КЕЛИҢИЗ, ЧАЙ ИЧЕБИЗ!

Чай мурда дары катарында колдонулуп келсе, азыр адамзат турмушунун ар тарабында колдонулат. Чайсыз жашообузду элестетүүнүн өзү мүмкүн эмес. Муну ушул ысык күндөрдө эч бир замандашыбыз тана албаса керек.

Императордун ачылышы

Чай – чай бадалынын жалбырагын кайнатуу, демдөө жана тундурма кылуу жолу менен алынган суусундук.
Кытай маалыматтарына таянсак, чайды кытайдын маданий баатыры эсептелген император Шэнь-нун ачкан. Уламыш боюнча, император касиеттүү өсүмдүктөрдү издеп саякатка чыгат. Биздин заманга чейинки 2737-жылы капысынан анын суу кайнап жаткан идишине чайдын жалбырагы түшүп, демделип калат. Ичип көрүп, өзгөчө даамдуу бул кайнатма өзүнө кайрат бергенин байкайт. Издеп жүргөнүн тапканына кубанган император өмүрүндө чайдан башка суусундук ичкен эмес.
Башка бир уламыш боюнча (519-жыл), чайдын ачылышы будда кечили Бодхидхармга таандык. Анда «сүкүт учурунда жинденип ойгонуп кеткен Бодхидхарм кирпигин жулуп алат. Кийинчерээк анын кирпиги түшкөн жерге чай өсүп чыккан» деп айтылат. Кызыгы, япон тилинде кирпик менен чайды атоо үчүн бир гана сөз колдонулат.

Ар улутта ар башка

Чай алгач Чыгышта пайда болуп, кийин дүйнөгө кеңири жайылган. Анын дүйнөнү багынтып башташына улуу географиялык ачылыштар да себепкер болгон.
Кытайда көбүнчө көк жана сары чай ичишет. Чай ичүү үйбүлөлүк салт болуп саналат.
Японияда да көк чай кеңири популярдуу. Улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү катары эсептелген чай салтанаты бар. Япондор кытайлардан айырмаланып, чайды ысык гана эмес, муздак түрүндө да ичишет.
Таиландда чайга анис өсүмдүгүн жана сүт кошуп ичүү кеңири тараган.
Индияда чайды “жалпы элдик суусундук” деп айтууга болбосо да, индиялыктар аны даярдоону мыкты өздөштүрүүгө жетишишкен. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, тоңдурулган чайды көп колдонушат.
Африкада чай кеңири тараган аймактар болуп анын түндүк бөлүгүндө жайгашкан өлкөлөр эсептелет. Өзгөчөлүгү, чай даярдоо эркектерге гана тиешелүү милдет болуп саналат.
Скандинавия өлкөлөрүнүн ичинен чай жалгыз Швецияда гана ичилет. Анын мөмө-жемиш кошулуп даярдалган (Sоder tea) түрү белгилүү.
Статистикага таянсак, АКШ­­­да чай кофеге караганда 25 эсе аз ичилет. Чыгышындагы штаттарында көбүрөөк ичилет. Учурда кеңири жайылган муздак чайды (ice-tea) дал ошол америкалыктар тараткандыгы белгилүү.
Борбордук жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө чай анча популярдуу эмес. Анын ордуна падуб дарагынын жалбырактарынан даярдала турган матэ суусундугу колдонулат.
Англияда чайдын кадыр-баркы абдан жогору. Англичандар дүйнөдө эң көп чай ичүүчү улут болуп эсептелет (жылына киши башына 4 килограмм чай туура келет). Алар чайды кеминде суткасына 3 жолу ичишет. Муну аталган аймактын климаттык абалы менен байланыштырса болот. Айтор, Англияда сүт кошулган чай футболдой эле жашоонун ажырагыс бир бөлүгү болуп калган.
КМШ өлкөлөрүндө чай ичүү боюнча алдыңкы орунда Өзбекстан жана Орусия турат. Өзбектердин жашоосунда чайкана (чайхона) өзгөчө орунда. Анткени чай үстүндө бардык маанилүү маселелер чечилет.

Түрлөрү

Чай бадалы түрү боюнча кытайлык (Кытайда, Японияда, Вьетнам, Индонезия, Грузияда өсөт), ассамдык (Индия, Цейлон, Кения, Уганда) жана камбоджалык (жогоруда аталгандардын гибриди, Индокытайдын аймактарында өстүрүлөт) болуп бөлүнөт.
Ал эми кычкылдандыруу деңгээли (чайдын көрүнүшү, жыты жана даамы) боюнча төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:
Көк чай — анча кычкылданбаган же таптакыр кычкылдандырылбаган түрү.
Кара чай — күчтүү кычкылданган түрү. Кытайда бул чай түрүнө “кызыл” деген аталыш колдонулат.
Ак чай, мындайча айтканда, жаш жалбырактардан даярдалат. Ошентсе да көк чайга караганда кычкылдуулугу күчтүү.
Сары чай орто кычкылдандырылган түрү болуп, мурда императордун үйбүлөсү үчүн атайын даярдалчу. Кытайда “кара” деп аталат.

Сулуулуктун сыры чайда

Чайды кондитердик азыктарга (мисалы, мармеладга) сары, көк же күрөң түс берүү үчүн кошушат.
Медицинада чай дарагынын жалбырагы (Camellia Sinensis) кофеин менен Р витамининин башкы булагы болуп саналат. Кант кошулган сүт чай “похмелге” жардам бере алат. Косметикалык жана парфюмериялык каражаттардын дээрлик баарынын курамында (шампундан тарта даарат кагазына чейин) чай бар. Андыктан миллиондогон айымдарыбыздын назик жана сулуу терилеринин сыры да дал ушул чайда.

Кызыктуу фактылар

  • 2006-жылы Японияда чай салтанаты “Гиннестин рекорддор Китебине” катталган. Ага 14718 адам катышып, чай ичүүнү каалагандардан 1,5 чакырымга жеткен кезек пайда болгон.
  • Чайды кичинекей баштыктарга салып сатууну 1904-жылы америкалык соодагер Йорк Томас Салливан ойлоп тапкан. Көпчүлүктүн пикиринде, чайды пакетке салып даярдоо анын даамынын бузулушуна жеткирет.
  • Эң кымбат чай «Дахунпао» (кытайчадан “кызыл халат” дегенди билдирет. Жазында гүлдөгөндө ушундай элес калтырганы үчүн аталып калган).Кытайдын Уишань тоолорунда өсүүчү бул дарактын жашы 300 жылдан ашык. Андан жылына 500 грамм эле чай алынат.
  • Учурда дүйнөдө чай өндүрүү боюнча алдыңкы орунда Кытай, кийинки орундарда Индия жана Шри-Ланка турат.
  • Түрмөлөрдө чайдын күчтүү демделген “чифир” деген түрү белгилүү. Мындай сөздүн келип чыгышынын эки варианты бар. Айрымдар “Чихирь” деген кавказдык шараптан улам ушинтип аталып калган” дешсе, айрымдар “буга Чыгыш Сибирде чай өскөн Чагир аймагынын аты себепчи” деп айтышат.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 347, 26-июнь - 2-июль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан