Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев базар ичин, андагы жайгашуу тартиби, ашканалар, санитардык гигиеналык жана техникалык абалын жакшыртуу тууралуу тиешелүү тарапка тапшырма берген. Шаарда санитардык эрежелер сакталбагандан улам жугуштуу сасык тумоо, ич келте, сарык оорулары жайылууда. Анын алдын алуу үчүн шаар мэри «базарды тартипке келтирип, тейлөөнүн сапатын жогорулата албаган соода жайлары жабылышы керек» деген оюн билдирди. Көчө жээктериндеги соода кылгандардын бардыгын базарга көчүрүү милдеттендирилип жатат. Ошондой эле шаардагы «Юг-сitу» соода борборун «Манас» соода комплексине көчүрүү сунушталууда.