Акыркы мезгилде Түркияга фестивалдарга байма-бай каттап калган Гүлзада Рыскулованы Ван аймагындагы кыргыздар жактырып, концерт коюп кетүүсүн суранышты. Ошого жаңы дем, жаңы имидж менен барууга камынганбы, чачын сары түскө боёп, катуу өзгөрүптүр. Жаздын деми менен ушунча ачылып кеттиби же жан дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдөн уламбы, айтор, жыйынтыгы жаман эмес.