«Сабиз салаттын айынан операция болуп жатышыптыр...» Бул кабар мени Улуттук хирургия борборунун Боор хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Асанбек Сыдыгалиевге кездешип, баарлашуума түрткү болду.
– Сабиз салат жеп, операцияга түшүп жаткандары чын. Жадакалса мурдагы жылдардан көбүрөөк түшүүдө дейт элем. Аптасына жок дегенде бир же экөө сөзсүз түшөт. Себеби эмнеде? Себеби эң жөнөкөй. Сабиз салатты чайнап жебей, шашкандан же тиши жоктон бүкүлү же бир-эки күрмөп эле жутуп койгондон. Арактын артынан закуске кылып түшкөндөр да бар.
Анткени чайналбай жутулган сабиз ашказанда аш болбойт, сиңбейт. Ичегиге өтүп, бир жерде түйдөктөлүп чогулуп калат. Ичегидегилер нары өтпөй туруп калуудан ич катуу бурап ооруп, көөп, заң чыкпайт. Убакыт өткөн сайын ичегинин жанагы жери сезгенип, ириңдей баштайт. Оорулуу мында да ооруканага келбесе, акырында жарылат.
Сабиз аш болсун үчүн жок дегенде 15-20 жолу чайноо кажет.
Мисалы, өткөн аптада биздин бөлүмгө экөө келип түшкөн. Бири 17 жаштагы бишкектик жигит. Үйүнө ачка келип, шашып-бушуп сабиз салат жеген экен, жыйынтыгы операцияга жеткирди. Ичегисин кесип, топтолуп калган сабиздерди алып чыктык.
Экинчиси 44 жаштагы киши, ал да бишкектик. Байкуш тиши жоктон сабиз салатты эптеп чайнамыш этип жутуптур. Мунун ичегисинде сабиздер ашказанына жакын жерде топтолуп калгандыктан, операцияда сабиздерди кайра ашказанга сыдырып салдык. Ошол жерден калган-катканы араң аш болуп кетет. Ичегисин кескен жокпуз.
Дагы айтчу нерсе, тиши жок чал-кемпирлер, жаштар деле алманы же эттин чарым, тарамышын кесек бойдон жутуп жиберип түшүшөт. Кесек жутулган нерсе, жогоруда айткандай, ашказанда аш болбой ичегиге өтүп, бир жерине туруп калат. Мында деле операция жолу менен алып чыгабыз. Андыктан кемпир-чалдарга, жаштарга деле тиштери түшсө, протез тиш салдырууну сунуштайм. Тамакты чайнап жебесе, ашказанга да күч келип, оорулар жаралат.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg