Баткен районуна караштуу Самаркандек айылынын тургундары кайрылуу жасоодо. Алар Тажикстандын Исфара, Чаркөө, Сур аймактарынан келген тажик жарандары Самаркандек айылындагы базарда тамак-аш сатуусун токтотуп берүү жөнүндө суранышкан. Келген айымдардын бири Айнура Сыдыкова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Тажик жарандары «Самаркандек» базарынын жанындагы жолдо тамак-аш сатышат. Ушунун айынан айылыбызда жугуштуу оорулар көбөйдү. Алар эч кандай гигиенаны сакташпайт. Коңшу тажик жарандарын ал жерде соода кылуусуна көп жолу каршылык көрсөттүк, бирок эч кандай майнап чыкпады. Айыл башчысына да, базар башчысына да бардык, алардын бири да маселени чечип бере албады жана чечүү үчүн аракет да көргөн жок. Алардын тамактарын качан бышырып келгендиги, тазалыгы текшерилбейт.