Терезени карасам, элдин бардыгы кайдадыр шашып бара жаткансыйт. Кайда шашышат? Эмнеге шашылышат? Тиги кетип бара жаткандарга суктана тигилем. Сүрөт тартканды аябай жакшы көрчү элем. Ооруканада жаткандан бери ага да көңүлүм келбей калды. Эми мага жашоонун кызыгы жок. Жанымды деле кыйып коёр элем. Бир гана апам байкушту аяп кетем.
ххх
Ошол күнү каргашадай болуп балдар менен көчөгө чыгып калдык. Кичине ичип, тынч эле үйүбүзгө келип жатып калганбыз. Эртең менен эле короодо «менттер» турганын көрдүм. Сөзгө келбей, «кыз зордуктаган экенсиңер» деп сүйрөп кетишти. Түшүнбөй калдым. Анткени кечээ балдар менен сыра ичип, гитара чертип отуруп тарап кеткенбиз. Эч кандай кызды көргөн эмеспиз.
Көрсө, ошол күнү бир кызды белгисиз бирөөлөр биз отурган жерден бир аз алыс жактан зордуктап кетишкен экен. Кыз төрт жигит дептир, биз да төртөө элек, бирөө «Адилет» деп үн чыгарган экен, менин атым да Адилет. Ош шаарында миң Адилет бар го. Чындыкты эч ким териштиргиси келген жок. Төрт жигиттин эртеңки тагдырына эч ким кызыкпады. Бирден терип барып тыгып салышты. Кийин билсем, ал кыздын агасы «мент» экен. Анан... анан баары башталды.
ххх
Кара мүртөз адамдар кайдан жаралат болду экен?! Мынчалык адам санынан чыгарып салгандай эмне кылдым мен аларга? Болгону күнөөмдү мойнума алган жокмун. Апам менен атама «мунун баласы кыз зордуктаптыр» деген сөздү угузгум келбеди. Намыстан күйүп, башын көтөрө албай калышарын ойлогонумда, таптакыр мойнума алгым келбеди. Мектептин директору болуп эл аралап жүргөн атам шылкыйбасын дедим.
Милиция кызматкерлери мойнуна койдурабыз дешип уруп-сабашты. Алгач этим ооруганына чыдабай кол кайрысам, эки-үчөө жабылып кетти. Көзүм караңгылап бара жатып, «мойнуңа ал...» деп бакырып жатышкандарын уктум.
ххх
«Мойнуңа ал...» Ушул сөз азыр да кулагыма жаңырат. Апам, ай, бир тамчы көз жашыңды тамызбайм дечү элем. Ак экенимди далилдеп ордон куткарып кеттиң. Өх, тим эле денем чымырап, жаным көзүмө көрүнүп бара жатат. Бир бутумдун сөөгү талкаланып, бөйрөктөрүм иштен чыгыптыр. Аны кечээ эле врач айтып кетти.
Бутумдун сынган сөөгү ичинен ириңдеп кеткендиктен, врачтар «гангрена» деп кесип салышты. Операциядан ойгонорум менен бутумду кармадым. Жок! Жоон сандан ылдый... Ыйлап жаттым. Жүрөгүм тызылдап, абалыма эч макул болгум келбеди.
Ооруканадан чыкмай болдум. Жаш толгон апамдын көздөрү көзүмө чагылды. Чыдап карай албай терс бурулдум. Апам жакын келди да, майыптардын арабасында отурган мени сүйрөп жөнөдү. Атам алдыда ийиндери дирилдеп үнсүз ыйлап баратканын сездим. Үчөөбүз тең бири-бирибизге билгизбей ыйлап
жаттык.
Сүйгөн кызым Асел экөөбүз ушул жылдын күзүндө үйлөнмөкпүз. Апабызды кубантмакпыз. Бирок...
ххх
Мен тагдыр менен күрөшөм деп чечтим. Байкушту байкуш деген сайын чөгөт экен. Мен тагдырымды кабыл алдым, мындан ары чөкпөй, жашоомду уланта берем. Калемдеримди алдырып, мурункудай сүрөт тартып жатам. Ар бир тартылган сүрөтүм менен менин жашоо кумарым ойгоно баштады. Мен жашайм...
Адилет