Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов:«ОШ ОКУЯСЫ КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗДҮ ТАБЫШТЫРГАН»

«Кудайга шүгүр, үйдө, жумушта мени ойлонто турган деле түйшүк жок, баары өз ордуна коюлган. Өлкөбүздө кырсыктар болбой, саясий кырдаал тынч болсо экен деп тилек кылам»,- дейт Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

БОРОНОВ КУБАТБЕК АЙЫЛЧИЕВИЧ
Туулган жылы, күнү
– 1964-жыл, 15-декабрь
Туулган жери – Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айылы
Билими – Жогорку, Фрунзе политехникалык институтун аяктаган
Кесиби – Инженер-куруучу
Аскердик чини – Полковник
Кызматы – 2011-жылдын 24-декабрынан бери КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри
Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы

«АТАМДЫ ТАРТКАМ»
– Атамдын кызматына байланыштуу Өзгөн районунун Зергер айылында төрөлүп, 4-класска чейин ошол жакта чоңойдум. Андан соң түпкү жерибиз Алай районуна көчүп келгенбиз. Атам Айылчы кесиби боюнча ветеринар. Өмүр бою айылдык, райондук деңгээлдеги партиялык кызматтарда, совхоздун директору болуп иштеди. Райондук ветеринардык кызматтын жетекчиси болуп жүрүп пенсияга чыккан. Мүнөзү аябай жумшак, боорукер болгондуктан, айылда бирөө-жарымдын көйгөйү болсо эле атама келишчү. Эч кимисине жок деген эмес. Колунан келишинче маселени чечип бергенге аракет кылчу. Ошол убакта атама анын жардам бере алганы
үчүн же кеп-кеңешин айта алганы үчүн кайрылышса керек деп ойлойм.
Апам Кайры балдарын тарбиялап эле үйдөн чыга алган жок. Ата-энебиз балдарын улууну сыйлоого, тартиптүүлүккө, мусулман баласына мүнөздүү сапаттарга ээ болууга тарбиялады. Мен да бирөө бир жамандыкка же кырсыкка кабылып калса, кайдигер карай албайм, башка адамдыкы болсо да көпкө чейин түйшөлүп, жардам бергенге аракет
кылам. Ошондуктан мүнөзүм боюнча атама окшошмун деп ойлойм.
8 бир тууганбыз. 5 эркек, 3 кыз, мен бешинчисимин. Учурда бир туугандарымдын бардыгы үйлөнүп-жайланып, ар кимиси өз тирилиги менен алек.

«ТАРТИПТҮҮ ОКУУЧУ БОЛГОМ»
– Тартиптүү окуучу болуп жүрүп мектепти аяктадым, эстеп көрсөм, бир да жолу бейбаштык кылып ата-энемден уруш уккан учур болбоптур. Аттестатымда 6-7 сабактан «4» чыкса, калганы баары «5» эле. Кийин шаарга келип окуп калганда билдим, менин «5терим» шаардагы «3» деген баанын деңгээлине барабар экен. Көрсө, айыл жергеси менен шаардагы билим берүүнүн айырмачылыгы чоң экен.
Мектепте окуп жүргөндө милиция кызматкери же инженер болом деп кыялданчумун. Мектепти бүтүп, Казакстандын Караганда шаарындагы жогорку милиция окуу жайына документ тапшырууга келгенде, тилекке каршы, кеч болуп калып, политехникалык институтка баргам. Ага да өтпөй калып, аскерге кеттим.
Аскерден келген соң алгач даярдоо курсунда окуп, кийин мурунку Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы политехникалык институтунда окудум. Аскерден келип окугандыктан, токтолуп калган элем. Биринчи курстан баштап эле комсомолдук, коомдук уюмдарда иштеп жүрдүм. Ал убакта комсомолдук отряддар бар эле, ошол отряддарда, студенттик кеңештерде иштедим. Отряддар уюшулуп, алыскы райондорго барып жайы бою эмгектенчүбүз. Элдики сыяктуу эле студенттик күндөр, кечтер
өттү.

«ТИШ ДОКТУРДУН БАРМАГЫН КЫРЧА ТИШТЕГЕМ»
– Аскерде Украинада кызмат өтөдүм. Эл катары «молодой» болуп таяк жеп, «дед» болгон күндөр өттү. Алгачкы алты ай 15 миң аскерлүү дивизия турган бөлүктө «учебкада» болуп, кийин башка бөлүккө которулдум. «Учебкам» өткөн аскер бөлүгүндө тартип күчтүү, аябай таза болчу. СССРдин мурунку Коргоо министри Андрей Гречконун сүйүктүү окуу аскер бөлүгү болгон. Ал жылына 1-2 жолу келип турчу экен. Гречко келет дегенде күз болуп, саргарып калган чөптөрдү жашыл түскө боёп чыгышыптыр.
Эң эсимде калганы, бир ирет тишим ооруп калып врачка бардым. Врач картаң чал экен, тишимди көрүп, «муну жулуп салыш керек» деп калды. Ооруну сездирбөөчү дарыны аз бергенби, билбейм, тишимди сууруп жатканда ушунчалык сыздады дейсиң, тишимдин ошол ооруганы бүгүнкү күнгө чейин эсимде. Аттиш сыяктуу аспабы менен сууруй албай, башка бир нерсеси менен омкоруп киргенде чыдабай кетип тиш доктурдун бармагын кырча тиштеп салгам.

«ТҮШҮНБӨСТҮКТӨН УЛАМ ТААРЫНЫША КЕТКЕН УЧУРЛАР БОЛОТ»
– 1990-жылы 5-курста окуп калганда жубайым Гүлмира менен таанышкам. Ал буга чейин Өзбекстандын Самарканд шаарында кооперативдик институтта окуптур. Ошол жылы Ош окуясы болуп кетип, Кыргызстанда окуган өзбектерди Өзбекстанга, ал жакта окуган кыргыз студенттерин Кыргызстанга которгон. Келинчегим мен окуган политехке которулуп, окуп калган. 6 ай убакыт сүйлөшүп жүрүп үйлөнүп алдык.
Келинчегим – жакшы эне. Менин жумушум көбүнчө командировкаларга байланыштуу болгондуктан, балдарды тарбиялоону өз жоопкерчилигине алды. Ал мамлекеттик кызматтарда аз эле иштеди. Кийин чакан кондитердик цех ачып, ошону иштетип, андан түшкөн киреше үй-бүлөбүзгө кенен жетет. Бүгүнкү күнгө чейин жүз карашпай калгыдай катуу урушкан жокпуз, бирок майда-чүйдөдөн же түшүнбөстүктөн улам таарыныша кеткен учурлар болот. Бир уул, бир кызыбыз бар. Уулум Эркинбек 21де, учурда «Ала-Тоо» университетинде окуйт. Кызым Арууке 5 жашта, бала бакчага барат.

«МАГА КАРАГАНДА БАЛАМ ЧАРБАЧЫЛ»
– Үйдө мыкты кожоюнмун деп мактана албайм, бош болсом, убактымды эс алуу менен өткөрөм. Негизи эле биз баш кошкондон бери бардык шарттары бар батирде жашагандыктан болуш керек, үйдө жалкоороокмун. Мага караганда балам чарбачыл, үйдөгү жумуштардын баарын өзү кылат. Ал тургай мен өмүрү чогултпаган курулушка керектүү шаймандардын баарын сатып алыптыр. Балам 5-класста окуп жүргөндө бир ыр жазганы эсимде. «Мага ушундай ата-эне бергенине Кудайга рахмат...» деген мазмунда болчу. Ошондон улам мен жаман ата эмес экенмин деп ойлойм.

«ТАШ ТИЗҮҮЧҮДӨН МИНИСТРЛИККЕ...»
– Эмгек жолумду Бишкек шаарындагы «Фрунзестрой» деген ишканада таш тизүүчү болуп баштагам. Кийин мамлекеттик курулуш ишканаларында инженерлик кызматтарда иштеп жүрүп, заводдун директорлугуна чейин жеткем. 2000-жылдардын башында курулуш иштердин баары токтоп, ошого байланыштуу заводдор да токтоп, мага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жумушка кирүүгө сунуш болгон.
Ошентип, 10 жылдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп келе жатам. 4 жылдын жүзү болду, жайкысын бир жумага же 10 күнгө кыска эмгек өргүүсүн алам. Анын 3-4 күнү айылга барып, тууган-урукка жолугуп келгенге кетсе, дагы 3-4 күнү Ысык-Көлгө эс алып келгенге кетет. Ошентип, 1 жылдык эмгек өргүүм бүтүп калат.

«ИШТЕСЕК ЭЛЕ ӨНҮГӨБҮЗ»
– Көп мамлекеттерде болдум. Мисалы, Түштүк Корея, Японияда жер астынан чыккан кен запастары жок, көпчүлүгү ташылып келет. Ал тургай газ, жыгач материалдардан бери сатып алышат, бирок аябай өнүккөн мамлекеттер. Алар ушул деңгээлге иштермандыгынын артынан жетишти. Биз да ошолордой иштегенди үйрөнсөк, ар ким өз ишин мыкты аткарса, бат эле бутубузга туруп кетебиз деп ойлойм.

«АҢЧЫЛЫККА КЫЗЫГАМ»
– Окуучу, студент убагымда стол үстүндөгү теннис, волейбол ойночумун. Азыркы кезде аңчылыкка, балык уулоого кызыгып кеттим. Өзүмдүн 12-калибрлүү 5 атар мылтыгым бар. Бирок убакыт тардыгынан улам 2-3 жылдан бери аңчылыкка чыга элекмин. Негизи эле аңчылыкка көп атып алуу үчүн эмес, кумар алуу үчүн чыгам.
Быйыл барам деп жакшы эле аракет кылып, жарым күнгө араң убакыт таптым. Аным да ийгиликсиз болду. Эң ийгиликтүүсү деп бир ирет Арчалуу деген капчыгайга аңчылыкка чыкканымды айтат элем. Жаңы эле барганыбызда эликтер чыга калып, 2 эликти катарынан атып, сүйүнүп кайтканбыз. Дагы бир ирет Суусамырга кийикке аңчылыкка барып, 2 кийик атып алып отурсак, бизди аралап кийиктин улактары чуркап өтүп кетти. Үчөөбүздүн тең колубузда мылтык даяр болсо да, артынан аткылап тийгизе албай койгонбуз. Аңчылыктын мага жакканы – кекиликке чыгуу. Бул илбээсинди биринчиден оңой табасың, экинчиден анын эти даамдуу, анан артынан жүрүп көп жерди басасың.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өзгөчө кырдаалдар министри К. Боронов: "Ош окуясы келинчегим экөөбүздү табыштырды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
alievna.1989
2013-04-01 15:23:34
Кубатбек мырза Алайдын кайсы айылынан болот экен.
0
Шаиста Шатманова
2013-04-02 17:08:29
Жаныбарларды, Табиятты коргоочулар окуса чалкасынан кетишери анык. "Элик аттым, кийик аттым" деген жери бираз капа кылды. Улактарды көргөндө суктанып туруп калдык деп айтат экен десем... артынан атып тийгизе албай калдык дептир... Өкүнүчтүү.
+1
mahabat.
2013-04-04 20:10:19
озунчо эле я не я го.тим эле идеальный го айтып отурса.интересно ушул создордун канчасы чын канчасы калп.
0
mahabat.
2013-04-04 20:18:15
биздин министирлер жогоруда сиз айтып кеткен атаныздан калган сапаттарга ээ болсо кана жыргабайт белек.бардык эле чиновниктин же артисттин интервьюсундо бут эле алланы,ыйманды суйлошот.мындай чыгышып эле ыйман эмне экенин унутуп коюшат.эч кимге ишенбейм
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан