«Таш ыргытсаң, ырчыларга тиет» деген кеп айтылып келет. Бирок алардын арасында эл сүймөнчүгүнө айланып, көпчүлүктөн кашкайып чыга келгендери бар. Бул жолу маек төрүбүздө «Ысык-Көлдүн Баскову» атка конгон Нуршат Акылбеков болмокчу.
– Нуршат, ырчылык жолго качан түштүң?
– 6-класста окуп жүргөн кезимде Сыймык Бейшекеев Ысык-Көлгө келип, ырчылар арасында таймаш уюштуруп калды. Аны угуп алып, катышып көрөйүн деп чечтим. Даярданып, ырдап чыгып, финалга өтүп кеткем. Ошондон кийин чыгармачылыкка баш-отум менен кызыгып калдым. 9-классты аяктаарым менен Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайына окуйм деп үйдөн качып келгем.
– Адатта «менин устатым баланча» деп калышат го. Ошондой жол баштаган адамың болдубу?
– Ушул убакка чейин устатым жок эле иштеп келе жатам. Алдыга озуп чыкпасам да, артта «уктап» калган жокмун. Атын атабай эле коёюн, «мынча доллар бере сал, мен сени көтөрөм, жылдыз кылам» деген продюсерлер чыккан. Бирок мага андай сатылма таланттын, жасалма өнөрдүн кереги жок деп баш тарткам.
– Аткарган ырларың кимге тиешелүү?
– Бир ырым көлдүк агайыбыз Алымбек Коробаевдики. Андан сырткары обончу Жолдубай Кайыпов жана башкалардын ырларын аткарам. Сөзү, обону өзүмө таандык «Оюм сен» деген ырым бар.
– Сен тарапка айтылган сындарды кандай кабыл аласың? Сени «Ысык-Көлдүн Баскову» дешерин угуп калдым эле...
– Басков деген себеби үнүм бийик да, ошон үчүн айтышат болуш керек. Кээ бирөө ырчыларды «сахнага чыгарда чийки жумуртка жейт же «100 грамм» ичет» дешет экен. Бирок менде андай эч качан болгон эмес жана болбойт, Кудай берген үнүм жетиштүү. Күнүгө 3-4 саат тынбай ырдай берем, ал мен үчүн көнүмүш адат. Анан да өмүрүмдө фонограмма менен ырдап көргөн эмесмин. Айтсам эч ким ишенбейт. Бир жолу кафеде ырдап жатсам, бирөө келип алып «сен фонограмма менен ырдап жатасың» деп ишенбейт. Чындап мелдеше кетип, өз үнүм менен ырдап
500 доллар утуп алгам. Учурда кыргыз, орус, итальянча ырдайм.
– Алдыда кандай пландарың бар, балким, борборго барып чыгармачылыгыңды өркүндөтөрсүң?
– Жок, мен Көлдөн эч жакка жылбайм (күлүп). Бишкекке деле барып иштеп көрдүм, бирок баары баягы эле каражатка барып такалат. Алдыда чыгармачылыкка катуу киришип, дагы жаңы ырларды жазып, обон чыгарып элге тартууласам деген оюм бар.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg