Эмчи-домчуга ишенип, ичин ириңге толтуруп алган айымды хирургдар эптеп аман алып калышты. Ага операция жасаган Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун Клиникалык ординатура бөлүмүнүн жетекчиси Нарынбек Талипов мен барганда пациенттерге кайра таңуу жүргүзгөнү жатыптыр. Чепчик, халат, бутка бахила кийип, кошо кирдим.
Оорулуу Зууранын (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) жашы 48де, бишкектик.
Зуура айымдын курсагындагы таңуусун алганда көзгө дароо абдан чоң кесилген жери жана ал жерден көрүнгөн чаар ала ичегилери болду. Нарынбек мырза (сүрөттө) таңуу жүргүзүү менен оорулуунун тарыхын баяндады.
– Бул айымдын диагнозу: курсак көңдөйүнөн жарылган абсцесс. Тарап кеткен анаэробдук, клостридиалык эмес флегмона, сепсис.
Бир жыл мурун Бишкектен УЗИге түшсө, «ичиңде барсылдак бар. Дарылануу, болбосо операция жасатып алдыруу керек» деп айтышат. Бирок врачтарга кайрылбай, Жумгалдагы бир табыпка барган. Ал 1 ай уу коргошун ичирген. Оорусу акыры күчөп, чыдатпагандан Жумгалдагы ооруканага барууга аргасыз болот. Ал жерден союп көрүшөт. Ачканда эле ичинен 1,5 литрдей ириң куюлуп, токтобой коёт. Алар коркушуп, шашылыш Бишкекке жиберишет. Жыйынтыгында ага операция жасалды. Ичинен дагы 1,5 литрден көбүрөөк ириң чыкты. Көрсө, ичиндеги барсылдак (киста) жарылып, ошондон улам ириңдеп кетиптир.
Ириң тепкен жерлердеги майы, эти чирип баштаптыр. Ал жерлерди кесип салууга туура келди. Дагы 1-2 күн болгондо аман калмак эмес. Азырынча күн сайын кайра таңуу жүргүзүлүүдө. Ириң чыгыш үчүн кесилген жерден ылдый бир тилик жүргүздүк. Дагы 15 күндөй жатып, тыңыганда үйүнө чыгарабыз. Эс алып, гемоглобинин көтөрүп келген соң операциянын экинчи этабын жасайбыз.
Буларды угуп, Зуура айымга суроо узаттым.
– Жумгалдагы табыпка кандайча барып калдыңыз, ал айыктырам деди беле?
– Жакындарымдын кээ бири «бычак тийгизбеш керек» дешкенинен улам табыпка тааныштарым аркылуу баргам. Табыптын атын айтпай эле коёюнчу. Дарылап айыктырам деген болчу. Аягы минтип кетерин билсем,
табыпка таптакыр бармак эмесмин.
– Азыр абалыңыз кандай? Таңуу жүргүзүү маалында ооруткан жокпу? Айтор, үн чыгарбай тим жаттыңыз...
– Ушул оорунун айынан абдан кыйналып, азап чектим. Өзүмө-өзүм кылып алдым. Анан таңып жатканда айласыз чыдайсың да, аман калганыңа шүгүр кылып. Дарыгерлерге рахмат, ажал оозунан сууруп чыгышты. Азыр абалым бир топ жакшы.