БЕТКЕ КАМ КӨРҮҮ

Беттин терисине кам көрүү үчүн азыр көптөгөн косметика каражаттары бар. Бирок алардын бири да сиз күткөн натыйжаны берет деген кепилдик жок. Ал эми ага корогон акчаңызды эч ким кайра кайрып бербейт. Андыктан үй шартында, колдо бар каражаттар менен териге кам көрүү ашыктык кылбайт.

БЕТТЕГИ КАРА ЧЕКИТТЕРДЕН АРЫЛУУНУН ЖОЛДОРУ

  • Помидордун бир кесими менен бетиңизди сүртүп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.
  • Жарты лимондун ширесине бир чымчым тузду аралаштырып, кебез менен бетиңизге сүртүңүз.
  • 1 аш кашык жүгөрүнүн крахмалына 1 аш кашык лимондун ширесин кошуп, ботко сымал маска даярдап алыңыз. Даяр болгон масканы кара чекиттер бар жерлерге сүртүп 15 мүнөт кармоо керек. Андан соң жылуу суу менен чайкап коюңуз.
  • Чийки картошканы сүргүчтөн өткөзүп керектүү жерлерге жаап, 15 мүнөт кармоо сунушталат. Картошка кургап баратканда жууп салуу туура.
  • Балды манжага илип алып кара чекиттердин үстүнө этият чапкылоо менен укалаңыз. 5-10 мүнөт укалаган соң жылуу суу менен жуу керек.

БЕТ ТЕРИСИНДЕГИ ТЕШИКЧЕЛЕРДИ КИЧИРЕЙТҮҮ

  • 10-15 тамчы лимон ширесине бир жумуртканын агын аралаштырып маска даярдаңыз. Аны беттин терисине жаап, 10 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп салыңыз. Лимон ширесинин ордуна кызыл карагаттын ширесин да пайдаланууга болот.
  • Бадыраң менен быштакты аралаштырып коюу ботко даярдагыла. Аны териге сүйкөп, 5-10 мүнөт кармаңыз. Маска жылуу суу менен жуулат.
  • Туздалган капустанын жалбырагын же анын суусуна сулу улпагын кошуп бетке жабуу менен теридеги тешиктерди кичирейтүүгө болот.
  • Алгач бетти самындап жууп салган соң алаканыңызга бир аз сода алып аны суу менен аралаштырып паста жасаңыз. Колуңуздагы пастаны бетиңизге сүйкөп, жарым мүнөт чамасында этият укалаңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп койсоңуз болот.

КӨЗДҮН АСТЫ ШИШИМИК ТАРТСА...

  • Муздаткычта турган бадыраңды жука тилип, көздүн тегерегине 5 мүнөт коюп коюңуз. Андан кийин атайын крем сүйкөөгө болот.
  • Пайдаланылган бир жолку чай баштыкчаларын муздатып туруп көздүн астындагы шишикке коюу керек. Бул ыкма көздүн тегерегиндеги теринин өңүн да жакшыртат.
  • Муздаткычка 2 темир чай кашыкты салып коюңуз. Кашыктар муздаганда аларды көздүн астындагы шишикке 1-2 мүнөт басып туруу керек. Бул шишиктин тез тарашына өбөлгө түзөт.
  • Чийки картошканы эзип, аны дакиге же кебезге ороп алыңыз. Эми аны көздүн астына 3-4 мүнөт басып туруу керек.
  • Петрушканы майда туурап, ага бир аз каймак аралаштырып көздүн тегерегине сүйкөңүз. Бул масканы 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Kuba_aselya
2013-04-08 21:24:54
Тороттон калган такты кантип кетирет айтып койгулачы
+1
aika777
2013-04-11 14:57:38
Kuba_aselya, ал озу эле акырындап кетет.
0
jipara86
2013-04-08 22:23:39
Акчаны,ден соолукту аягыла туугандар.
0
jipara86
2013-04-08 22:27:05
Кырк ичи ууз сутун менен суртуп туруу керек.
0
kgul
2013-04-08 23:57:31
Бетти еч качан самындап жуубагыла
0
bakai.96.kg
2013-04-09 12:24:37
kgul, шампуньдап жууайыкпы не ?
0
kgul
2013-04-09 14:16:48
bakai.96.kg, тоник менен тазала, самын бет жууш учун эмес, кайсы кылымда жашап атасын
-1
altinim
2013-04-10 01:00:37
kgul, бетке арналган атайын гель менен жуу
0
Askaruli
2013-04-09 12:55:12
Во,мен бироосуну созсуз жасап коромго.
0
altinim
2013-04-10 00:59:28
рахмат , лимон менен жумуртканын агы жардам берди
+1
kosmomir
2013-04-10 07:38:32
жакшы совет экен.маска жасап коруш керек экен!
0
anjella8888
2013-04-11 09:08:07
Коздун астындагы шишикти убактылуу муз коюп кетирбестен почканы лечить эткиле. Ошондо биротоло шишиктен арыласынар. Ал Эми бетке любой жер жемиштин манызын кое бергиле баары пайдалуу себеби составында витаминдер коп. Беттин кожасы деле тируу Жан, витаминдерди пропитовать эткен сон тактар кетип жашара тушот))))
+1
Davlethan
2013-04-16 18:10:54
anjella8888, Мен почканы лечить этип келдим барибир шишик кетпеди эмне кылып дарылашты деле билбей калдым игла терапия алдым и укол дарыларды деле ичтим.Бирок шугур боль калды.
0
Raiana18
2013-04-11 14:08:22
рахмат супер жакшы кенеш экен.Тороттон калган такты кантип кетириш керек экенин кененирек кенеш берип койгулачы алдын ала рахмат
0
admin_media
2013-04-11 14:53:12
Raiana18,
Сунушуңузга рахмат, тийиштүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
aiza.kyrgyzkyz
2013-04-12 01:08:28
рахмат
0
kuzia
2013-04-14 14:41:11
Мага жакты кенешинер рахмат. Дагы жазгылачы супер.
0
Davlethan
2013-04-16 07:18:03
Мага кенешинер жакты рахмат.Бирок менин бетимде майда ак жиравиктер бар солго окшойт кеде кобойуп кетет кенеш берип койунуздар.
0
Kg.lady
2013-04-21 19:13:11
Балдарга арналган кремдерден башка эчнерсе деле суртпойтекем. жузумо, аныда эстегенде)))
0
almagul_aravan
2013-06-27 01:30:13
аябай жакты супер инфо силер супер супер супер суперсинер!!
0
Zamknutaya92
2015-03-26 23:47:55
картошка маскасын колдондум бирок кургак болуп калганы болбосо агарып кызарганын кетирди. Эми башкасын да колдонуп кором.
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан