Көпчүлүк тасмаларда атышмай, үйлөрдү бузуп талкаламай же болбосо бүтүндөй бир шаарды суу каптамай деген сыяктуу көрүнүштөр орун алат. Сиз билгендей, заманбап кинолордогу мындай көрүнүштөр, албетте, компьютердин жардамы менен жаралат. Ал эми «Көчө» тасмасында бардык эпизоддор адамдын кара тери, жооруган алаканы менен жүзөгө ашкан.
Режиссёру – Геннадий Базаров
Сценарийин жазган – Мурза Гапаров
Операторлору – Марлес Туратбеков, Виктор Дурандин
Тарткан өлкө – СССР
Чыгарган студия – «Кыргызфильм»
Тартылган жылы – 1972-жыл
Бет ачары – 1973-жыл, 8-октябрь, Москва шаарында
Башкы ролдордо – Чоробек Думанаев (Аваз), Мамлакат Кылычова (Малика), Нуртай Борбиев (Жалил), Насыр Кытаев (Туман), Бакен Кыдыкеева (Сейил), Советбек Жумадылов (Ормотой) жана башкалар
БЕШ-КЕМПИРДЕН КАКЫР-САЙГА
Тасма Кыргызстандын үч жеринде тартылган: Беш-Кемпир айылынын бузулушу, көчүрүлүшү – Ноокаттан. Базардагы эпизоддор – Ош жергесинен. Жаңы салына баштаган айылдын жашоосу – Токтогулдун Көтөрмө кыштагынан.
«Көчө» фильми Токтогул ГЭСи курула баштаганда эл көчүп, башка жерге отурукташканы жөнүндөгү олуттуу маселени чагылдырган турмуштук, жумшак юморлуу тасма. Фильмде элдин кадимки жашоосу, бир айыл элинин жарыгы, суусу жок жерге барып отурукташканы сүрөттөлөт. Албетте, мындай кабар элеттиктерге жакпайт, алгач караманча каршы болушат. Бирок жетекчилик «бул жердегидей бириң ойдо, бириң тоодо өйдө-ылдый жайгашпайсыңар. Бир көчөдөн кырка орун аласыңар. Жарык, суу болот, ар бир үйдө радио сүйлөйт. Дүкөн куруп беребиз. Үй курууга кеткен чыгымдардын баарын өкмөт төлөп берет. Эгерде кимдир бирөөлөр Какыр-Сайга эмес, башка жакка көчө турган болсо, ага да акча берилет» деп жоошутат.
Аваз баштаган айылдын жаштары жаңы жашоону угушканда бири-бирин кучакташып, төбөсү көккө жете сүйүнүшөт. Түнкүсүн айыл жаштары чогулуп ыр ырдап, селкинчек тебүүнү салтка айлантышкан. Ошондой күндөрдүн биринде шаарда окуп, жер кыдырып иштеп жүргөн тиш доктур жигит Жалил келет. Кыздардын арасында турган Аваздын сүйгөнү Маликага Жалил сиз деп кайрылат. «Мага буга чейин эч бир эркек сиз деп кайрылган эмес» деп сылык сөзгө арбалган Малика тиш доктурга турмушка чыгууга макул болгонго чейин барат. Көп өтпөй шаардан балалуу жаш аялдын «Жалилдин аялымын» деп келиши кыздын жаңылгандыгын айгинелейт. Бирок шаардык келинди Жалилдин ата-энеси кабыл албагандыктан, аны Аваздын атасы Туман үйүнө алып кетет да, акыры чогуу түтүн булатып калышат. Малика болсо өзүнүн туура эмес кылганын түшүнүп, Авазга биринчи сүйлөп кетирген катасынан уялат.
Сүйүүдөн сырткары да бир катар сюжеттер тасмадан орун алган. Аваздын чоң энеси «түндө раматылык чоң атаң түшүмө кирди. Жакында ал жакка барат окшойм. Кошок айтканды унуткан жоксуңбу?» деген сөзүн небересине күнүгө айтуудан тажабайт. Аваз болсо чоң энесинен акча алып, анан кошок кошконго өтүп алган. «Сен өлүп тажабадың же мен кошок айтып тажабадым» дегендери көрүүчүгө жылмаюу тартуулайт.
РЕЖИССЁР КИНО ТУУРАЛУУ...
– Кино тартууга канча каражат кетти эле?
– Анда Союз мезгили, баарын мамлекет каржылачу. Канча кеткени так эсимде жок.
– Сиздин канчанчы эмгегиңиз?
– Үчүнчү тарткан тасмам. Фильмде өзүңөр билгендей профессионал актёрлор ойношкон. Айрым жерлер жадакалса сценарий боюнча кеткен эмес, ойдон чыгарып ойношкондуктан, юмору көп болгон.
СИЗ КӨРБӨГӨН КАДРЛАР
Тасма айдыңында эмне деген гана кызыктар болбойт. Кырчындай жигит курагын эстейин деп ЧОРО ДУМАНАЕВ артка кылчайды.
– Өрүкзарлуу Баткенде "Уркуя" тасмасын тартып жүргөн элек. Ошол жерден жазуучу Мурза Гапаров мени көрүп калып, сүйүнгөнүнөн "мына, Аваз!" деп режиссёр Геннадий Базаровго алып келген. Көрсө, Аваздын ролуна ылайыктуу жигит табылбай жаткан экен.
Малика менен оператордун экинчи жардамчысы Мурат Жыргалбаев экөө тартуу учурунда таанышып, кийин баш кошушкан.
Биз жашаган Көтөрмө айылында музоо баш (курт-кумурска түрү), жылан дегендер өтө көп экен. Бакен эже, Советбек байке өңдүү улуулар боз үйгө жайгашышты. Ал жерге музоо баштар кирбейт экен. Жаштар жаңы салына баштаган мектепте жашадык. Тимеле музоо баштын көптүгүн айтпа. «Музоо баш чакпайт, чакса кайтпайт» дегендерин да угуп калгам. Ишенесизби, өмүрүмдөгү эң катуу коркунуч катары ошол музоо баштар эсимде калды.
Тасмада тиш доктурдан атам үй сатып алат эмеспи. Ошол үйдү кино тартуучу топ өзүбүз курган элек. Кийин мен токтогулдуктардан "баягы эки кабат үйүм турабы?" деп сурасам, «бар» дешкен. Ал жер алгач бала бакча, андан кийин медициналык пункт болуптур.
Телеалпаруучу Нарын Айып да классташтарымдын бирин ойногон.
Айыл жаңы түшүп жатса, мончо деле жок да. Дүкөндөрдө самын бар, бирок жышынгыч жок окшойт. Өзөнгө жуунганы барганыбызда көк чөптөргө самын сүйкөп жышынчубуз.
Жумурай журтка салмактуу кинолордо башкы оператор, актёр, режиссёр катары таанылган НУРТАЙ БОРБИЕВ Жалилдин образын жаратканын көптөр биле бербейт.
– Мен ал кезде 1 кыздын атасы, жашым 38ге келип калган. «Көчө» фильми менин кинодо жараткан экинчи образым. Тиш доктур Жалилдин ролуна мени режиссёр Геннадий Базаров чакырган.
Тасмадагы бука жетелеген абышка – Абды Ибраимов режиссёрдун тапшырмасы менен короздорду сатып келген. Бири кадимки, экинчиси узун буттуу башка породадагы короз экен. Уруштуралы деп коё бергенде эле узун буттууну тиги короз тепкилеп жатып калат. Эми эмне кылабыз деп баш катырып жатканда режиссёр «келгиле, арак берип көрөлү» деди эле, короздун оозун ачып туруп куюп жибердик. Анан узун бут корозубуз бир аз басып барып, өлүп калса болобу. Атайын короз уруштургандар бар экен, акыры ошолор жардамга келген.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg