Чек араны тактоо боюнча кыргыз делегациясы Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн 25-март күнү Ташкентке сапар алды. Бул жолку сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин өзбек тарап белгиледи. Кыргыз делегациясы болсо Анжиян-Кемпир-Абад суу сактагычы, Баткен облусундагы Сох жана Ош облусундагы Барак эксклавына жол ачуу маселелерин талкууга алып чыгууну көздөөдө.
Сүйлөшүүлөр КРнын Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов менен Өзбекстандын вице-премьер-министри Рустам Азимовдун ортосунда жүрдү. Эки күндүк сүйлөшүүлөрдө суу маселеси боюнча да пикир алышуу болду.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоо боюнча мамлекеттик делегациялары январдын башындагы Чарбак-Сох жаңжалынан бери жолугуша элек болчу.
Бул өлкөнүн президенти Ислам Каримовдун инфарктка кабылып, абалы оор экендиги тууралуу кабар акыркы күндөрү өтө кызуу талкууда. Кабарды Өзбекстандын оппозициялык күчтөрү таратты. Бирок Каримовдун кызы Гүлнара Каримова дагы, президенттик администрация дагы маалыматты төгүндөөгө шашышты. 27-мартта болсо Ислам Каримовдун Казакстандын Тышкы иштер министрин кабыл алгандыгы белгилүү болду.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg