25-март күнү Баткен облусуна ИИМдин биринчи орун басары, милициянын полковниги Бактыбек Жусубалиев иш сапары менен келди. Алгач ал Кызыл-Кыядагы Караван айылына курулган Караван аймактык милиция бөлүмчөсү жана Кадамжайдын Марказ айылында курулган Марказ аймактык милиция бөлүмчөсү менен таанышып чыкты. Андан соң Баткен
ОИИБинин имаратына келип өздүк курам менен жолугушту. Бул жолугушуунун алкагында Бактыбек Жусубалиев Баткен жергесиндеги милиция кызматкерлеринин кызматтык үйүн бүтүрүп берүү маселесин жана да айлык акыларын жогорулатуу жагын ИИМге сунуш кыларын айтты.