СУПЕРФУТБОЛГО КЕЛИҢИЗ...

Ала жаздан тарта камылга көрүлүп келген футболдук майрам көшөгөсүн ачарына аз калды. «Супер-Инфо» гезитинин футбол сүйүүчү атактуулар арасында өтүүчү Суперфутбол мелдеши быйыл да жолго коюлуп, уюштурулууда. Азырынча мелдеш боюнча кыска маалыматтарды жана катышуучу командалардын айрымдарынын оюн сунуштайбыз. Кийинки сандарыбызда командалардын курамдары менен тааныша аласыздар.

БЫЛТЫРКЫ ТАЙ КУНАН БОЛДУ
Эсиңиздерде болсо, былтыр гезитибиздин 10 жылдыгына карата баш байгеге тай коюлуп, «Билайн» командасы утуп алган эле. Ал тайдан кабар алуу үчүн байланышканыбызда команданын капитаны Эрлан Атаев төмөнкүдөй жооп узатты:
– Ооба, тай тирүү. Аны азыр тоодо туугандарым багууда. Мен ал тайдын баасын чыгарып, команда менен эсептешип алгам да, 4 жашар уулум Айварга энчилегем. Айвар "Суперфутбол качан болот?" деп сурап жүрөт.

ЧЕМПИОНДОР ОЙ БӨЛҮШӨТ ЖЕ КУБОКТУН ЭВОЛЮЦИЯСЫ
Мелдеш расмий түрдө 4-ирет өтүп жатса да, кубок акыркы 3 жылдан бери берилип келет.

КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ, балбан. 2010-жылы спортчулардын башында туруп, кубокту утуп алган:
-Мен жеке өзүм медаль тагынып, кубок утуп жүргөм. Бул команда менен уткан биринчи кубогум. Ал кубок азыр үйдө өзүмдүн кубок, медалдарым жайгашкан текченин төрүндө турат. Мелдештин уюшулушун жогору баалайм. Суперфутбол ырчылар, спортчулар жана компаниялардын ортосундагы ынтымакты, мамилени бекемдейт.

УЛАН БАРПИЕВ, 2011-жылкы кубоктун ээси, «Мегакомдун» чабуулчусу:
-Кубокту утканда өтө жагымдуу сезимдер болгон. Былтыр майданда эле эмес, ишмердүүлүгүбүздөгү негизги атаандашыбыз «Билайнга» пеналтилер сериясынан утулуп, ич ачышып калган. Быйыл аптасына 3 ирет оюн, машыгууларды өткөрүп жаткан курамыбыз «Билайн» менен болчу оюнду күтүүдөбүз. Чемпиондукту кайтарып алышыбыз керек. Биринчи кубок биздин кабинетте. Жакында музей ачып, ошол жакка көчүрөбүз.

ЭРЛАН АТАЕВ, 2012-жылкы «Супер-Инфонун» кубогунун жеңүүчүсү болгон,«Билайндын» капитаны:
-Андагы сезимдерди сөз менен жеткирүү кыйын. Өлкөнүн мобилдик базарындагы негизги атаандаштарыбыз «О!» жана «Мегаком» компанияларын уттук. Азыр ал кубокту биздин башкы директорубуз кабинетинде сыймыктануу менен сактап отурат. Мелдешке быйыл да мыкты даярдыктабыз. Чемпиондукту сактоого аракет кылабыз.

ЖЫЛДЫЗДАР ОЙ БӨЛҮШӨТ

Айпери Кубик кызы, «Ырчылар» командасынын мүчөсү:«МЫКТЫ ФУТБОЛЧУ АЙЫМ» БОЛГОНГО ТЫРЫШАМ»

– Айпери, сени акыркы 2 жылдан бери активдүү футболчу катары көрүп келебиз. Бул жылы да катышасыңбы?
– Албетте, катышам. Мен ойнобогондо ким ойномок эле (күлүп)? Быйыл да өзүмдү майданда жакшы көргөзүп, былтыр уткан атайын «Мыкты футболчу айым» сыйлыгын сактап калам деген ойдомун.

– Билесиң, жылда командада майданда 2 кыз ойноп келген. Быйыл «майданда 5 кыз болушу керек» деген талапты киргиздик. Кандай ойдосуң?
– 5 кыз болгону жакшы болгон турбайбы. Мага кызыгы, биздин командада менден башка 4 кыз кимдер болору. 5 кыз курамдын дээрлик жарымын түзөт. Демек, жеңишти балдар эле эмес, кыздар да ойлонууга туура келет экен. Андыктан команда менен сүйлөшүп, балдар менен чогуу эле машыгуу өткөрөбүз.

Камчы Сарыбаев,«Актёрлор» командасынын дарбазачысы:«5 КЫЗ ТАБЫШ КЕРЕК ЭКЕН ДА»

– Былтыр актёрлор майданда мыкты футбол ойногон кишилердин ролун аткара аларын көрсөткөнсүңөр. Быйыл командада кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
– Биз азыр команда менен кичи футбол ойноп жатабыз. Суперфутболго даярдык жакшы десем болот. Командада өзгөрүү деле дээрлик жок. Бирок силердин жобонун өзгөрүп кеткени ойлонтуп койду. Футбол ойногонго эми 5 кызды кайдан табабыз?..

– Былтыр өзгөчө формаңыз менен эсте калдыңыз эле. Быйыл да даядап жатасызбы же ошону киесизби?
– Команда былтыркы эле формасы менен ойномой болуп жатат. Дарбазачы каалагандай форма кие берсе болот да. Кудум былтыркы сүрөттөлүштөгүдөй эле кийинип келем го...

Эрмек Нурбаев,«Тамашоу» командасынын капитаны:«МОСКВАДАН КЕЛГЕНДЕН КИЙИН ДАЯРДАНА БАШТАЙБЫЗ»

– Эрмек, «Тамашоу» катышпай калышы мүмкүн деген ойлор болуп жатат. Кандай дейсиз?
– Негизи, биз май айында Москвага оюн үчүн учабыз. Азыр болгон убактыбызды изденүү менен, чыгармачылык менен өткөрүп жатабыз. Андыктан, айрым балдардын анда-санда футбол ойноп жатканын эске албаганда, футболго көңүл бура элекпиз. Бирок Суперфутбол өтчү датага жакын Бишкекте болуп калабыз. Машыгууну ошондо баштайбыз. Чыгармачылыктан алаксып, футбол оюнуна убакыт тапканыбыз ден соолугубузга жакшы пайда алып келерине ишеним бар да.


Урмат Усенов, «Ырчылар» командасынын башкы машыктыруучусу:«БЫЛТЫРКЫ КУРАМ ЭЛЕ ЧЫГАТ»

– Урмат, айтсаңыз, сиздерде кандай даярдык болуп жатат? Команданын курамында өзгөрүүлөр барбы?
– Команда акырындык менен Суперфутболго даярдыкты күчөтүп жатат. Курам былтыркыдан дээрлик өзгөргөн жок. Болгону, бир жаңы түзүлгөн топтон балдарды кошуп жатабыз. Калгандары былтыркы курам. Кыздардан жылда Айпериден башка ойночу кыз табуу көйгөй жаратат. Быйыл деле ошол көрүнүш кайталанып жатат. Эми күтө туралы, балким, былтыркыдай бий топторунан кыздар ойноп беришер.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Talant86
2013-04-15 10:13:48
Майданда 5кыз 5бала ойнойт деген чечим жакпады,себеби чон поляда 5бала ит эле болуп чуркайсын анткени 5кыз ойнобой жон эле чуркап журот. Кыскасы футболдун кызыгы калбаптыр.
0
Beksultan01
2013-04-17 10:09:01
5 кыз болбой калат го.
+1
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан