Нооруз майрамына карата «Айтыш» коомдук фонду кыргыз-казак төкмө акындарынын ортосунда сынак өткөрүп, жалпы байгеге 500 миң сом коюлган. Сынакта кыргыз төкмөсү Элмирбек Иманалиев менен казак төкмө акыны Алик Бекбосумов баш байге болгон 100 миң сомду утуп алышты. Биринчиликке ээ болгон Аалы Туткучев менен казак акыны Серик Калиев 60 миң сом, экинчи орундагы кыргызстандык Сапарбек Зулпуев жана казакстандык Айбек Калиев 40 миң сом менен сыйланышты. Боордош төкмөлөргө тең ата болуп, алдыңкы сыйлыктарды утуп алган таланттар менен, албетте, сыймыктанабыз!