Кыргызстанга өтө залалдуу үй-бүлөлүк-кландык башкаруу илдетин алып келген Акаевдик бийликтин кулаганына 24-мартта 8 жыл болду. Илгери үмүт, жакшы тилек менен көтөрүлүшкө чыккан элдин ал үмүтү акталбады. 2010-жылы кайрадан революция жолу менен режим алмашты.
Март-апрель айларында көптөгөн кыргызстандыктарда «андан бери эмне өзгөрдү?» деген суроо жаралары турган кеп. Айрым саясатчылар да ушул суроого жооп табууга аракет кылып көрүштү. 24-март күнү Жалал-Абадга оппозиция өкүлдөрүнүн жоон тобу чогулуп, жалындуу кептер менен коштолгон курултай өткөрүштү.
Көпчүлүктү ал курултайга келген Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков эмес, алар кабыл алган резолюция таң калтырды. Резолюцияда «өкмөт элдин байлыгынын тонолушуна, кыргыз жеринин бүтүндүгүнүн бузулушуна, саясий куугунтуктардын жүргүзүлүшүнө, шайлоолордун бурмаланышына түздөн-түз же кыйыр салым кошкон мурдагы эски бийликтин адамдарынан тазалансын» деген пункт бар. Ушундай талапты учурдагы өкмөттөн Адахан Мадумаров талап кылууда. Балким, өзү унутуп калгандыр, бирок элдин эсинен чыга элек. Адахан Мадумаров башында турган парламенттеги «Ак жол» партиясы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөзүп берген. Албетте, «ал бизге чейин Акаевдин тушунда макулдашылган» дешери анык. Бирок «ак жолчуларда», анын ичинде Адахан Кимсанбаевичте деле каршы чыгуу укугу бар болчу. Курултайда ал «элдин үмүтү акталган жок» деген жыйынтык кебин айтты. Бул инсанга да учурунда мүмкүнчүлүк берилген. Март революциясынан кийин Мамлекеттик катчы, Жогорку Кеңештин спикери, Коопсуздук кызматынын катчысы да болду. «Накта эл үчүн күйгөн жигит» деп кыргыз калкы бул адамга ишеним артар эле. Жыйынтыгында эмне болду? Ошондо өзү элдин үмүтүн актадыбы? Жок.
«Элдин байлыгынын тонолушуна түз же кыйыр тиешеси барлар бийликтен кетсин» деген да талап коюлду. Дайыма мамлекеттик кызматты гана аркалап, өкмөттөн айлык алып жүрүп эбегейсиз байлык чогулткан Ахматбек Келдибеков да ушул талапты туура көрүп, кол койду. Анын мамлекеттик кызматкер болуп жүрүп эле чогулткан байлыгына айрым ММКлар тамшанып, «феномен» катары баа берип жүрүшөт. Анан ошондой адамдардын башкаларга «тазалануу» талабын коюуга моралдык укугу барбы?
Адатта оппозиция «бийлик элдин үнүн укпайт, президент митингчилер менен жолугушууга чыкпайт» деп нааразы болуп келет. Чынында эле ошондой болчу. Аскар Акаев дагы, Курманбек Бакиев дагы бийликке катуу нааразычылыгын айтып чыккан эл менен жолугушчу эмес. 28-мартта Алмазбек Атамбаев ал көнүмүш көрүнүшкө жаңылык киргизип, Жалал-Абад облусунда Камчыбек Ташиевдин жактоочулары менен жолугушту. Бул кадамы менен журт башы экендигин, элдин үнүн угууга дайым даярдыгын көрсөттү.
500дөй жаран ажодон камакта жаткан 3 депутатты актап берүүнү суранышты. Жыйырма жылдан бери бийликке нааразы болуп келебиз, «соттор бийликтин камчысын чабат, алардын айтканын кылат, өз алдынча чечим чыгарбайт» деп. Бирок өзүбүзгө кайра эле өзүбүз каршы чыгабыз. Мисалы, учурда өлкө башчысынан Жалал-Абадда митингге чогулган эл соттордун ишине кийлигишүүнү, алардын ордуна чечим кабылдоону талап кылууда. Албетте, ажо муну да көңүлдөн тыш калтырган жок. Ал «мен Ташиевди дарбазадан ашып түш деп тукурган эмесмин да. Ташиев болосуңбу, Мадумаров болосуңбу, мыйзамды сыйлаш керек. Соттун ишине кийлигише албайм. Анын чечими чыккандан кийин гана бул ишке президент кийлигише алат. Мен айкөлдүктү соттун чечиминен кийин көрсөтөм» деди. Бул жолугушууда өлкө башчысы Башкы прокуратурага өзү барып Садыр Жапаровдун сындары боюнча көрсөтмө бергендигин, ал айыптоолордо чындык жоктугун да билдирди. Эске салсак, Садыр Жапаров «Атамбаев Курманбек Бакиевдин тушунда өкмөттү жетектеп турган маалда президент менен биргеликте Кытайга Иштамберди кенин 40 миллион долларга саткан. Чынында, анын баасы 4 миллиард доллар» деп айыптап жүрөт.