тандадыңыз?
– Аял деген буюм эмес да, бүгүн жакпай калды, эртең алмаштырып алам деген. Салыштырасың, «ушул кыз менен үй-бүлө курсам кийин кандай болот?» деп. Бардык жагынан ойлонуп, ата-энем менен кеңешип, анан үйлөндүм. Кудайга шүгүр, азыр Чүй менен Ошко көпүрө болуп отурабыз. Жубайымдын бир жакшы жагы, айткан нерсеге көнөт. Менин жаратылышымдан өзүмчүлдүк жактарым бар, айтканым-айткан, дегеним-деген болушун каалайм. Өзүмдүн чөйрөмдө жеңилгенге көнгөн эмесмин. Кабагым бүркөлүүбү, ашыкча сүйлөбөй, менин оюмду айттырбай түшүнүп турат.
– Кызганыч сезимдери кимде көбүрөөк?
– Экөөбүздө тең бар, болушу да керек. Анткени кызганыч деле сүйүүнүн бир түрү да. Элестет, мен жумуштан келсем, ал «кайдан келдиң?» деп кызыкпаса же ал сабактан келсе, мен эмне кылып жүргөнүн сурабасам. Мындай болбойт. Кызгануу десе сөзсүз эле урушуп-чабышып, кылычташып кетиш керек эмес. Жигит деген өзүнүн үй-бүлөсүн жаман сөз, көздөн коргогон тоо болуп, кызганып турушу шарт.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Чыңгыз Мырзаевдин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg