«Аят» тасмасынын режиссёру, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2011-жылдын супер актёру» Азамат Арыковдун башына баш кошулуп сүйлөшкөн кызына үйлөндү. «Жубайым Нарындын кызы. Аты – Бегайым. Жашы 24тө, кесиби боюнча эсепчи. Өзү чыгармачылыктан алыс адам. Экөөбүз «Талак» фильми тартылып жатканда таанышканбыз. Ырчы Асел Турдалиеванын сиңдиси. Азырынча кыргыздын салты менен эле сөйкө салып үйүнөн алып кеттим. Буюрса, заманбап тоюбуз күзүндө болот»,- дейт Азамат Арыков.