Кеңсебизге орто жаштагы аял келип, «мен сырымды эл менен бөлүшкүм келет. Ушул жашка келип сүйдүм, болгондо да үй-бүлөлүү, өзүмдөн кичүү жигитти» десем четтен иренжишери турган кеп. Бирок мен турмуштун жылаңач чындыгын айткым келет» дейт Нургүл аттуу айым.
«АЗАП МЕНЕН ЖОЛУГУП, 3 КҮН ГАНА ЧОГУУБУЗ»
– Мен сүйүү кандай учур болсо да, кечигип келе берерин түшүндүм. Учурда кырктан ашкан аялмын, ушул жашта жүрөгүмө сүйүү келип отурат. Жолдошум 2001-жылы мен уул төрөгөн күндүн эртеси каза болуп, жалгыз калгам. Күйүтүмө чыдабай жүргөнүмдө, бир айдан ашпай ымыркайым да чарчап калды. Ошондон бери таш болуп калган жүрөгүмдү жылыткан жалгыз адамым Адыл болду. Бул ысым жан дүйнөмө сиңип бүткөн. Менден кичүү. Учурда Астанада үй-бүлөсү менен жашайт.
2009-жылдын июнь айында Чүйдө, Воронцовкада эс алып жүргөм. Адыл да ал жакта дарыланып жүрүптүр. Сейилдеп жүргөндө көрүп калчу элем, ал да мени узата карап калчу. Жолдошумдун каза болгонуна 8 жылдын жүзү болсо да, кылчайып эркекти караган жан эмес элем. Негедир ал бейтааныш жигитти көргөн сайын купуя ойго батып калчумун. Бир күнү бир бөлмөдө чогуу эс алып жаткан келин кирип, «бир жигит менен тааныштым, мени жанындагысы экөө чайга чакырып жатат, барып келели» деди. Бул сунуш мага жакпагандыктан, баш тарттым. Ал келин чыгып кеткен. Бир убакта эшик тыкылдап калды. Эшикти ача салсам, маңдайымда менин көңүлүм түшкөн жигит турат. Өзүмдү жоготуп эле үндөбөй туруп калдым. «Сизди чайга чакырып келдим эле» деп үн катты. Ушуну эле күтүп тургансып, мен дароо кийинип, жигитти ээрчий бастым. Барсак, баягы жанымдагы келин, дагы бир киши болуп, шаңдуу отурушкан экен. Мүнөзүмдөгү түнттүк шамал айдаган булуттай тарап, мен да алардын катарына кошулдум. Ырдап, тамактанып чогуу отурдук да, телефон номерлерибизди алышып, тарап кеттик. Эртеси кайра жолуктук, ошентип жүрүп бири-бирибизге кандай көнүп кеткенибизди байкабай да калдык.
Кетер күнү экөөбүз дагы жолуктук. Андан ажырай албай, жаш кыздай көзүмө жаш тегеренип турду. Ал мени таштабаска, мени ыйлатпаска сөз берип, жолугушчу күндөр алыс эмес экенин айтып коштошту. Экөөбүздүн жашообуз бири-бирибизге айкын болуп, Адыл менин сырдашыма, жакыныма, сүйгөн адамыма айланды.
Ошол эле жылдын сентябрь айында кайрадан жолугуштук. Ноябрь айында мени Таласка чакырды. Ошондо көргөн азабымды сураба. Барбай эле койсомбу дегем, бирок такыр эле жүрөгүм тынчтык бербей туруп алды. Бардык жумушумду жыйыштырып, Таласты көздөй сапар тарттым. Казакстан аркылуу бармакмын, бирок паспортум булганып, кокустуктан так болуп калган. Ошону илинчек кылып, казактар такыр өткөрбөй коюшту. Бере калайын десем же жанымда ашык акча жок, кайра артка жөнөдүм. Эми мени эч нерсе токтото албайт болчу. Төө-Ашуу аркылуу сапар тарттым. Кыргызстандын ичинде жүрүп, жолго эле 2 күнүм кетти. Акыры эңсеген адамыма жетип, «Манас Ордодон» жолугуштук. Ошончо азап менен жолугушсак да, биздин жолугушуулар ашып кетсе 2 же 3 күнгө гана созулат. Баарына кайылбыз. Жолугушуу, кайра ажырашуу... Ушул азап менин көкөйүмө тийсе да, жолукпай коё албадым.
«УБАКЫТ АЗ...»
Адылды жылуу ордунан козгоп кыйнагым келбей, 4 жыл аралыгында көп жолу жолукпайын деген чечимге келсем дагы, колумдан эч келбей койду. Ал Астанададан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кетет. Ар келген сайын мага майрам. Бул азаптан кантип кутулушту билбей жүргөндө катуу ооруга чалдыгып калдым. Учурда онкологиялык каттоодомун. Алдыда мени операция күтүп турат. Эгер мен ал операцияга макул болсом, 2 гана жол бар. Же айыгып кетем, же жашоо мөөнөтүм андан да кыскарат. Артка кылчайып, өмүрүмдө саналуу гана бактылуу көз ирмемдер болгонун, анын көбү Адылга тиешелүү экенин түшүндүм.
Адыл, кечир, мен сенин тынч жаткан дүйнөңө бүлүк түшүрдүм. Айтпаган менен үй-бүлөңдү же мени кыя албай кыйналып жүрөсүң. Бирок тилегеним жамандык эмес эле. Кааласам, жанымда болуп, менин өмүрүм үчүн чогуу күрөшмөксүң. Бирок мен антип өзүмчүлдүк кылгым келбейт. Үй-бүлөң менен бактылуу бол. Мындан ары канча убакыт жашасам да, сен деп гана жашайм. Сүйүү тууралуу кинотасмалар, дүйнөлүк шедеврлер кайдан жараларына эми түшүндүм. 31-март туулган күнүң. Бул ыр саптарынан башка белек бере албайм...
Сезип турам, сенсиз өтөт
күндөрүм,
Сезип-сезбей бар кызыгын
дүйнөнүн.
Ырга айлантып ырдап өтсөм
өзүңдү,
Жаным менин, аттиң эми кеч
дээрмин.
Нургүл
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg