Болот Тентимишов:«ЭРОТИКАЛЫК ЭПИЗОДДОРДУН ЭМИ МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК»

Теректей узун бойлуу эски таанышты көргөндө «ай-ий, кечээ эле кымындай бала эле» деген таң калуу ар кимдин эле башынан өтсө керек. Дегеним, «Аталар керээзи» фильминдеги арык жигит азыр курсактуу мырза. Социалдык тармактардын бириндеги «Болот байкени мурун сүйчү элем, азыр курсак байлап калыптыр. Ошондон кийин талантын гана сыйлап калдым» деген билдирүү эске түштү. Анда бул сөзүбүздүн ары жагын актёр Болот Тентимишов өзү уласын.

– Акыркы учурда интервью бербей жүрөсүз. ММКларга таарынычыңыз барбы?
-Таарынычым бар, ошон үчүн бербей жүрөм деп так айтпайм. Журналисттер бир-эки жолу калпыс иш кылып коюшкан. Гезитте иштеген кыздар менден интервью алып, «кайра алып келебиз» деп спектакль жазылган дискти сурап кетип, кайра кайтарышкан эмес. Мен кээде долбоорлор менен иштешип, лекция окуп калам. Ошондо баягы спектаклди көрсөтөйүн десем, диск жок. Анан балдардан кайрадан көчүрүп убара болгом. Андан сырткары дагы бир жолу тележурналисттер капа кылышкан.

– Баштан эмнелер гана өтпөйт. Атагыңызды жардамга чакырган күн болду беле?
-Чынында, бул жашоонун азгырыктары абдан көп, биринен-бири кооз көрүнөт. Алардын баарынан баш тартуу оңой эмес. Турмуштун терс көрүнүштөрүнө кириптер болсом, аны оңдош үчүн алым жетпей калышы мүмкүн. Үй-бүлөмдү да коргошум керек дегендей. Элге таанылып калган соң атымды жардамга чакырбаганга аракет кылам.

– Атаандашыңыз ким?
-Бул ролду ойносом деп кыялданса кыялдангандырмын, бирок кимдир бирөөгө атаандашып роль талашкан эмесмин. «Мага берчи» деп сураганга да дитим барбайт. Кадимкидей кастингге келем, кээде сынакка жетпей эле өзүмө туура келбесе кетип калам.

– Гонорар жагын эске аласызбы?
-Гонорар мен үчүн аткарган ролумдан кийинки, экинчи орунда турат. Орустун бир актёрунун айтканы бар, «акча жок болот, уят калат» деген. Сахнадабы, тасмадабы, жараткан ролум эки мүнөттүк болсо да эл алдында уят болбой татыктуу ойноо – эң негизги принцибим. «Кичинекей роль болбойт, кичинекей актёр болот» деген таамай айтылган сөз.

– Көтөрүлүп, өзүңүздү өңгөдөн өйдө сезген учур болгонбу?
-Андай нерсе жаш кезде болсо болгондур, бирок эсимде жок. Азыр өзүмдү-өзүм тарбиялап, тилимди басып, боюмду кичирейтип келем.

– Актёрлуктан сырткары дагы эмне менен алектенесиз?
-Кээде айрымдардын жакшылыктарын башкарып тамадалык кылам. Тамадалыкты актёрлуктан да оор деп эсептейм. Кобзондун «дасторкон үстүндө бир нерсени ойнош кыйын» деп айтканында 100 пайыз чындык бар. Тамак жеп, шарап ичип отурган адамдардын көңүлүн буруш өтө кыйын. Ошондуктан эч кимди таарынтпаганга, өйдө-төмөн сөз болсо көңүл бөлбөгөнгө аракет кылып, ишимди так аткарууга болгон күчүмдү жумшайм.

– Өзүңүздү колунан келген, бактылуу, жолу ачык адаммын деп эсептейсизби?
-Шүгүр. Бардыгына ыраазымын. Жолдуу эле жигитмин. Менин бактым – үй-бүлөм, жакшы адамдардын кичине болсо да сыйына ээ болгонум. Бардык нерсенин менде кичинеден болгонуна тобо. Ошону чоңойтуп алыш өзүмдүн колумда.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз...
-Келинчегим Сайрагүл Эсенбаева Казармандын кызы. Тектүү үй-бүлөдөн. Сайрагүл экөөбүз 1988-жылдары таанышканбыз. Ал Москвада, мен Ленинградда окудук. Окуубузду бүткөн соң Арсен Өмүралиев атындагы шаардык драма театрында чогуу иштеп калдык. Ошол жылдары ортобузда сүйүү пайда болуп, 1997-жылы баш коштук. Өзүңөр билгендей, Жамал Сейдакматова түптөгөн «Тунгуч» театрында да иштедик. Анан Орус драма театрындагылардын чакыруусу менен келип, 2009-жылдан бери ошол жерде иштейбиз. Ортобузда үч бала бар. Улуубуз Карина «Айчүрөк» кыргыз-түрк кыздар лицейинде 8-класста окуйт. Экинчибиз Эрбол 5 жашта. Кичүүбүз Аннур экиге чыкты.

– Жаңы тартылган «Мурас сыры» тасмасында бир туугандарыңыздын баары оор басырыктуу экен. Сиз аз убакыттын ичинде көп акча тапкысы келген жеңил ойлуу адамдын образын жаратыпсыз. Турмушта мүнөзүңүз кандай?
-Ар кандай. Жоош болчу учурда жоош болом, тартынчу кезде тартынам, шуулдаш керек болсо шуулдайм. Кыскасы, кырдаалга жараша көп кырдуу мүнөз күтөм.

– Баңгизатын колдонуп көрдүңүз беле?
-Колдонгом. Аскерде Томск шаарында Стройбат деген ат менен таанымал болгон жерде кызмат өтөгөм. Кыргызча Аскердик курулуш батальону деп айтылат. Ал жерге Кудайдан жөө качкандар барат экен. Мен тиякка барам десем боюм жетпейт, биякка десем да бир кемчилигим чыгат. Ошентип, Стройбатка туш болгом. Ал жер жөнүндө китептен окуп, маалымат алган элем. Мына ошол жерден көп нерсени башымдан өткөрдүм. Баңгизатын колдондум, мушташтым, кулагым сынды, бетим толгон айдай топтомолок болуп да шишиди.

– Бир эле жолу колдондуңузбу?
-Ооба, бир жолу эле даамын таттым да, кой дедим. Эрким күчтүү, жеңип кетти. Сизге бир окуя айтып берейин. Акылманга бир адам келип, «мен сизге шакирт болгум келет» дейт экен. Акылман «эмнең менен мага шакирт болууга татыктуусуң?» десе, «туулгандан татыктуумун» деген. «Анда кылбаган нерсеңдин баарын кылып, ичип, чегип, уурдап, үч айдан кийин кел» деп кетирет. Арадан 13 жыл өткөн соң эшик тыкылдайт. Ачса, баягы шакирт болом деген киши сакалы өскөн, картая түшкөн. Ошондо «эми билгениңден, көргөнүңдөн баш тарт» дептир акылман тигиге. Муну менен эмне айткым келип жатат? Бир жолу даамын татып, андан ары улантып кетиш оңой, бирок андан баш тартыш кыйын. Актёр болгондон кийин баарын ичип, чегип, колдонуш керек, антпесе сахнада жасалма болуп калат. Учурда ичпейм, аллергиям бар. Чылым чеккенди да аскерден үйрөнүп келген элем, таштаганыма он жыл болду.

– Бир күйөрманыңыз сизди «Аталар керээзи» тасмасынан улам сүйүп калганын, анан толуп кеткениңизди көргөндөн кийин сыйлап калганын жазыптыр. Формаңызга көңүл буруп турасызбы?
-Жок. Актёрлор ролго жараша бирде толуп, бирде арыктап турабыз. Мисалы, «Аталар керээзинде» 15 килограмм арыктагам. Андан сырткары кинонун өзүнүн фокусу бар. Адамды семиртип, арыктатып же боюн чоңойтуп коёт.

– Сизди беш маал намаз окуган такыба дешет, ошол чынбы?
-Оозуңда бардыр. Жакын арада, балким, чындап эле окуп калат чыгармын. Азыр беш маал намаз окубайм, бирок ниетимде бар. Ошентсе да Сайрагүл экөөбүз бейшемби күнү дайыма жыт чыгарып, өтүп кеткен ата-бабаларыбызга куран түшүрүп турабыз.

– «Ээнсиреген үй» фильминдеги Султандын ролун жаратыш жан дүйнөңүзгө кыйынчылык алып келген жокпу?
-Ал ролго Нурбек Эген «бир айылды кармап турган адамдын образы жаралышы керек. Сен ушуга ылайыктуусуң» дегенинен катышкам. Азыр андай ролдордон баш тарта баштадым.

– Эмнеге?
-Эми анын мага кызыгы жок. Анын үстүнө эл ичинде «бул дайыма ушундай тасмага тартылат» деген сөз калат. Баш тартканымдын дагы бир себеби, артымдан жаман сөз айтылбаса экен деп алдын ала чара көргөнүм. Чара көрө баштаганым менен кеч да болуп калдыбы дейм. Анткени андай сөздөрдү кулагым чалып калып жатат.

– Кызыгы жок дегенди кандай түшүнсөк болот?
-Эротикалык эпизодду ойнодум, эми кайталоонун кажети жок. Жалгыз эле мындай роль эмес, башка образдарымды деле кайталоодон качам.

– Султандын образын туугандарыңыз, тааныгандар кандай кабыл алышты?
-Досторум эле тамашалап тийишип калышпаса, баары билет, менин турмушта андай эмес экенимди. Кадимки эле тасмадагы каарман катары кабыл алышты.

– Сизге келип сүйүүсүн арнаган күйөрмандарыңызга эмне деп жооп кайтарасыз?
-Иренжитип албаганга аракеттенем. Бирок сүйүүсүн ачык айткандар боло элек. Мен сахнада башка, жашоодо башкамын.

– Кол көтөрүп катуу кеткен учур кездешеби?
-Мурда тил чоркок болуп, колум иштеп кетчү. Ичип-жебей туруп эле мушташып кетер элем. Көбүнчө эзмелер ошол абалга жеткиришчү. Азыр сөз менен катуу талашка түшүп кызаңдап алышым мүмкүн. Бирок менден кетсе кызуусунда дароо кечирим сурап, ошол окуяны унутта калтырам.

– Азыркы кыргыз кинолорун көрөсүзбү? Сиздин бааңыз?
-Көрөм. Көргөндө да калтырбай көрөм. Оюм түзүк. Бизде жылына жүзгө жакын кино тартылат деп жатышат. Ошонун ичинен жок дегенде эки-үчөө классика катары кийинки муунга калса, аны биздин жетишкендик деп эсептейм. Улуу режиссёрлор менен сүйлөшкөнүмдө алар да ушундай ойлорун айтып, илгери деле ушундай болчу дешти.

– Сизди карап туруп, кичине кезинде жоош болсо керек деген ойго такалып жатам...
-Жаңылышасыз. Төрт бир туугандын эң кичүүсүмүн. Улуубуз кыз, кийинки үчөөбүз тең эркек. Үйдүн көкүрөк күчүгү болгондуктан, ата-энемдин эркеси да, тентеги да элем. Ысык-Ата районуна караштуу Чоң-Далы айылында 1971-жылы туулуп, ошол айылдын мектебин бүткөм. Атам Аскарбек аскер адамы, апам Бүбүмайрам айыл чарба кызматкери болгон. Азыр ойлосом, башка теңтуштарым учкуч, дарыгер, мугалим болом дешсе, мен ошондо эле актёрлукка ыктап, көркөм адабиятка кызыкчу экем. Актёрдун жашоодо болбосо да сахнада бардык кесиптин ээси болуу мүмкүнчүлүгү бар да.

– Рахмат маегиңизге, бар болуңуз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
venchik
2013-04-15 11:52:57
Болот Тентимишов актердукту катырат да. Озгочо мага, "Ээнсиреген үй" тасмасындагы "Асеель, эркееем, тойго даярдык кандай?" деген сөзү аябай жаккан.
0
best-life
2013-04-15 12:02:05
Баягы койду касапчы сойсун деген макал ушул актерго жарашат менимче. Баардык кинолордогу ролун ийине жеткирип аткарган.М: Б.Тентимшов аткарган ролдорду башка бироо аткарганын элестете албайм. Кыргыздын кокурок кагып сыймыктанчуу актерлору саналуу жана алардын бири Б.Тентимишов.
0
sterva
2013-04-15 16:03:10
best-life, даа тууура жаздын, оюна кошулам.
0
meerimka86
2013-04-15 14:24:06
Талантту актер!Уй булонузго бакыт,ишинизге ийгилик!
0
Kg.lady
2013-04-15 16:52:46
Жубайы экоонун Куурчактардын ролун ойногону аябай жагатда, тимеле. тируу куурчакты коргондой болосун.;)
0
nurbek_posol
2013-04-15 22:54:34
Kg.lady, Мен да бир жолу Тунгуч театрынынын концертине кирип калып, Болот Тентимишевдин талантына "ТАН" бергем. Аябай таланттуу актер.Жалан ийгиликтерди каалаймын!
0
meriyanna
2013-04-16 14:31:51
Ооба,таланттуу,акылдуу актер!Берген интервьюсунда да,канчалык денгээлде интеллектке ээ экени дароо корунуп турат...Уй-булосуно бакыт каалайм.Аталар керээзинин да режисеру Нурбек Эген да,корогоч режисер адашпаган,эки мыкты,кымбат фильимине башкы каарманды тандоодо.Бул эки улуу инсандарга таазим жана сыймыктануу м.н караганга акыбыз бар,а сындаганга эмес!Супер инфого рахмат,таарынып жургон актердун таарынычын жазып,бизге окшогон куйормандары ыраазы!
0
Айпери Сыдыкова
2013-04-17 15:41:05
Sonun akter.
0
sasik
2013-04-18 18:08:30
Ошол ээнсиреген уйго эч тушунбойм аягына.Ошондо Асел жолдо эле олуп калабы? Балким "Ээнсиреген уй 2"деп чыгаттыр. Аселдин баласы чонойгуча Асел кайра издеп келеттир, окуноттур балким баласын сатканына.......силер кандай ойлойсунар
0
Merin
2013-04-19 09:40:36
sasik, жок олбойт кафеде бир жерде ырчы болуп калатмеспи...
0
№ 545, 12-18-апрель, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан