Жалал-Абадда аскер жигит өзүн-өзү атып алып КАЗА БОЛГОНДУГУН Коргоо министрлиги кабарлады.
Ички иштер министрлиги Кыргызстанда 2012-жылы жаңы төрөлгөндө КӨЧӨГӨ ТАШТАЛГАН 139 ЫМЫРКАЙ табылгандыгын билдирет.
Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевдин айтымында, учурда Кыргызстан менен Кытай жер семирткич чыгаруучу ЗАВОД КУРУУ жөнүндө сүйлөшүүдө.
Бир күндө Ош шаарынан 700 МЕТР КУБ таштанды чыгарылат. Бул маалыматты аталган шаардын «Тазалык» ишканасынын башчысы Шайлообек Азатов айтты.
Борбордук Африка өлкөсүнүн президенти ФРАНСУА БОЗИЗЕ 23-мартта өлкөсүнөн качып кетти.
25-мартта экс-муфтий ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВДУН жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловго ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн Бишкек шаардык соту канааттандырды.
Бишкекте 6-апрелде «ШААРДЫН ЖОЛДОРУН ӨЗҮБҮЗ БОЁЙБУЗ» аттуу акция болот. Аталган акцияда борбор шаардагы жолдордун жөө адамдар кесип өтүүчү жерлери боёлот.
«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түрмөлөрүндө Орусиянын 41 ЖАРАНЫ ОТУРАТ» деп акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
БОЛОТ ТОКСОБАЕВ өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
2012-жылы өндүрүштө иштеген 112 АДАМ ИШ УЧУРУНДА ЖАРАКАТ АЛЫП, алардын 36сы каза болгон. Мындай маалыматты Кыргызстандын профсоюздар федерациясы кабарлады.
УКМКнын мурдагы жетекчиси КЕҢЕШБЕК ДҮЙШӨБАЕВ 2013-2015-жылдар аралыгында ШКУнун башкы катчысынын орун басары кызматына келди. Анын талапкерлигин ШКУга мүчө мамлекеттер жактырышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.