Талас облустук Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ооруканасынын башкы врачына карата кылмыш иши козголду. Аймактык прокуратуранын билдиргенине караганда, текшерүү мезгилинде башкы врач кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. Тагыраак айтканда, ардагерлерди алдап, акы төлөөсүз кызматтарды башка атуулдардын колдонуусуна жол берген.