Ырчы Дмитрий Жумалиев февраль айында Регина аттуу кыздуу болуп, Турусбек мырзаны чоң ата статусуна ээ кылган эле. Алпаруучу небере жытын искөөдөн эргүү алганбы, айтор, жакында автобиографиялык китеп жазып жатканын кабарлады. Турусбек агабыз өзүнүн өмүр сүртүмдөрү баяндалган китепте, балким, биз билбеген сырларды жазып жиберер.