Талас районунун Кум-Арык айылында бүтпөгөн үйдүн ичинен 18-март күнү 30-35 жаштагы азиат улутундагы белгисиз аялдын денеси табылган. Анын ур-соккудан өлгөнү аныкталган. 26-мартта аны өлтүрүүгө шектүү делген адам Талас ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалды. Кылмышка шектүү адам каза болгон аял менен жарандык никеде жашаган. Учурда аялдын өздүгү аныкталып, ал Талас районунун айылдарынын биринин жашоочусу, 1981-жылы туулган Ш.Ж. экени тастыкталды.