Бийчи Атай Өмүрзаков 21-март күнү Москва шаарында «Лужники» концерттик залында жеке концертин берди. Аталган масштабдуу концерттик залда учурдагы бир да кыргыз ырчысы же бийчиси концерт койбогонун белгилеп кетпесек болбос. Бул Кыргызстан үчүн сыймыктанчу жагдай. Ал эми таланттуу бийчи үчүн алгачкы жеке концертин дал ушул шаардан бергени бекеринен эмес. Анткени Атай дүйнөнү багындырууну Москва шаарынан баштаган. Концертти ошондой эле ырчылар – Гүлнур Сатылганова, Темир Назаров, Каныкей жана Атайдан тарбия алган «Тумар КР» бийчилер тобу коштоп, шоумен Бакыт Байсариев алып барды. Баракелде, Атай, сени ийгиликтер коштосун!