Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен КРнын Борбордук өнүгүү, инвестиция жана инновация (БӨИИ) агенттигинин мурдагы жетекчиси Максим Бакиев Кылмыш жана жаза кодексинин 30, 303, 306-беренелери боюнча айыптуу деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратылып, жазаны күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөй турган болду. Албетте, сыртынан соттолду. Ошондой эле жазага «3 жыл бою мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратылсын» деген да пункт кошулган.
Соттун бул өкүмүнүн негизинде Башкы прокуратура Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүү аракетин кайра баштамакчы.
Эске сала кетсек, Максим Бакиев 2007-жылы БӨИИ агенттигинин жетекчиси болуп туруп, Ысык-Көл облусундагы «Витязь» пансионатынын 9,32 гектар жерин өзүнө менчиктештирип алган. Мындан мамлекетке
1,5 миллион сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле ал «Түндүк электр» ишканасын 1,7 миллион долларга сатууга аракет кылган. Бул өз баасынан алда канча арзан болчу.