«ШАМ АЛДЫНДА АКЫН ЖОЛОНДУ ЖОКТОДУК»

1-апрель. Жамгыр төгүп жатты.Үстүндө тосмосу жок, ачык жерде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана акын-жазуучулар үлпүлдөп жагылган шам астында белгилүү акын Жолон Мамытовду эскеришти.

АЛГЫ СӨЗ
Ырга жан киргизген маркум акын Жолон Мамытов тирүү болгондо ушул жылдын 1-апрелинде 73 жашка чыкмак. Акындын туулган күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы жана Ош мамлекеттик университетинин эмгек жамааты биргеликте 15 жаштан 35 жашка чейинки жаш акындар ортосунда ыр сынак уюштурулган. Анын жыйынтыктоочу салтанатына утурлай акындын урматына арналган кече белгиленди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, акын-жазуучу жана журналисттер, Жолон Мамытовдун өмүрлүк жубайы, акын, жазуучу  Меңди Мамазаирова, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов жана акындын чыгармачыл замандаштары, шакирттери катышты.

«ЖОЛОН АКЫНДЫН ЭСТЕЛИГИ КОЮЛАТ»
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу МЕЛИСБЕК МЫРЗАКМАТОВ Жолон Мамытов жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:
 
– Жолон Мамытовдун ырларынын мааниси коомчулукту агартууга, жаштарды мекенчилдикке үндөөгө чоң салым кошуп келет. Акындын коомго калтырган салымын эске алуу менен шаарыбыздын эң көрүнүктүү жерине айланып жаткан «Чыгармачыл адамдардын аллеясына» анын ысымын берип отурабыз. Ал аллеяга журналисттер жана чыгармачыл адамдар менен биргеликте бир жарым миң каштан дарагын отургуздук. Буюрса, быйыл аллеяга Жолон Мамытовдун эстелиги тургузулат. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен
84 миллион сом бөлдүк.

СЫЙЛЫКТАР ӨЗ ЭЭЛЕРИН ТАПТЫ
Ошентип, Жолон Мамытовдун туулган күнүнө карата жаш акындар ортосунда уюшулган кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө белектер ыйгарылды. Сынакка 34 талапкер катышып, алардын ыр жазуу деңгээли жана көркөм окуу шыгы сыналды. Жыйынтыгында тогуз катышуучу компьютер, телевизор, санариптик фотоаппараттар жана атайын сый баракчалары менен сыйланышты.
Акындык өнөр номинациясы боюнча биринчи даражадагы диплом жана жаңы үлгүдөгү компьютерге журналист УЛУКБЕК ОМОКЕЕВ ээ болду. 
Жолон аба, акын болуу
кыйын да,
Көтөрүү бар, сынын дагы
сыйын да.
Качан жетем туу чокуга
билбеймин,
Кадам койдум, өзүң салган
чыйырга.

2-даражадагы диплом жана телевизор ОГПИнин 4-курсунун студенти МИРБЕК ЭРКИНОВго ыйгарылды:
Кыйындыкта сен
чыйралдың, торолдуң,
Ырларыңдан мен түзөлдүм,
оңолдум.
Ак эмгеги унутулбас эч качан,
Аты улук, мекенчилер,
Жолондун.

Ал эми 3-даражадагы диплом жана фотоаппарат менен ОшМУнун окутуучусу КЫЯЛБЕК АКМАТОВ сыйланды:
Ак-Бууранын жээгин бойлоп
баратсам,
Акын турат алп ырларды
жараткан.
Албууттанган толкундарга
ыр окуйт,
Алп денеси кем калышпайт
Манастан.

«ЖОЛОН ТИРИЛИП КЕЛГЕНДЕЙ БОЛДУ»
Акындын өмүрлүк жубайы, акын, жазуучу МЕҢДИ МАМАЗАИРОВанын эскерүүсү катуу таасир калтырды: 

– Жолонду унутта калтырбастан, жаандын жааганына карабай анын туулган күнүн белгилөө аземине катышып жаткан замандаштарга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем. Бул да болсо жолдошумдун коомчулукта орду чоң экенинин белгиси. Жолондун ырлары студенттер тарабынан көркөм окулган сайын ал мага кайрадан тирилип келгендей болуп жатат. Ушул кеченин болорун уккан Орусиянын жазуучусу жана котормочусу Михаил Смельников жана замандашыбыз Акын Токтосартов мага телефон чалып, бүгүнкү Жолондун туулган күнү менен жалпы Оштун элин куттуктады. Урматтуу элим, силердин Жолонго көрсөткөн урматыңарга терең ыраазымын. Анын арбагы колдосун.

Жамгырдын коштоосу менен 2 саатка созулган салтанаттуу кече Меңди Мамазаированын сөзүнөн соң жыйынтыкталды. Белгилүү акын Жолон Мамытовдун элеси ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө сакталып кала бермекчи.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан