Гезитибиздин 438-санында жарыяланган «Жди меня» эми Кыргызстанда» деген макала эсиңизде болсо керек. Анда жакынынын дайынын билбеген мекендештерибиз издөө салышкан. Натыйжада 12 адам жакындары менен табышканы белгилүү болду. Издешкендерди табыштырып, аларга кубаныч тартуулоодо салым кошо алгандыгыбыз үчүн кубанычтабыз. Урматтуу окурман, төмөнкү тизмени окуп көрүңүз, балким, сизди да кимдир бирөө издеп жаткандыр...
1. Доминова Фаина Хайруллаевна (1946-ж.) курбу кызы Мырзабаева Флора Закировнаны (болжол менен 1936-1938-ж.ж.) издейт. Көчүп кеткендиктен байланышы үзүлүп калган. Акыркы жолу 1984-жылы көрүшкөн.
Ошондой эле курбу кызы Утесова Алла Ибрагимовнаны (болжол менен 1938-1939-ж.ж.) издейт. Ал санэпидемстанцияда иштечү. Акыркы ирет 1980-жылы кабарлашкан.
2. Тойчиева Сария Мухаммеджановна (1942-ж.)
тууганы Мустафин Ринат Равильевичти (30.11.1960-ж.) издейт. 2012-жылдын 25-августунда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ринат 2-топтогу майып. Калтыратма шал оорусу менен ооруйт. Аркасында күйүктөн калган так бар.
3. Сариев Максат Эдилбекович (1981-ж.) атасы Сариев Эдилбек Бекишовичти (13.03.1954-ж.) издейт. 2010-жылы 11-майда тууганына конокко кеткен бойдон келген эмес.
4. Шаршеева Майрамкүл Тентимишовна (1975-ж.)
агасы Шаршеев Каныбек Тентимишовичти (16.11.1966-ж.) издейт. 1999-жылы 29-мартта «Ош базарынан» жоголгон бойдон табыла элек. Аны менен чогуу жоголгон Бакыт аттуу жигит (1975-ж.) да алигиче дайынсыз.
5. Кадыркул Таксанбаев (26.01.1972-ж.) Орусиянын Калуга шаарында аскердик кызматты бирге өтөгөн досу Марат Шергазиевди (1972-ж.) издейт. Акыркы жолу 1992-жылы көрүшкөн.
6. Дүйшөбаев Жаныбек Капарович (1979-ж.) чоң атасы Дүйшөбайдын балдарын, неберелерин издейт. Дүйшөбай ата Кочкор районунун Анжар айылында имам болгон жана 30-жылдардын ортосунда репрессияланган.
7. Өмүралиева Алика Айдарбековна (1961-ж.) кошунасы Аскар Миңбаевди издейт. Аскардын Майрамкүл аттуу аялы, Нургазы деген уулу бар болчу. Кийин алар Стрельникова айылына көчүп кетишкен. Акыркы жолу 1976-жылы кабарлашкан.
8. Абдрахманов Марат Токтобаевич (1982-ж.) беловодскоелик Тазагүл аттуу кызды издейт. Акыркы жолу 2012-жылы кабарлашкан.
9. Алымбек Барктабасов (1947-ж.) уулу Барктабасов Ырысбек Алымбековичти (8.12.1969-ж.) издейт. Ырысбек 1995-жылы 9-декабрь күнү үйдөгү кийими менен үч досуна кошулуп чыгып кеткен бойдон келген эмес. Анын жанындагы достору да дайынсыз жоголгон.
10. Мамытканова Елена Асранкуловна (1978-ж.) Токмок шаарындагы №15-орто мектепте чогуу иштешкен Азиза Турусбекованы (1978-ж.) издейт. Азиза англис тили мугалими, Аман аттуу уулу бар.
11. Гүлмира Жапарова (1960-ж.) уулу Эрлан Турдубек уулун (1990-ж.) издейт. Баланы апасынан туугандары зордоп алып кетип калышкан. Азыр апасы инсульт болуп айыгып чыкты, уулун көрүүгө көзү төрт.
12. Абыкеев Чубак Кенжебекович (04.06.1983-ж.) тууганы Абыкеев Бакыт Кыдырбековичти (08.03.1983-ж.) издейт. Акыркы жолу 2010-жылы Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунан жолуккан бойдон дайынсыз жоголгон.
13. Турдубек Арстанов (1956-ж.) классташы Убакеев Өмүрбек Жапаровичти (1955-ж.) издейт. Акыркы жолу 1971-жылы кат алган бойдон кабары жок.
14. Султанакунов Айбек Токтогонович (1991-ж.) бир полкто чогуу кызмат өтөгөн досу Чыңгыз Сүйүнбек уулун (1990-ж.) издейт.
15. Абутова Венера Маканбаевна (1983-ж.) досу Жылдызбек Аскат уулун (30.12.1984-ж.) издейт. Акыркы жолу 2011-жылы байланышкан бойдон телефон номерин жоготуп алып, досунун дайынын таппай калган.
Изделип жаткан адамдардан кимдир бирөөнү таанып калсаңыз же издөөгө арыз таштай турган болсоңуз, «Жди меня» программасынын Кыргызстандагы жардамчысы САЛТАНАТ АДЫЛБЕК КЫЗЫна телефон чалсаңыз болот. Т.: 0772 081384, (0312) 660424. Андан тышкары www.poisk.vid.ru сайты сиздин кызматыңызда.