Бактыгүл Бадыева дайым элдин көңүл чордонунда. Ал кайсы ырды ырдап, клип тартпасын, кантип кийинип баспасын, аны көпчүлүк кызуу талкууга ала берет. Былтыркы жылы ноябрь айларында ырчы айымдын колунда нике шакеги бар сүрөтү колубузга тийип, «турмушка чыктыңбы?» деп сурасак, жылмайып тим болгон. Андан көп өтпөй Бактыгүл өзү Алмаз деген мырзага турмушка чыкканын тастыктаган. Мына эми бир үй-бүлөнүн келинине айланган ырчы айым кесиптештерине чекеден чакыруу баракчасын жөнөтүп, 5-апрель күнү борборубуздагы ресторандардын биринде өтчү тоюн кабарлап жатат. Эмне демекпиз, жашоонун бир кайыгына түшүп, бири-бирин колдоого шерттешкен жолдошу менен Бактыгүлдүн куш боосу бек болсун!