Казакстан менен Кыргызстандын жергиликтүү бийликтери өткөн жылдын сентябрь айында 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Бирок Көк-Сай айылынын жашоочулары бул чечимге макул эмес экенин айтып 25-мартта борборго келишти. Алар өкмөттөн жана тиешелүү министрликтерден Көк-Сай айыл өкмөтүнө караштуу 2600 гектар жерди Казакстандын Жамбыл облусунун Андреев айылы менен алмашкан макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышты.
Талас облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Байыш Дүйшөбаев: «Көпчүлүк эл макулдугун берген. Арасында каршылары да болгон, бирок алар да көпчүлүктүн пикирине макулдугун айтышкан. Анда сугат жер жок, кайрак жерлер бар. Ошол жерде кимдин үлүшү бар болсо, айыл өкмөткө караштуу жерлерден каалаган бөлүгүн алса болот»,- деп билдирет.