Каржы министрлиги орусиялык ОРТ телеканалын Кыргызстанда көрсөтүү үчүн каражат бөлүүнү токтотту. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААКсынын төрагасы Аскар Баратбаев билдирди.
«20-мартта Каржы министрлигинен ОРТны таратууну каржылоону токтоткондугу тууралуу билдирүүнү алдык. Биз өкмөткө жана Каржы министрлигине акча бөлүнбөсө, толкунду жайылтууну токтоторубузду айтып кат жөнөттүк»,- дейт Баратбаев.