КЫЗЫЛ-КЫЯДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА КУБОК БОЛУП ӨТТҮ

2-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэринин жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин кубогу болуп өттү. Бул кубокто калаадагы орто мектептердин окуучулары спорттун волейбол түрү боюнча мелдешишти. Жалпысынан мелдешке 10 мектептин окуучулары катышып, алардын ичинен №6-мектеп жеңип чыгып, кубокко ээ болду. Ал эми кыздар арасында болгон таймашта шаардагы №9-мектептин кыздары жеңишке ээ болушту. Салтанатка Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Калмырзаев жана шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыковдор да күбө болушту.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
voin
2013-04-09 14:42:40
Кызылкыялыктар алга!супер инфо (кызылкыя кошулуп жазылат)
0
admin_superstan
2013-04-09 15:30:02
voin, эреже боюнча такталып жазылган.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
imperator
2013-04-12 17:09:53
admin_superstan, Кызыл-Кыя!
0
dinar_13G
2013-04-10 00:02:13
ийгилик Кызыл кыялыктар
0
Nursultaan
2013-04-10 02:12:34
Эч кандай кошулбай эле жазылат Кызыл-Кыя болуп эле
0
Nura.1012
2013-04-10 14:36:17
Туулган шаарым алг
0
elya95
2013-04-11 15:18:44
Алгаааааа жердештерим
0
NightWolf
2013-04-12 05:39:23
Murun kowulup jazylchu. 2002den tarta, birge jazilip kalgan! alga Kizilkiya! Kizilkiyaliktar sporttu suyot ozu.
0
Almasho
2013-04-12 12:47:34
Бул эле эмес бир топ мелдештер откорулуп турат болуш керек. Ушинтип бираз жанылыктарга кошуп турсанар жакшы болмок))). Кызыл-Кыяда таптаса мамлекеттик аренада ат салышуучу мыкты спортчулар бар. Шаарыбыздын МЭРиясы ушул сыяктуу мелдештерди окуучулар,студенттер,шаар ичиндеги райондор арасында да откоруп турса, бираз болсо да шаар тургундарына он таасирин тийгизет деп ойлойм)))
0
№ 544, 5-11-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан