Ар бир айым колдорунун жана манжаларынын сулуу, көрктүү болушун каалайт. Ал үчүн маникюр кызматын көрсөтүүчү салондор да бар. Ал эми үй шартында колго кам көрүп, тырмак боёону үйрөнгүңүз келсе, төмөндү карай көз жүгүртүңүз.
ТАРЫХЫ
Тырмакка сүрөт тартуу искусствосунун (Nail Art) келип чыгышына индиялык айымдардын колдоруна тарткан сүрөттөрү негиз болгон. Ал эми тырмакты узун кылып өстүрүп, ага гүлдүн сүрөтүн тарткан алгачкылар – япониялык гейшалар. Тырмактын узун болушу көрк тартуулаарын кытай кыздары да манжаларына узун, учтуу темирлерди кийип бийлөө менен тастыктап келишкен. Тырмак боёктун (лактын) келип чыгышы тырмакка ар түрдүү сүрөттөрдү тартууга мүмкүнчүлүк берди.
ТЫРМАКТАРДЫ ДАЯРДОО
1. Алгач колду жылуу сууга малып, 5-10 мүнөт кармоо керек. Бул тырмактын тегерегиндеги терини жумшартуу үчүн жасалат.
2. Эми жаргак терилерди атайын кескич менен этият кесип салыңыз.
3. Өгөөнүн жардамы менен тырмактар формага келтирилет. Сиздин тырмактар боёп, сүрөт тартууга толугу менен даяр болду.
СУУ МЕНЕН
1 Cуу куюлган идишке 2-3 түстөгү лакты биринин үстүнө экинчисин тамызып, тиш чукугуч менен сызыкча жүргүзүңүз.
2 Эми тырмактарды суудагы сүрөттүн үстүнө тийгизип, кайра этияттык менен суудан чыгарыңыз.
3 Тырмактын тегерегиндеги ашыкча лакты кетирүү үчүн кебезди ацетонго малып, тазалап, үстүнөн бекемдөөчү (түзсүз) лак сүйкөңүз.
ГЕЗИТ МЕНЕН
1 Алгач тырмакты негиз боло турган лак менен боёо керек.
2 Анан идишке куюлган спиртке боёлгон манжаны 5 секунд малып кармап, чыгарар замат гезиттин барагын тырмактын үстүнө жабыштырып, 10 секунд кармаңыз.
3 Баракты этияттап сыйрып, үстүнөн бекемдөөчү лак менен боёп коюңуз. Ашыкча боёктор ацетонго малынган кебез менен тазаланат.
ГУБКА МЕНЕН
1 Нымдалган губканы ак түстөгү лакка малып алыңыз.
2 Аны боёлгон тырмактын учуна абайлап басуу керек.
3 Акырында бекемдөөчү лак менен боёлот.
ИЙНЕ МЕНЕН
Төмөндөгү схемаларды пайдаланып, тырмагыңызга ийне менен эки түрдүү сүрөт тартсаңыз болот.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg