ДЕПУТАТТАРГА ЖКда КУРАЛ АЛЫП ЖҮРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН

Бул аптада Жогорку Кеңеште дагы бир калк үчүн маанилүү эмес, депутаттар үчүн маанилүү маселе көтөрүлдү. КСДПчы Ирина Карамушкина парламенттин имаратында депутаттардын курал алып жүрүүсүн тыюу керек деп чыкты. ИИМден берилген маалымат боюнча 120 депутаттын ичинен 58инин колунда 144 даана курал бар, төртөө аял депутаттар. Негизинен бул демилгени колдоп, бирок текшерип өткөрүүдө куралы жок эл өкүлдөрүнүн укугу бузулат дегендер көбүрөөк болду. Өткөн жылы Алтынбек Сулайманов менен Камчыбек Ташиевдин арачыларга ээ бербей кызыл чеке болгуча мушташканын эске алсак, анда парламентте курал көтөрүп жүрүүгө тыюу салуу туура эле чечим болчудай. Жогорку Кеңештин имараты ансыз деле кайтарууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан