КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫКТАР

ӨСПҮРҮМ 13 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАН
Бишкек шаарында 16 жаштагы өспүрүм 13 жаштагы кызды зордуктап койгон. Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, бул тууралуу кыздын апасы арыз менен кайрылган. Ал өз арызында түнкү үчтөр чамасында борбор шаарда жайгашкан Мамлекеттик тарых музейинин артында 13 жаштагы кызын чала тааныш жигит зордуктап койгондугун билдирген. Көп өтпөй Мамлекеттик адистештирилген кароол-күзөт башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун 16 жаштагы тургуну Н. аттуу өспүрүм кармалган. Бул факт боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕКТЕ ИОРДАНИЯЛЫК ЖАРАН ПАЛЕСТИНАЛЫККА АЛДАНДЫ
Милиция кызматкерлери алдамчылыкка тийиштиги бар деп шектелген Палестинанын жаранын кармашты. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдиришинче, Иорданиянын жараны, убактылуу Бишкек шаарында жашап жаткан 19 жаштагы Хамам Гамель Махмуд арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Убайда аттуу бейтааныш жигит анын ишенимине кирип, «борбордогу ЖОЖдордун биринин даярдоо курсуна өткөрүп берем» деп анын 1400 доллар акчасын алдап алып, изин жашырып кеткен. Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Палестинанын жараны, убактылуу Бишкек шаарында жашап жаткан, 23 жаштагы Аль Казак Убайда кармалган. Иликтөө учурунда Убайданын ушул сыяктуу дагы 2 кылмыш
фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТАЖИК ЖАРАНДАРЫ ИРИ ӨЛЧӨМДӨГҮ БАҢГИЗАТТАРЫ МЕНЕН КАРМАЛЫШТЫ
ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз айланышына каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери өткөргөн атайын операциянын жыйынтыгында Ооган баңгизатынын ири өлчөмдөгү партиясын ташыган адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 20-мартында аталган башкармалыктын кызматкерлери Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл округунда «мыйзамсыз баңгизатын сактаган жана сатууга аракет кылган» деп шектелген 38 жаштагы Тажикстандын жаранын кармашкан. Тинтүү жүргүзгөн учурда анын жанындагы кара түстөгү спорттук сумкадан кара-күрөң түстөгү зат бар 12 даана ором табылган. Экспертизанын жыйынтыгында ал зат апийим болуп чыгып, 12 килограмм 250 граммды түзгөн. Андан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө көпүрөнүн астына бекитип койгон кармалган адамга тиешелүү дагы 18 килограмм 560 грамм салмактагы апийим табылган. Тартылып алынган апийимдердин жалпы салмагы 30 килограмм 810 граммды түзгөн. Бул факт боюнча Лейлек РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 247 (сатып өткөрүү максатында баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатып өткөрүү) жана 204-беренелери (контрабанда) боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда кылмышкердин
шериктерин аныктоо, кармоо иштери жүрүп жатат.
Ушуга улай эле, 23-мартта Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 46 жаштагы тажик жаранын кармашкан. Аталган кызматтын маалымат кызматынын билдиришинче, кармалган адамды текшерүү учурунда жанындагы 2 сумкадан 33 килограмм 660 грамм героин табылган. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу
жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан