Кийинки учурларда бизде кино жааты жакшы өнүгүп, мээбизди чет элдин кинолоруна сугарбай, өзүбүздүн тасмаларды көрүп калдык. Кээ бирлерибиз сериалдар менен «ооруп», каарман ыйласа кошо ыйлап, күлсө жылмайган учур көп эле болорун тана албайбыз. Кыргыздын алгачкы сериалдарынын бири «Апамдын махабатында» Керээздин ролун жараткан Мээрим учурда...
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Зындан айылы
Туулган жылы, күнү – 1979-жыл, 23-апрель
Тартылган тасмалары – «Айыл өкмөтү», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты» жана башка
Билими – Ыбрай Туманов атындагы Каракол музыкалык окуу жайынын кыл кыяк бөлүмүн, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёр жана кино факультетин аяктаган
Учурда – Үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси. Талас облустук драма театрында эмгектенет
– Мээрим, бала чагыңыз кайсы жерде өткөн?
-Мен төрөлгөндөн кийин ата-энем Зындан айылынан Ак-Суу айылына көчүп келишип, бала чагым ошол айылда өткөн. Кичине чагымда эле шок кыз болчумун. Атамдын колуна суу куюп берип, «ата, мага «атактуу актриса бол» деп бата берчи» деп жанынан кетчү эмесмин. Атам бата бермейинче менден кутулчу эмес. Үй-бүлөдө беш бир туугандын ортончусу болсом да, эң эркесимин. Үй-бүлөбүз менен музыкага жакын адамдарбыз. Атам музыкант, композитор, жүздөн ашуун күүлөрдүн жаратуучусу. Апамдын кесиби медицина тармагы болгону менен, ыр жандуу, тойлордо ырдап калат. Эжем бийчи, атайын окуучуларга бий ийримдерин өтөт. Сиңдим дастан айтат, иним чоорчу. Мен мектепти бүтүп, Каракол шаарынан Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынан кыл кыяк боюнча төрт жыл билим алгам. Окуудан тышкары атамдын жардамы менен комузду, ооз комузду үйрөнүп, түрдүү жанрда ырдачумун. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёр жана кино факультетин аяктагам.
– Кино жаатына кантип аралашып калдыңыз?
-Убагында атам актриса болом дегениме карабай музыкалык окуу жайга тапшыртып койгон. Атамдын сөзүнө каршы боло албай, кыл кыяк бөлүмүн аяктаганым менен, баары бир актриса болом деп ак эткенден так этип туруп алчумун. Кийин эңсеген актёр бөлүмүндө окуп жүрүп, анча-мынча драма, пьесаларга катышып жүрдүм. Ошондо «Таттыбүбү эжең 18 жашында эле киного тартылган. Кана, сенин тартылганың?!» дегендер чыккан. «Чын эле качан киного тартылам? Кайдан дагы ушул кесипти тандадым экен?» деп капа болуп кетчүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде «белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров «Айыл өкмөтү» деген киного кастинг жарыялап жатыптыр» деп угуп калдым. Дароо эле барып кастингден өтүп кеттим.
Ошентип, 23 жашымда биринчи жолу «Айыл өкмөтү» тасмасында Айша аттуу кыздын ролун жараткам. Андан кийин «Чиркин өмүр» сериалында кичүү келиндин эпизоддук ролун ойносом, башкы ролум «Апамдын махабаты» деген кинодо болду. Андан тышкары «Юридикалык консультация», «Женщина Кыргызстана» деген кинолорго, анча-мынча клиптерге да тартылып калдым.
– Керээздин ролуна кантип тартылып калдыңыз?
-Бир аз ошол чөйрөдө жүрүп таанылып калгандыктан, «Апамдын махабатына» мени чакырышкан. Ошол ролумдан кийин айрым окуялар башымдан өттү. Көчөдө кетип баратсаң, кээ бирөө сөөмөйүн көрсөтүп «мобу баягы агайынан боюнда болуп калган кыз» деп каткырып калышчу. Жөнөкөй эле бир мисал айта кетейин. «Апамдын махабаты» популярдуу болуп турган кезде мен студент элем. Бир күнү группалаш кызым менен батирге чогуу чыктык. Группалашымдын бөлөсү дагы биз менен бирге жашап калды. Анан ал таенесине «актриса кыз менен чогуу жашап жатам» деп айтып барыптыр. Анда таенеси «агайынан боозуп, бузулган кыз менен жашабайсың, сен дагы бузулуп кетесиң» деп урушуп, ал кызды батирден чыгарып кеткен. Бирок ошол эле учурда «жолуң ачылсын» деп ак батасын бергендер да болду.
– Тасма тартуу учурунда дагы кыйынчылыктар арбын кездешкендир?
-Кинодо караңгыда көлдөн тартылчу эпизоддор көп эле. Асман караңгы болгондо көл дагы капкара болуп абдан сүрдүү көрүнгөндүктөн, суунун ичине киргенден коркком. Режиссёр «кир» деп кыйкырганда көлдүн жээгине араң киргем. Анын үстүнө түнкү саат 3кө чейин съёмка болуп, чиркейлер талап, өзүбүз жука көйнөкчөн тоңуп калганбыз. Биринчи дубль жарабай калса, экинчисине суу көйнөгүбүздү сыгып, арактан денебизге сүйкөп алып кайра сууга кирчүбүз. Эртеси күнү баш көтөрө албай ооруп калгам.
– Театр дүйнөсүн кантип сүрөттөөр элеңиз?
-Студент кезимде театр десе эле кумарым күч болчу. Кийин чыгармачылык чөйрөгө аралашып, аздыр-көптүр театр дүйнөсүн баамдап калдым. Көрсө, театр чоң океан сымал экен. Ал жерде акула, кит, эч зыяны жок жөнөкөй балыгы да, колунан көп нерсе келбеген чабактары да бар экен.
– Келечекте кандай роль жараткыңыз келет жана кайсы кадрдан баш тартар элеңиз?
-Ачык тасмаларда роль жаратууга көп жолу сунуш түшкөн. Бирок мен андай тасмаларга эч качан түшпөйм. Анткени биздин менталитетке туура келбейт. Аткара да албайм, бирок аткаргандарга дагы сын айта албайм. Келечекте Каныкей апабыздын, Кыз Сайкалдын, Уркуя Салиеванын образын жараткым келет.
– Маегибизди үй-бүлөңүз менен таанышып жыйынтыктайлы...
-Жолдошум маданият кызматкери. Атагы алыска кетпесе да, өз ишин билген актёр Нурлан Эржанов. Мен Ысык-Көлдөн, жолдошум Нарындан болгонуна карабастан, жумуштун аркасынан Талас облусуна жаңы театр ачып, учурда Талас облустук музыкалык драма театрында эмгектенип келебиз. Беш жаштагы кызыбыз бар. Кичине болсо да менин биринчи күйөрманым, сындоочум. «Апа, мындай кылсаң болмок, мындай нерсени көп кылсаң сага жарашат» деп айтып турат.
– Маегиңизге рахмат!
Айзат Анарбекова
star@super.kg