«АЛИГИ» ЖӨНҮНДӨ СУРАСАҢЫЗ...

“Алигиге” да учук чыгабы?

– Үшүгөндө, корккондо ооздун тегерегине учук чыгарын билебиз. Бирок ошол учук эркектердин да “алигисине” чыгат дегенди угуп, ишене албай жатам. Ушундай болушу мүм­күнбү? Болсо, кантип дарылашат?

Бахтияр, Бишкек шаары.

– Учук оорусун учук вирусу чакырат. Көбүнчө эринге чыкканы менен, кекиртектин былжыр кабыкчасына, жыныс мүчөлөрүнө да чыккан учурлары кездешет. Бул оору жугуштуу болуп саналат. Мисалы, өбүшкөндө жугат. Эгер аялдын эрдинде учук болсо жана ал күйөөсүнүн “алигисин” оозуна алып эркелетсе, анда эле учук жукту дей бериңиз. Ооздун тегерегине, эринге чыкканга караганда “алигиге” жуккан учукту айыктыруу кыйын. Андыктан учукка да олуттуу мамиле жасоо керек. Айыктырууда антибиотиктер, дары майлар колдонулат.

Курбумдун жыныс кыны терең, меники тайыз...

– Менин курбумдун жыныс мүчө­лөрүнүн жайгашуусу меникинен башкача. Тактап айтсам, анын жыныс кыны көтөн чучугуна жакын орун алса, меники алаамдын ортосун­да. Анан дагы курбум “жыныс кыным терең, муну врачтар текшергенде айтышкан” дейт. Ушундан улам “жыныс мүчөлөрдүн жайгашуусу жана те­рең­диги ар түрдүү болобу?” деп сурайын дегем.

Тама, Ош шаары.

– Негизи, ар аялдын жыныс органдары жекече түзүлүшкө ээ. Антсе да сырткы жыныс органдары жайгашуу ордуна карата төмөнкүчө бө­лүнүшөт:
Киндикке жакын жайгашса “ан­глия­лык леди”; көтөн чучукка жакын жайгашса “тентек”; алаанын дал ортосу­нан орун алса “ханыша”деп аталышат.
Эми жыныс кынынын тереңдиги боюнча бөлүнүшүн айта кетели.
Жыныс кынынын тереңдиги 12,5 сантиметрден ашпаса, “марал” деп аталат. Марал-аялдар назик, чымыр эмчектүү жана жамбаштуу келип, сексте чеги менен алектенүүнү жактырышат.
Жыныс кынынын те­рең­диги 17,5 сантиметрден терең болбогондор – “байталдар”. Булар шыңга бойлуу, чоң эмчектүү жана жамбаштуу келип, курсагы бир аз чыгып турат. Төшөктө кумарлуу келип, рахат алмайынча эркегин жөн койбойт.
Үчүнчү типтегилер – “пилдер”. Жыныс кынынын тереңдиги 25 сантиметрге чейин болот. Жүздөрү жайык, эмчектери чоң, колу-буттары кыска, үнү ичке жана жагымсыз болот.

“Резина өнөктөш” тууралуу билгим келет...

– Мен жакында «үйлөнмө аял» сатып алууну пландап жатам. Андыктан аны кантип колдонуу керектигин билгим келет.

Даку, Бишкек шаары.

– Бардык аялдардай эле резина куурчак да гигиенаны талап кылат. Ар жолу колдонгондон кийин жууп-тазалап туруу кажет. Куурчак тирүү аял же матрац болбогон соң салмактын баарын ага салууга болбойт. Ага көбүнчө капталынан же «аял үс­түндө» ыкмасы туура келет.
“Резина өнөктөштүн” баасы 100 доллардан өйдө.

Катуу акыштаган аял сексуалдуубу?

– Менин төшөктөгү өнөктөшүм кумарга батуу учурунда катуу акыштайт. Кыйкырып, ал тургай тиштегилеп жиберет. “Кыйкырба” десем, “берилип кет­кеним­де билбей калам” дейт. Мен мунусу калп эле го деп ойлоп калам. Кыскасы, аял­дардын акышы тууралуу маалымат берип койгулачы.

Моке, Ош шаары.

– Сексологдор катуу акыштаган аялдарды сексуалдууларга кошушат. Анткени айрым аялдар төшөк кумарына катуу берилгенде кыйкырганын билбей калышат. Ал эми төшөктөн рахат албаганда үн чыгарышпайт. Сексологдор аялдар кандай учурда кандай үн чыгарышарын да изилдеп кө­рүш­көн.
Аял жыныстык катнашты узарткысы келсе, анда кыска-кыска үндөрдү чыгарат. Ал эми эркектин катуураак ыйкаганын кааласа, анда үнүн улам жогорулатып, акырында катуу кыйкырат. Аял эркектин матыра иштөөсүн кааласа, анда бир калыптагы акыштаган үн чыгарат.
Үнүн баспай озондоп акыштаса, анда “бел сууңду бат түшүрө көрбө” дегени.

Аялдардын жыныс кынын кантип кичирейтсе болот?

– Мен кезектеги баламды төрөгө­нүмдөн соң эле күйөөм “алигиң” ке­ңейип калгансыйт. Бир чарасын көр­бөйсүңбү” дей баштады. Ошондуктан сиздерден “жыныс кынды ки­чи­рейтүүгө болобу, болсо кантип?” деп сурайын дегем. Күйөөм айткандай, бир чара көрбөсөм, ал башкаларга бара баштайбы деп күмөн санап жатам.

Айка, Жалал-Абад шаары.

– Жыныс кынын кичирейтүүнүн бир топ ыкмалары, колдонулуучу каражаттар бар.

Атайын дары май
Аял жыныстык катнаш болордон 12-20 мүнөт мурун кадимки чалкандан жасалган майдан (дары­канада сатылат) 6 же 8 тамчы жыныс кынынын ичине куюшу керек. Чалкан майы жыныс кынынын ичиндеги нервдерди дүүлүктүрүп, бул­чуң­дар­ды жыйрылтып, жыныс кынын кичирейтет.
Тампондор
Сыртынан караганда кадимки тампондон анчалык айырмасы жок. Бирок керектүү дары заттар сиңирилип коюлган. Кошулардан мурун жыныс кынына салынып, кошулуу алдында алынып коюлат.
Жөнөкөй көнүгүү
Көтөн чучук менен ичтин төмөнкү булчуңдарын жыйрып ичке тартып, канча бир мүнөт кармап туруп кайра коё берүү менен машыгуу. Муну унаада баратып же жумушчу орунда иштеп отуруп деле улум-улум кайталап жасай берсе болот. Натыйжага жетүү үчүн 2-3 ай тынымсыз машыгуу керекте­лет.
Операция аркылуу кичи­рей­түү
Жыныстык кичине эриндердин канча бир бөлүгү бириктирилип, тигилип коюлат.
Эскертип кетүүчү нерсе, төрө­гөндөн кийин түрдүү жолдор менен кичирейген жыныс кыны кайра кеңейип калат. Андыктан курсту кайрадан кайталоого туура келет.

Венера Камалова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sanjarbratt
2012-03-03 11:51:28
Үчүнчү типтегилер – “пилдер”. Жыныс кынынын тереңдиги 25 сантиметрге чейин болот. Жүздөрү жайык, эмчектери чоң, колу-буттары кыска, үнү ичке жана жагымсыз болот.
0
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан