Лейлек районуна караштуу Бешкент аймагынын Кайрагач айылында жергиликтүү тургундар үчүн фельдшердик-акушердик пункт салынып жаткан. Жаңы имарат капиталдык ремонттон өтүп, жаңы эмеректер менен камсыздалып, ишке берилди. Имараттын жалпы сметалык баасы 750 миң сом болсо, анын ичинен Кулунду жалпы дарыгерлер тобунан 100 миң сом, элдин эсебинен 50 миң сом жана Бешкент аймагынан 600 миң сом чогулган. Буга улай эле Исфана шаарына караштуу Ак-Булак айылында дагы бир фельдшердик-акушердик пункт ачылып элди кубандырды.