Замир Баялиев, манасчы:«МАНАСЧЫЛЫКТАН БАШ ТАРТКАНДАР МАЙЫП БОЛУП КАЛЫШЫ МҮМКҮН»

Манасчылык өнөр тууралуу кимдер гана сөз кылбаган. Талас облусунда да мындай өнөр ээлери аз эмес. Ачылгандан ачыла элек сыры көп манасчылар жана манасчылык өнөрдүн сырлары менен Замир Баялиев бөлүштү.

Туулган жери – Талас району, Манас айылы
Туулган жылы, күнү – 1980-жыл, 21-апрель
Кесиби – Филолог
Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы
Жетишкендиктери – Республикалык «Эл ичи – өнөр кенчи» сынагынын жеңүүчүсү, Саякбай Каралаев атындагы алтын төш белгисинин ээси (2005-ж.)
Түркиянын Кипр шаарында өткөн «Коркут ата жана келечекке Түрк дастандары» фестивалынын лауреаты (2010-ж.) жана башка

– Замир мырза, манасчылык өнөрүнө кантип баш багып калдыңыз?
– Кичине кезимден аян түштөрдү көрүп жүрдүм. Алгач түшүнө алчу эмесмин. Он беш жашымда эпостогу баатырлардын элесин даана көрдүм. Анан ошол түш бассам-турсам эсимден кетпей, өзгөчө таасир этти. Балким, кээ бир адамдар «манасчылар өздөрүн сырдуу көрсөтүү үчүн тапкан акылы» деп ойлошор. Чындыгында, бул касиеттүү дүйнө.
Ошондон тарта өзүмөн-өзүм бук болуп, талаага чыгып «Манас» айта баштадым. Айткандан кийин бугум чыгып, жеңилдеп, сергип калчумун. Бир жолу ойлонуп отуруп мындай жоругумду биротоло унутайын, элге окшоп билим алып, бир кесиптин ээси болоюн деп чечкем. Анткени менен күндөн-күнгө ден соолугум начарлап, ооруканадан башым чыкпай калды. Бир ирет түшүмө баатырлардын бири кирип «Манас» айт» деди, мен «айтам» деп убада бердим. Аян көргөн же анын касиетин сезген адам сөзсүз манасчылык өнөрдү аркалашы керек экен. Андан баш тарткандар майып болуп калышы да толук мүмкүн.

– Манасчылардын колдоочулары бар дешет...
– Албетте. 16-17 жашымда болсо керек, Суусамыр жайлоосунда жүргөн кезде жылкынын издерин көрдүм. Бирок кадимки жылкынын изиндей эмес, өтө чоң экен.
Кырсыктан Кудай сактасын, жакшылыктардан алдын ала кабар берген учурлар болот. Мисалы, 2005-жылы республикалык кароо-сынак болуп калды. Баш байге Саякбай Каралаев атындагы алтын төш белгиси эле. Мен өзүмдү сынак боло электе баш байгенин жеңүүчүсү катары түшүмдө көргөм. Жыйынтыгында дал ошондой болду.

– Өзүңүздү кайсы манасчынын шакиртимин деп эсептейсиз?
– Жаңыдан «Манас» айтып жүргөн чакта манасчылардын оозунан уксам деп, аларды издеп барган учурлар көп болду. Бала кезимде Талас өрөөнүндө Асанкан Жуманалиев деген манасчыга барып батасын алдым. Андан соң борборго келгенде Назаркул Сейдиракманов, Уркаш Мамбеталиев, Шаабай Азизов деген аксакалдардын батасын алып, алардан үйрөндүм.

– Кайсы бөлүмүн көп айтасыз?
– Ар кайсы убакта ар кандай, угуучуларга жараша болот. Азыркы учурда көбүнчө Алманбет менен Сыргактын чалгын чалганын айтып калам. Кытай Республикасына бараткан сапарымда эмнегедир ушул окуялар көз алдыма элестей берди. Чек арадан өткөндөн кийин Кытайдагы биринчи эле коноктогон айыл өкмөтүндө «Манас» айтуумду сурангандарга ушул окуяны айтып бердим. Жергиликтүү кыргыздар «мындан ары кытай аралашкан окуялардан айтпай эле койгонуң дурус болот» дешти. Кызыл-Сууга барганда чындап эле ошондой экен. Кечки тамактанууда Роза Отунбаева баш болгон конокторго жана кытайлык туугандарга Каныкей энебиздин эрдиктерин, ал эми Булуң-Көл деген жерде, Манас атанын айкелинин ачылышында баатырдын келбетин айттым. Бизде болсо бардык учурларды айта берсе болот.

– «Манас» айтып жатып убакытты билбей калган учурларыңыз болобу?
– Болот, себеби айтып жатып убакытты эсептөө мүмкүн эмес. Мисалы, Индияга барганда кыркка жакын мамлекеттен өкүлдөр келишти. Жыйындын ачылышында эң биринчи кезекти манасчыга беришти. От күйгүзүү жөрөлгөлөрүндө кадырлуу адамдары мени чакырып, шамды чогуу кармап от тутандырдык. «Манас» айтууга жыйырма мүнөт убакыт беришти. Ал жерде убакыт тартыш эле, мынча убакыт бир да өкүлгө берилген эмес. Жетекчим, профессор Гүлнара Амановна жыйырма мүнөт болгондо колун көтөрүп белги бермек, мен токтомокмун. Сахнага чыкканда жарым сааттан ашып кетиптирмин, жетекчим жаныма келип араң токтоткон.

– Үй-бүлөңүз тууралуу кеп салып берсеңиз...
– Алты бир тууганмын. Ата-энем бизди туура тарбиялап, эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Азыр үй-бүлөлүүмүн. Келинчегимдин аты – Перизат. Асылзат, Акбермет аттуу эки кызым бар.

– Келинчегиңиз үйлөнө электе «Манас» айтууңузга кандай карачу эле?
– Перизат экөөбүз беш жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. «Манас» айтканыма сыймыктанчу, өзү да эпосту толук окуп чыккан. Бирок Перизат башка кесиптин ээси.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
_oichul_
2013-04-01 22:36:54
Сиз менен сыймыктанабыз байаке....талантыныз ташкындай берсин
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан