ОППОЗИЦИЯНЫН «ЭГЕР ТАЛАП АТКАРЫЛБАСА, ЭЛДИК БИЙЛИК ОРНОТУЛСУН» ДЕГЕНИН КАНДАЙ ТҮШҮНДҮҢҮЗ?

Жалал-Абадда өткөн курултайда: «Эгерде элдик курултайдын чечимдери бийлик тарабынан аткарылбаса, анда жер-жерлерде элдик бийлик орнотулсун» деген талап кабыргасынан коюлду. Муну кандайча чечмелесек болот?

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, ЖКнын депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери:«ТҮШҮНҮКСҮЗ ТАЛАП»
– Бул чечимин кандай түшүнүштү билбейбиз. «Басып алам» деп айтып жатат дейин десең, «биз антип айткан эмеспиз» деп чыгышат. Ошондуктан чыныгы маанисин өздөрүнөн дагы тактап сураш керек.

 

 

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер:«АКЫЛ-ЭСКЕ СЫЙБАЙ ТУРГАН ТАЛАП»
– Бул курултайда сегиз пункттан турган резолюция кабыл алыныптыр. Анын ичинде абдан жүйөлүү талаптары дагы бар. Бирок сиз айтып жаткан талабы эч кандай акыл-эске сыйбай турган талап. Алар бийликти коркутуп, күч менен басып алабыз дегендей ойду айтып жатышат. Мен Кыргызстандын жараны катары мындай талапты кабыл ала албайм.

 


Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, ЖКнын депутаты:«ЭКОНОМИКАБЫЗДЫ АЛДЫГА ЖЫЛДЫРА АЛСАК, АЛАРДЫН ТАЛАБЫ СУУ КЕЧПЕЙ КАЛАТ»
– Кичине какшык кошуп айтканда, алар туура маселе коюптур. Негизи, биз өзүн-өзү өнүктүрүүчү бийлик системин түзүшүбүз керек. Мисалы, кичинекей айыл болсо дагы алар өздөрүнө керектүү каражатты өздөрү таап, оңдоп-түзөп, өнүгүү жолуна түшүшү зарыл. Ал эми бизде азыр борборлоштурулган бийлик болуп жатат. Бир айылдын кичинекей арыгын суу алып кетсе дагы кокуйлап Өзгөчө кырдаалдар министрлигин чакырып чыгышат. Ошондуктан элдик бийлик орнотуу талабы туура айтылган. Бирок алардын максаты башка жакта болуп жатпайбы. Эптеп бийликти коркутуу, басып алуу сыяктуу. Эгерде биз мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүп кете алсак, андай талаптар суу кечпей калат. Эгерде өнүктүрө албасак, анда алардын талаптары туура болуп чыгат. Ошондуктан велосипедди тынбай алдыга жылдыра беришибиз керек. Эгер аны токтотуп койсок, кулап түшөт. Токтобой кете берсе, артынан чаң гана чыгып кете берет.

Туратбек МАДЫЛБЕКОВ, ЖКнын депутаты, «Ата Мекен» фракциясы:«БАСЫП АЛАМ ДЕГЕНДЕН ӨТӨ ЭТИЯТ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК»
– Биринчиден, алардын койгон талаптары менен толук таанышып чыгыш керек. Эгерде бир олуттуу нерселерге такап, фактылар менен «туура эмес кылып жатасыңар» десе, анда ага көңүл буруу кажет. Анан жөн эле «муну жасагыла, тигини бошоткула» дей берсе, жөнсүз болуп калат. Негизи, ал курултайда кабыл алынган чечимдердин көбү туура эмес. Жер-жерлерде элдик бийлик орнотулсун дегени басып алам дегендей эле түшүнүк да. «Басып алам» деген сөздү айтуудан өтө этият болушубуз керек. Бийлик ошондой ойдогу адамдар менен профилактикалык иштерди жүргүзүшү зарыл. Азыркы учурдагы кырдаалды чогуу-чаран ойлонушубуз кажет. Мурунку Акаевдин башкаруу системин Бакиев келип андан ары уланткан. Экинчи жолку революциядан кийин бизде башкаруу системи өзгөрдү. Үй-бүлөлүк башкаруу болгон жок. Авторитардык режим болгон жок. Ошондуктан бүгүнкү күндө биз баарыбыз президент, парламент, өкмөт жана жалпы эле коомдук ишмерлер, саясатчылар, катардагы жарандар арабаны чогуу тартышыбыз керек. Ар кимибиз ар кайсы жакка тарта берсек, эч качан өнүгө албайбыз.

Абдыманап КУТУШЕВ, ЖКнын депутаты, КСДП фракциясы:«БУЛ ТАЛАП – АНТИКОНСТИТУЦИЯЛЫК АРАКЕТ»
– Бул талап мыйзамга ылайык келбейт. Анткени элдик бийлик бул – элдин добушун алып келген бийлик болуп саналат. Мына ошондой шайлоолордун цикли жакында эле бүттү. Акыркысы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо болду. Демек, учурда элдик бийлик иштеп жатат. Ал эми курултайда коюлган бул талапты антиконституциялык аракет деп баалайм.

 

Жаныш КУЛМАНБЕТОВ, кинорежиссёр:«КАНДАЙ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛСО ДА, БИР КИЧИНЕКЕЙ КЫЗДЫН КӨЗ ЖАШЫНА ТАТЫБАЙТ»
– Акыркы мезгилде биздин өлкөдө анархия өтө күчөп кетти. Улам эле көңүлгө жакпаган нерсени көчө демократиясы менен чечкенге өтүп алдык. Бул демократия дагы эмес, анархия деп аталат. Бир нерсеге нааразы болгон адам жер-жерлерде элдик бийликти орното берсе, анда биз кандай мамлекет болуп калабыз? Биринчи кезекте мыйзамды сыйлаган, мыйзам жашаган мамлекет болушубуз керек да. Достоевскийдин «Кандай гана революция болбосун, бир кичинекей кыздын ыйлаганына татыбайт» деген сөзү бар. Андыктан эки жолу революция жасап көрдүк. Эми мындан ары мыйзамдын жолу менен жашаганды үйрөнөлү.

Ибрагим Жусуев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
bakay93ka
2013-04-01 20:23:10
атасы кызыныкын туура деп апасы баласыныкын туура дейттен болуп калыптырго тен салмактулуук жок бул жерде........
0
muxammet
2013-04-02 00:13:30
булар революцияга ваще аралашпаган инсандарго э.
0
Baktyyar
2013-04-02 00:28:52
Элдик бийлик орнотуу бул ото туура эмес иш .. Ар биринин оз кызыкчылыгы .. Кезинде Бекназаров да кошо 2010-жылы революция кылды эле эми дагы оппозицияда журот дале .. Эми а дейбиз бу дейбиз англисче билбейбиз эмнесин айтабыз айткан менен да барыбир экен. Ойлоп калам оппазицияга да каршы антиоппозициялык кыймыл тузуш керекпи деичи. Мисалы оппозицияны да бироо козомол кылышы керек да .жэ болбосо оз билген талканын чала беришпейби..
-4
ilgez
2013-04-03 12:09:05
Baktyyar, анда анти анти анти деп кошула береби ?? Санын азайткан жакшы го дейм ?? Бюджеттен азыраак жейт :-P
0
Delicacy
2013-04-02 12:00:35
Ошондо оппозицияны (элдик курултайды)ким кылып (тагыраагы башкарып) жатат? Кыргызстанда жаны саясый "фигуралар" пайда болдубу???
0
admin_superstan
2013-04-02 17:17:35
jasan, PROS, Ananasky, сиздерге эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Adahan.myrza
2013-04-02 22:01:47
Эгер тушунуксуз болуп жатса бир аз куто турсанар баарын тушунуп аласынар.
0
best-life
2013-04-03 14:17:16
Э атасынын кору булар да ушундай жол мн келишти окшойт эле азыркы май кол сут кол болгон орундарына ))))
0
alik
2013-04-03 17:32:40
бирин олуп бирин кал
0
alik
2013-04-03 17:34:31
эгер президент мадумаров болсо кыргызстан онугуп осот
0
k-rollan
2013-04-03 20:44:27
Оорун алмашуудан сумма озгорбойт Бирин орук бирин тал Бирин олуп бирин кал
+1
nazira1989
2013-04-04 17:28:05
Омурбек Абдрахманов мырза бир айылдын арыгындагы сууну бурса кокуйлап дейсиз,башка олколордо дарактын башындагы бутактарга илинип калган карганы бошотуш учун да чакыра берет экен,буга кандай карайсыз?!Негизи эл озун озу эле багып жашап жатат,ансыз деле.Бийлик озу менен озу!
+2
Imran
2013-04-05 15:14:44
мыйзамсыз келген президентти кетириш керек.
+1
aziret2012
2013-04-06 18:57:23
кыргызстанда озуу качан тынчтык болот туугандар
0
uty
2013-04-07 02:47:17
абдрахманов мырза велосипедден чан чыкпайт
0
Мелисбек
2013-04-07 09:46:50
Кыргызстан жаныдан коз карандысыз болуп болунгон убагында катардагы мугалим жогорку кенешке депутат болгон деп - Бекназаровдун бир айткан созу эсиме тушту. Азырчы ?
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан