Урмат Абдилаев, спортчу:«2-ОРУНДУ АЛГАНЫМА ЫЗАЛАНЫП ЫЙЛАГАМ»

Жаш болсо да алдына максат коюп, ага жетүүгө бар күчүн жумшаган каарманымдын өжөрлүгү кубантты. Урмат Абдилаев спорттун каратэ түрү менен машыгып, учурда машыктыруучу болгонго да жетишти. Алдыда «кыргыздын желегин далай желбиретем» деген максаты бар.

АБДИЛАЕВ УРМАТ КАЛЫКБАЕВИЧ
Туулган жылы, күнү
– 1996-жыл, 31-май
Туулган жери – Сузак району, Таран-Базар айылы
Бою –180 см
Салмагы – 61 кг
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын кичүүсү
Учурда –Жалал-Абаддагы Раатбек Санатбаев атындагы №9-мектеп-гимназиянын 10-классынын окуучусу

– Урмат, эмнеге спорттун бул түрүн тандап алдың?
– Мен 3-класста окуп жүргөндө жаныбызда жашаган кошунабыздын уулу каратэ менен машыкчу. Машыгуудан келип, балдар топтолуп калганда ал жакта эмне кылганын айтып берсе, кызыга берер элем. Анан апамдын кулагынын кужурун алып жүрүп, акыры мени машыктыруучум Рахман Бакыт уулуна каратэ-до ийримине алып барган. Кичине кезимде ушунчалык коркок, назик бала элем. Эч ким менден мындай ийгилик күтпөгөн десем да болот. Эми каратэ – менин жашоом.

– Эң алгач ийгиликке качан жетиштиң?
– Машыкканыма 2 жыл болгондон кийин, 5-класста окуп жатканда Благовещенка айылында «Ак каркыра» аттуу чоң турнир болгон. Мелдештен 1-орунду багындырып, машыктыруучум, ата-энем аябай кубанган. Ошентип, жеңишке жетишкенимди көрүп, теңтуштарым да ушул спортко аралашып кетишти. Кийинчерээк кыздар да мени ээрчип бара башташты.

– Жеңиштин даамын таттым дечи...
– Кийин Ошто өткөн эл аралык мелдешке барып, 2-орунду алып калдым. Ошондо ызама чыдабай аябай ыйлагам. Мына ошол жеңүү-жеңилүү ызасы, кубанычы алдыга жүрүүгө шыктандырат экен. 7-класста окуп жүргөндө Ташкентке барып, эл аралык мелдеште 3-орунду алдым. Андан кийин 9-класста окуп жаткан кезде Казакстандан 3-орунду ээлеп кайттым.

– Кызыкка бай болсо керек, ар бир мелдеш?
– Машыктыруучум экинчи атам болуп калган. Кайда болбосун агайым мени жетелеп жүрүп ушул деңгээлге жеткирди. Бир жолу бир мелдеште мушташчу жайга чыгып алдым, агайым дайым мага колу менен жаңсап, багыт берип турчу да. Агай болсо көрүнбөйт. Мен кыжалат болуп, атаандаш тууралуу ойлобой эле, агайымды
ойлой берипмин. Ошондо жеңилип калгам.

– Жашоодо муштумуңду пайдаланган учур болгонбу?
– Агайым «бул спортто муштумуңарды бир гана машыгуучу залда көрсөтүп, мелдеште аны сынагыла! Көчөдө муштум колдонуу – акылсыздык» деген. Андыктан бөөдө бирөөгө муштум шилтемей жок.

– Учурда кандай максат, даярдык менен жүрөсүң?
– 2012-жылдын октябрь айынан бери машыктыруучу болуп иштеп жатам. Жалал-Абад облусу боюнча каратэ-до менен машыккандардын саны 80ге жетиши мүмкүн. Агайым 30 чакты балага машыктыруучу болсо, мен 15 чакты баланы машыктырып жүрөм.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ayva
2013-04-03 22:56:39
ийгилик алга кыргызым дагы коп коп жигиттер алдыга озуна берсин
0
№ 543, 29-март- 4-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан