13-14-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча жаштар арасында СССР спортунун чебери Камил Арслановдун жаркын элесине арналган салттуу Эл аралык мелдеш өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын 2000-2001-жылы төрөлгөн дзюдочулары катышмакчы.Мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү, дзюдо боюнча Дүйнө жана Европа чемпиону, орусиялык Темирлан Тыменов,дзюдо боюнча биринчи жолу Олимпиадада жогорку көрсөткүчтү жараткан Айдин Смагулов сыйлуу конок катары чакырылышты. Кошумчалай кетсек, мелдеш КРнын Дзюдо федерациясы тарабынан уюшулууда.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg