26-мартта АФКнын чакырык кубогунун тандап алуу оюндары толугу менен аяктады. 5 тайпада биринчи орунду алган 5 команда: Мьянма («А» тайпасынан 1-орунду ээлеген), Кыргызстан («В» тайпасы), Ооганстан («С»тайпасы), Палестина («D» тайпасы), Филиппин аралдары («Е» тайпасы) жана 5 тайпанын ичинде мыкты көрсөткүч менен 2-орунду алган 2 жолдуу команда: Бангладеш («D» тайпасы) менен Түркмөнстан («I» тайпасы).Ошондой эле үй ээси катары мелдешке түз жолдомо алган Мальдив аралдарынын курама командасы. Эмдиги жылы 8-23-март аралыгында өтүүчү мелдешке жогоруда аты аталган 8 команда төрттөн 2 тайпага бөлүнөт. Мелдештин чемпиону 2015-жылы футбол боюнча Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат.