«Күлкү – өмүрдүн мүлкү» демекчи, күлүп, маанайың ачык жүргөнгө не жетсин? Биз бүгүн эл оозуна алынып калган айрым ырларга пародия жазып көрүүнү туура көрдүк. Максатыбыз ырларды маскаралоо эмес, элди жылмайтуу.
ЭСТЕЙ ЖҮР (С.Садыбакасова)
Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө,
Турмушта да, сүйүүдө да, үй-бүлөдө.
А мен болсо, жалындап күйүптүрмүн,
Ишенип мен өзүңдү сүйүптүрмүн.
Мейли күл, мейли шылдың кылсаң дагы,
Жактырбай терс бурулуп кетсең дагы.
Унутпачы, ал кездерди эстей жүргүн,
Бул ырды сени сүйгөн бир кыз жазды.
Кош эми, кош болгунуң, бактылуу бол,
Каалаймын чын жүрөктөн сага ак жол.
«Сүйбөгөнгө сүйкөнбөгүн» деген сөз бар,
Мага да табылар го өмүрлүк жар.
ЖЕҢИЛ ОЙЛУУ КЫЗДЫН ЫРЫ
Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө,
Мени сүйдүң алмаштырып үй-бүлөңө.
А мен болсо, кызыгып жүрүптүрмүн,
Ишенип байлыгыңды сүйүптүрмүн.
Мейли ал, мейли токол кылсаң дагы,
Макулмун, чапсаң деле баштан ары.
Унутпачы, чындап мени эстей жүргүн,
Бул ырды акчаңды сүйгөн бир кыз жазды.
Кош эми, кош болгунуң, бактылуу бол,
Банкрот болдуң, эми сага ак жол.
«Кайдан көрдүм кара эшек» деген сөз бар,
Мага да табылар бир бизнесмен жар.
СЕЗИМ (Арсен)
Жалындаган сүйүүмдү айта албаймын,
Жан биргем, жоготуп сени алуудан корком.
Жалынын жүрөгүмдүн байкабадың сен,
Жалтанып көздөрүңдөн, тайсалдаймын мен.
Кайырма:
Сезим мени азапка салды,
Кыйнады, сыздатты.
Эңсеп сени уйкусуз түндө,
Көз жашым тыйбадым.
Башканын сүйгөнүсүң, аны билем,
Өзгөрбөс сезимим бар, өзүң деген.
Жалынын жүрөгүмдүн байкабадың сен,
Жалтанып көздөрүңдөн, тайсалдаймын мен.
АРАКЕЧТИН АРМАНЫ
Курулдаган алкымымды тыя албаймын,
Бөтөлкөм, жоготуп сени алуудан корком.
Башымдын ооруганын байкабадың сен,
Калчылдап колдорум, тайсалдаймын мен.
Кайырма:
Арак мени азапка салды,
Кыйнады, сыздатты.
Эңсеп сени уйкусуз түндө,
Акча жок кыйналдым.
Аялым акча бербейт, аны билем,
Камокто карызым бар, «кутул» деген.
Кулагына сатуучунун «кесме» илем,
А бирок калп таба албай, тайсалдаймын мен.
АСЕМ КЫЗ (Асема) Сен өзүң ыр окшойсуң түгөнбөгөн,
Эриниң, каректериң, каштарың да.
Асем кыз айтып, жазып бүтө албаган,
Ыргагы окшойт ырдын басканың да.
Кайырма:
Ах, кандай кереметсиң, жакшынасың,
Саат санап сагынтасың, жакшырасың.
Акылдан адаштырып, айтчы неге,
Ар башка азабыңды тарттырасың?
Мен сени жазып бүтпөйт көрүнөмүн,
Элесиң ээрчийт, ойго чөмүлөмүн.
Көлкүлдөп ырга айланып өзүм дагы,
Ак кардай кагазыма төгүлөмүн.
АЯЛЫНАН ТАЖАГАН КҮЙӨӨНҮН ЫРЫ
Каяшаң такыр эле түгөнбөгөн,
Кай бирде чыгып калат калптарың да.
Ажылдап, айтсам дагы түшүнбөгөн,
Аялым окшойт күндүн батканына.
Кайырма:
Ах, айтсаңчы эми качан жакшырасың?
Саат санап боёносуң, татынасың.
А бирок акылыңа келбедиң го,
Баланы башкаларга бактырасың.
Мен сага эми түтпөйт көрүнөмүн,
Мээмди жесең ойго чөмүлөмүн.
Азапка айланды го ак сүйүүм да,
Көзүмө мындан ары көрүнбөгүн!
АЛДАДЫҢ (М.Атабеков)
Гүл бакчаны аралап,
Экөөбүз бирге жүрөбүз.
Көз артышат бизди карап,
Баарысы, жашы-карысы.
Көз тийдиби, суук көздөр,
Билбедим, көздөр тийдиби?
Биздин сүйүү муздап барат,
Барган сайын муз болуп барат.
Кайырма:
Сен мени алдадың,
Алдадың, дагы-дагы алдадың.
Мен байкуш алдандым,
Алдандым, дагы-дагы алдандым.
Сен мага сүйөмүн,
Сүйөмүн деген сөздөрүң кайда?
Мен болсо, ишенип,
Ишенип жүрүпмүн кайра-кайра.
Деген сөздөрүң кайда?
Ишенбеймин эми сага, сага.
Алдадың, алдадың мени...
Менин болгон сүйүүмдү,
Өчүрдүң болгон сүйүүмдү.
Ишеничим түгөндү сага болгон,
Баары түгөндү...
Эми жалгыз кетсемби,
Жер жүзүнө тентип кетсемби?
Же болбосо бул ааламды,
Колум шилтеп таштап кетсемби?
МИТИНГЧИНИН ЫРЫ
Ак үй жакта сагалап,
Дайыма бирге жүрөбүз.
Митингдерден калбайбыз,
Баарыбыз, жашы-карыбыз.
Көз тийдиби Ак үйгө,
Билбедим, көздөр тийдиби?
Ишеничим муздап барат,
Барган сайын көтөрүп плакат.
Кайырма:
Сен бизди алдадың,
Алдадың, дагы-дагы алдадың.
Биз байкуш алдандык,
Алдандык, дагы-дагы алдандык.
Эл үчүн күйөмүн,
Күйөмүн деген сөздөрүң кайда?
Биз болсо ишенсек,
Өчүрдүң жарыкты кайра-кайра.
Ишенбейбиз эми сага.
Банкка койдум үйүмдү,
Болгон мал-мүлкүмдү.
Кредитке алган акчам бүттү,
Баары түгөндү...
Пикетке чыга берсемби,
Же болбосо тезек терсемби?
Толк чыкпаса Кыргызстандан,
Колум шилтеп Москвага кетсемби?..
Асхат Субанбеков
star@super.kg